Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Жаробамдын уулунун өлүшү

    14:1 Ошол убакта Жаробамдын уулу Абия ооруп калды.

    14:2 Жаробам аялына мындай деди: «Тур, менин аялым экениңди тааный албагыдай болуп кийин да, Шилого жөнө. Ал жерде Акия деген пайгамбар бар. Ал менин ушул элге падыша болорумду алдын ала айткан.

    14:3 Он нан, бир нече токоч, бир кумура бал алып, ага баргын. Ал сага баланын эмне болорун айтат».

    14:4 Жаробамдын аялы ошондой кылды. Турду да, Шилого бет алып, Акиянын үйүнө келди. Акия карып, көзү көрбөй калган эле.

    14:5 Ошондо Теңир Акияга: «Сага Жаробамдын аялы уулу жөнүндө сураганы келе жатат, анткени ал ооруп жатат. Ага ушундай, ушундай деп айт. Ал башкача кийинип келет», – деди.

    14:6 Аял эшиктен киргенде, Акия анын баскан кадамынын дабышын угуп, мындай деди: «Кир, Жаробамдын аялы. Башкача кийингениңе эмне себеп болду? Менин сага айта турган жаман кабарым бар.

    14:7 Жаробамга барып айт: Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени жөнөкөй элдин арасынан көтөрүп, өзүмдүн Ысрайыл элиме жол башчы койгом.

    14:8 Дөөттүн тукумунан падышачылыкты тартып алып, аны сага бердим. Сен болсо Менин осуяттарымды аткарган, Менин алдымда Мага жаккан гана иштерди кылып, Мени чын жүрөгү менен эүрчиген кулум Дөөттөй болгон жоксуң.

    14:9 Сен өзүңдөн мурункулардын баарынан жаман иш кылдың. Мени четке кагып, өзүңө моло таштарды жана жасалма кудайларды жасап, Мени каарданттың.

    14:10 Бул үчүн Мен Жаробамдын тукумуна каран түн түшүрөм, Жаробамдын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, эркиндиктегилерин да кырам, таштандыны шыпыргандай, Жаробамдын тукумун да шыпырып салам.

    14:11 Шаарда Жаробамдын тукумунан кимиси өлсө да, аны иттер жейт, талаада өлгөндөрүн асман куштары чокуп жейт”. Анткени Теңир ушинтип айтты.

    14:12 Тур, үйүңө бар, шаарга кирериң менен балаң өлөт.

    14:13 Бүт Ысрайыл аза күтүп, аны көргө коёт, анткени Жаробамдын тукумунан ошол гана көргө кирет. Анткени андан, Жаробамдын тукумунан Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында жакшы нерсе табылды.

    14:14 Теңир Ысрайылга падыша коёт, ал Жаробамдын ушул күнү төрөлгөн тукумун да, кийин төрөлгөн тукумун да жок кылат. Бул абдан жакын калды.

    14:15 Теңир Ысрайылды талкалайт, ал сууда термелген камыштай болот, ата-бабаларына берген бул асыл жерден ысрайылдыктарды алып ыргытат, өздөрүнө буркандарды жасап, Теңирди каардантышкандыгы үчүн, аларды дарыядан ары чачыратат.

    14:16 Жаробамдын кылган күнөөлөрү үчүн жана ал өз күнөөлөрү менен бүт Ысрайылды күнөөгө батыргандыгы үчүн Теңир Ысрайылды таштап салат».

    14:17 Жаробамдын аялы туруп, үйүн көздөй бет алып, Тирса шаарына келди. Ал үйүнүн босогосун жаңы гана аттаганда, баласы өлүп калды.

    14:18 Теңирдин өз кулу Акия пайгамбар аркылуу айткан сөзү боюнча бүт Ысрайыл аза күтүп, аны көргө койду.

    Жаробамдын өлүшү

    14:19 Жаробамдын кандай согуш жүргүзүп, кандай падышачылык кылганы жана башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    14:20 Жаробам жыйырма эки жыл падышачылык кылды. Ал ата-бабаларына кошулду, анын ордуна уулу Надап такка отурду.

    Рехабам – Жүйүт падышасы

    14:21 Сулаймандын уулу Рехабам Жүйүт жеринде падышачылык кылды. Теңир өзүнүн ысымы болуп турушу үчүн Ысрайыл урууларынын ичинен тандап алган Иерусалим шаарында Рехабам он жети жыл падышачылык кылды. Ал такка отурган кезде кырк бир жашта эле. Анын энеси Наама деген амондук аял эле.

    14:22 Жүйүт Теңирге жакпаган иштерди кылып, ата-бабаларынан көбүрөөк күнөө кылып, Теңирди каардантты.

    14:23 Алар ар кандай бийик жерлерге, көлөкөлүү дарактардын астына бутканаларды куруп, балбалдарды, Ашейра бурканын орнотушту.

    14:24 Ушул жерде бузулгандар да бар эле, алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан элдердин бардык жийиркеничтүү иштерин жасашчу.

    14:25 Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылы Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кол салып,

    14:26 Теңир үйүндөгү, падыша сарайындагы асыл буюмдардын баарын алды. Сулайман жасаган алтын калкандарды да алды.

    14:27 Рехабам падыша алардын ордуна жезден калкандарды жасап, аларды падыша сарайын кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.

    14:28 Падыша Теңир үйүнө бара жатканда, аларды сакчылар көтөрүп алышчу, анан кайра сакчылар үйүнө алып барып коюшчу.

    14:29 Рехабам жөнүндө жана анын бүт иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    14:30 Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.

    14:31 Рехабам өлүп, ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду. Анын энеси Наама деген амондук аял эле. Анын ордуна уулу Абиям такка отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск