Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Пайгамбардын Жаробамды ашкерелеши

    13:1 Жаробам курмандык чалынуучу жайдын жанына туруп, жыпар жыттуу зат түтөткөнү жатканда, Теңирдин сөзү боюнча Жүйүт жеринен Бейтелге Кудайдын кишиси келди.

    13:2 Ал Теңирдин сөзүн жарыя кылып, курмандык чалынуучу жайга мындай деди: «Курмандык чалынуучу жай, курмандык чалынуучу жай! Теңир мындай дейт: “Дөөттүн тукумунан Жошия деген уул төрөлөт, ал сенин үстүңдө жыпар жыттуу зат түтөткөн буткана кызматчыларын сенин үстүңдө курмандыкка чалып, сенин үстүңдө адамдардын сөөктөрүн өрттөйт”.

    13:3 Бул сөздү Теңир айтканын мына бул жышаан далилдейт: бул курмандык чалынуучу жай урайт, үстүндөгү күлү чачылат», – деп, ошол күнү жышаан берди.

    13:4 Падыша Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайга сүйлөгөн Кудайдын кишисинин сөзүн укканда, Жаробам курмандык чалынуучу жайдан колун сунуп: «Аны кармагыла», – деди. Ошондо анын сунган колу сенейип катып калды, ал колун өзүнө тарта албай койду.

    13:5 Курмандык чалынуучу жай урап, үстүндөгү күлү Теңирдин сөзү боюнча, Кудайдын кишиси көрсөткөн белги боюнча чачылды.

    13:6 Ошондо падыша Кудайдын кишисине: «Колу калыбыңа келсин деп, Кудай-Теңириңе жалынып сыйын», – деди. Кудайдын кишиси Теңирге жалынды. Падышанын колу калыбына келип, мурункусундай болуп калды.

    13:7 Падыша Кудайдын кишисине: «Мени менен эйгө кирип, тамак ичип, кубаттанып ал, мен сага белек берем», – деди.

    13:8 Бирок Кудайдын кишиси падышага мындай деди: «Мага үйүңдүн жарымын берсең да, сени менен барбайм, бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм.

    13:9 Анткени: “Ал жерден нан да жебе, суу да ичпе, өзүң барган жол менен кайтып келбе”, – деп, Теңир мага буйрук берген».

    13:10 Ал башка жол менен кетти, Бейтелге келген жолу менен кайткан жок.

    13:11 Бейтелде бир кары пайгамбар жашачу. Баласы келип, ага Кудайдын кишисинин Бейтелде кылган иштерин айтып берди. Анын падышага айткан сөздөрүн да балдары атасына айтып беришти.

    13:12 Ошондо атасы алардан: «Ал кайсы жол менен кетти?» – деп сурады. Балдары ага Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишисинин кайсы жол менен кеткенин көрсөтүп беришти.

    13:13 Ал балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле», – деди. Алар эшекти токуп беришти, ал эшекке минди.

    13:14 Ал Кудайдын кишисинин артынан барып, аны эмен дарагынын түбүндө отурган жеринен таап, мындай деди: «Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишиси сенсиңби?» Ал: «Менмин», – деди.

    13:15 Тиги: «Менин үйүмө кирип, нан же», –деди.

    13:16 Ал мындай деди: «Мен артка кайрылып, сеникине бара албайм. Бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм.

    13:17 Анткени Теңир мага: “Ал жерде нан да жебе, суу да ичпе, барган жолуң менен кайра келбе”, – деп айткан».

    13:18 Ошондо ал ага мындай деди: «Мен деле сендей пайгамбармын, периште мага Теңирдин сөзүн айткан: “Аны үйүңө кайрып кел. Нан жеп, суу ичип алсын”». Бирок ал калп айтып койду.

    13:19 Тигил аны менен кайрылып келди, анын үйүнөн нан жеп, суу ичти.

    13:20 Алар дасторкондо отурушканда эле, аны артка кайрып келген пайгамбарга Теңирден сөз болду.

    13:21 Ал Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишисине мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Теңирдин сөзүнө моюн сунбаганың үчүн, Кудай-Теңириңдин "Нан да жебе, суу да ичпе" деген буйругун аткарбай,

    13:22 кайрылып келип, ал жерде суу ичип, нан жегениң үчүн, сөөгүң ата-бабаларыңдын мүрзөсүнө коюлбайт”».

    13:23 Жолунан кайрылып келген пайгамбар нан жеп, суу ичкенден кийин, кары пайгамбар ага эшек токуп берди.

    13:24 Ал жолуна түштү. Жолунан арстан чыгып, аны өлтүрүп салды. Анын өлүгү жолдо жатты. эшек менен арстан болсо өлүктүн жанында турду.

    13:25 Жолдо жаткан өлүктү жана анын жанында турган арстанды алардын жанынан өткөн кишилер көрүшүп, кары пайгамбар жашаган шаарга келип айтышты.

    13:26 Аны жолдон кайрып келген пайгамбар муну угуп: «Ал – Теңирдин сөзүнө моюн сунбаган Кудайдын кишиси. Ага айтылган Теңирдин сөзү боюнча Теңир аны арстанга салып берди, арстан аны жара тартып өлтүрдү», – деди.

    13:27 Анан балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле», – деди. Алар токуп беришти.

    13:28 Ал барып, анын жолдо жаткан өлүгүн тапты. эшек менен арстан өлүктүн жанында турган экен. Арстан өлүктү жебептир, эшекти да жара тартпаптыр.

    13:29 Пайгамбар Кудайдын кишисинин өлүгүн көтөрүп, эшекке артып, алып кетти. Аза күтүп көргө коюш үчүн, кары пайгамбар аны өз шаарына алып кетти.

    13:30 Анын өлүгүн өз мүрзөсүнө коюп: «Оо, бир боорум ай!» – деп ыйлады.

    13:31 Аны көргө койгондон кийин, ал өз балдарына мындай деди: «Мен өлгөндө, мени Кудайдын кишиси коюлган мүрзөгө койгула. Менин сөөгүмдү анын сөөгүнүн жанына койгула.

    13:32 Анткени анын Бейтелдеги курмандык чалынуучу жай жөнүндө жана Самария шаарларындагы бийик жерлерде турган бутканалар жөнүндө Теңирдин буйругу боюнча айткан сөзү орундалат».

    Жаробамдын жаман иштерин улантышы

    13:33 Ушул окуядан кийин да Жаробам өзүнүн жаман жолунан кайткан жок, бийик жерлердеги бутканаларга элден ыйык кызмат кылуучуларды коюуну уланта берди. Ким кааласа, ал аны буткана кызматчысы кылып дайындачу, ал буткана кызматчысы болуп калчу.

    13:34 Бул Жаробамдын тукумунун күнөөгө батуусуна, өлүшүнө, жер бетинен кырылып жок болуусуна себеп болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск