Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Ар кандай тилдерде сүйлөө жана пайгамбарчылык кылуу

    14:1 Сүйүүгө жетүүгө аракеттенгиле, рухий жөндөмдүүлүктөргө, айрыкча пайгамбарчылык кылууга, умтулгула.

    14:2 Ар кандай тилдерде сүйлөгөн адам адамдарга эмес, Кудайга сүйлөп жатат. Анткени аны үч ким түшүнгөн жок, ал сырларды руху менен айтып жатат.

    14:3 Ал эми пайгамбарчылык кылган адам бекемдейт, акыл-насаат айтат, сооротот.

    14:4 Ар кандай тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдейт, ал эми пайгамбарчылык кылган адам Жыйынды бекемдейт.

    14:5 Ар кандай тилдерде баарыңардын эле сүйлөшүңөрдү каалайм, бирок ага караганда пайгамбарчылык кылганыңар жакшы. Ар кандай тилдерде сүйлөгөнгө караганда, пайгамбарчылык кылган жакшы. Сүйлөгөнүн которуп түшүндүрүп бербесе, Жыйындын бекемделиши үчүн, пайгамбарчылык кылганы жакшы.

    14:6 Бир туугандар, мен силерге барып алып, ар кандай тилдерде сүйлөсөм, бирок менин айткандарымдан же ачылыш албасаңар, же бир нерсени таанып билбесеңер, же пайгамбарчылык укпасаңар, же насаат албасаңар, мен силерге кандай пайда келтирген болом?

    14:7 Єн чыгарган чоор же гусли сыяктуу жансыз буюмдардын ар бири ар башка эн чыгарбаса, алардын үнүн кантип ажыратмак элек?

    14:8 Сурнай белгисиз эле бир эн чыгарып жатса, согушка ким даярданмак эле?

    14:9 Ошол сыяктуу эле, эгерде силер түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп жатсаңар, эмнени айтып жатканыңарды кантип билишет? Сүйлөгөнүңөр ооздун жели эле болуп калат.

    14:10 Дүйнөдө ар кандай сөздөр бар, ар бир сөздүн мааниси бар.

    14:11 үгерде мен сүйлөп жаткан адамдын сөзүнүн маанисин түшүнбөсөм, мен ал адам үчүн чет өлкөлүкмүн, ал адам мен үчүн чет өлкөлүк.

    14:12 Бул рухий жөндөмдүүлүктөргө умтулуп жаткан силерге да тиешелүү. Жыйындын бекемделиши үчүн, жөндөмдүүлүктөргө бай болууга аракет кылгыла.

    14:13 Ошондуктан ар кандай тилдерде сыйынган адам которуп берүү жөндөмдүүлүгүн да сурап сыйынсын.

    14:14 Анткени ар кандай тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, акылым жемишсиз калат.

    14:15 Анда эмне кылыш керек? Рухум менен да сыйынам, акылым менен да сыйынам. Рухум менен да ырдайм, акылым менен да ырдайм.

    14:16 үгерде сен рухуң менен Кудайга ыраазычылык билдирип жатсаң, эмнени айтып жатканыңды түшүнбөгөн адам сен ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, кантип «Оомийин» демек эле? Анткени ал сенин эмнени айтканыңды түшүнгөн жок.

    14:17 Сен Кудайга канчалык жакшы ыраазычылык билдирсең да, бул аркылуу башка бирөөнүн ишеними бекемделбейт.

    14:18 Кудайга ыраазымын, ар кандай тилдерде мен баарыңардан көбүрөөк сүйлөйм.

    14:19 Бирок Жыйында ар кандай тилдерде көп сөз айткыча, башкалар насаат алышы үчүн, акылым менен беш сөз айтканым жакшы.

    14:20 Бир туугандар, акылыңар жаш баланыкындай болбосун. Жамандыкка карата жаш баладай болгула, бирок акылыңар жетик болсун.

    14:21 Мыйзамда мындай деп жазылган: «“Бул элге башка тилдер менен башкалардын оозу аркылуу сүйлөсөм да, булар Мени угушпайт”, – дейт Теңир».

    14:22 Ошентип, ар кандай тилдерде сүйлөө – Теңирге ишенгендер үчүн эмес, Теңирге ишенбегендер үчүн жышаан. Пайгамбарчылык кылуу – Теңирге ишенбегендер үчүн эмес, Теңирге ишенгендер үчүн жышаан.

    14:23 Жыйындагылардын баары чогулуп алып, ар кандай тилдерде сүйлөп жатышканда, муну билбеген же Теңирге ишенбеген адам келип калса, «Буларга жин тийгенби» дебес бекен?

    14:24 Баарыңар пайгамбарчылык кылып жатканыңарда, араңарга Теңирге ишенбеген же муну билбеген адам келсе, ал силер аркылуу ашкереленет, соттолот.

    14:25 Анын жүрөгүндөгү жашыруун ойлору ачыкка чыгат. Ошондо ал жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, чын эле, силер менен экен», – деп, Кудайга таазим кылат.

    14:26 Бир туугандар, чогулганыңарда рухий ырлардан ырдайсыңар, насаат айтасыңар, алган ачылышыңар менен бөлүшөсүңөр, ар кандай тилдерде сүйлөйсүңөр, аны которуп түшүндүрүп бересиңер, бирок мунун баары Жыйындын бекемделиши үчүн болсун.

    14:27 Кимдер ар кандай тилдерде сүйлөсө, алардын экөөсү, ашып кетсе эчөөсү кезектешип, биринин артынан бири сүйлөсүн, бири аны которуп түшүндүрүп берсин.

    14:28 үгерде которуп түшүндүрүп берүүчү адам жок болсо, ал Жыйында унчукпай эле койсун, өзү үчүн сүйлөсүн, Кудайга сүйлөсүн.

    14:29 Ошондой эле эки же үч пайгамбар сүйлөсүн, угуп отургандар алардын айткандары жөнүндө ойлонушсун.

    14:30 үгерде угуп отургандардын бири ошол убакта ачылыш алса, сүйлөп жаткан адам ачылыш алган адамга сөз берсин.

    14:31 Баарыңар эйрөнүп, баарыңар соороно алышыңар үчүн, кезек менен пайгамбарчылык кылсаңар болот.

    14:32 Пайгамбарчылык руху пайгамбарларды угат.

    14:33 Анткени Кудай тартипсиздикти эмес, тынчтыкты каалайт.

    14:34 Ыйыктардын бардык Жыйындарындагыдай эле Жыйында аялдарыңар унчугушпасын, анткени аларга сүйлөөгө уруксат берилген эмес. Алар мыйзамда айтылгандай баш ийишсин.

    14:35 үгерде алар бир нерсени эйрөнгүсү келсе, үйүнө барганда, күйөөсүнөн сурап алсын. Аял кишинин Жыйында сүйлөгөнү уят.

    14:36 Кудай Сөзү силерден чыкты беле? Кудай Сөзү жалгыз силерге жетти беле?

    14:37 Ким өзүн пайгамбармын же рухий адаммын деп эсептесе, силерге жазгандарым Теңирдин осуяты экендигин билип койсун.

    14:38 Билгиси келбеген адам билбей эле койсун.

    14:39 Ошентип, бир туугандарым, пайгамбарчылык кылууга умтулгула, бирок ар кандай тилдерде сүйлөөгө тыюу салбагыла.

    14:40 Бирок баары өз орду, өз тартиби менен болсун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск