Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Абиям – Жүйүт падышасы

    15:1 Небат уулу Жаробамдын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Абиям жүйүттөргө падыша болду.

    15:2 Ал Иерусалимде үч жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Мааха эле, ал Абышаломдун кызы болчу.

    15:3 Ал атасы кылган күнөөлөрдүн баарын кылды, атасы Дөөттүн жүрөгү берилгендей, анын жүрөгү Кудай-Теңирине берилген жок.

    15:4 Бирок Дөөт өлгөндөн кийин, ордуна уулун көтөрүп, Иерусалимди душмандардан коргош үчүн, Дөөт үчүн анын Кудай-Теңири ага Иерусалимде чырак берди.

    15:5 Себеби хеттик Урийге кылганын эске албаганда, Дөөт өмүрү өткөнчө Теңирдин осуяттарынын биринен да четтебей, Теңирге жаккан иштерди кылган.

    15:6 Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.

    15:7 Абиямдын башка бардык иштери Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган. Абиям менен Жаробамдын ортосунда согуш болуп турган.

    Аса – Жүйүт падышасы

    15:8 Абиям көз жумуп, аны Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту. Анын ордуна уулу Аса такка отурду.

    15:9 Ысрайылдын падышасы Жаробамдын падышачылыгынын жыйырманчы жылында жүйүттөргө Аса падыша болду.

    15:10 Ал Иерусалимде кырк бир жыл падышачылык кылды. Анын чоң энесинин аты Мааха эле, ал Абышаломдун кызы болчу.

    15:11 Аса атасы Дөөткө окшоп, Теңирдин алдында Теңирге жаккан иштерди кылган.

    15:12 Ал бузулгандарды өлкөдөн кууп, аталары жасаган жасалма кудайларды жок кылды.

    15:13 Ал тургай, ал өз энеси Мааханы Ашейра бурканын жасаганы үчүн, ханышалык наамынан ажыратты. Аса анын бурканын талкалап, өрттөп, күлүн Кидрон суусуна чачып жиберди.

    15:14 Бийик жерлердеги бутканалар жок кылынган жок. Бирок Асанын жүрөгү өмүрү өткөнчө Теңирге толук берилди.

    15:15 Ал атасы жана өзү Теңирге арнаган алтындарды, күмүштөрдү, идиштерди Теңир үйүнө киргизди.

    15:16 Аса менен Ысрайыл падышасы Баашанын ортосунда дайыма согуш болуп турду.

    15:17 Ысрайыл падышасы Бааша Жүйүткө каршы көтөрүлдү. Жүйүт падышасы Асага үч ким өтүп кетпесин деп, ал Рама чебин кура баштады.

    15:18 Аса Теңир үйүндөгү казынада жана падыша сарайындагы казынада калган бардык алтын менен күмүштөрдү алып, кулдарынын колуна берип, Дамаскта жашаган Сирия падышасы Хезиондун уулу, Табримондун уулу Бенадатка жөнөтүп, мындай деп айттырды:

    15:19 «Менин атам менен сенин атаңдын ортосундагыдай, экөөбүздүн ортобузда да тынчтык келишими түзүлсүн. Мен сага алтын менен күмүштөрдү белек кылып берип жибердим. Ысрайыл падышасы Бааша менин жеримден кетиши үчүн, аны менен түзгөн тынчтык келишимиңди буз».

    15:20 Бенадат Аса падышанын тилин алып, өз аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына каршы жөнөтүп, Айынды, Данды, Абел-Бейт-Маакты, Кинроттун тегерегиндеги бүт жерди жана Напталынын бүт жерин талкалады.

    15:21 Бааша бул жөнүндө угуп, Рама чебин курууну токтотуп, Тирсага кайтып келди.

    15:22 Аса падыша болсо үч кимисин калтырбай, бардык жүйүттөрдү чогултту. Алар Бааша курулушка керектеген таштар менен жыгачтарды Рамадан алып чыгышты. Аса падыша аларды алып, Бенжеминдин Гибасын жана Миспаны курду.

    15:23 Асанын башка бардык иштери, анын бардык эрдиктери, ал эмне кылса, ошонун баары, кайсы шаарларды тургузганы Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган. Бирок Ал карыганда бутунан оорукчал болуп калды.

    15:24 Аса көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жошапат тактыга отурду.

    Надап – Ысрайыл падышасы

    15:25 Жүйүт падышасы Асанын падышачылык кылганына эки жыл болгондо, Жаробам уулу Надап Ысрайылга падыша болуп, эки жыл падышачылык кылды.

    15:26 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган атасынын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылды.

    15:27 Надап жана бүт ысрайылдыктар Гиптонду курчап алган учурда, Исахар уруусунан Акия уулу Бааша Надапка каршы чагым уюштуруп, аны пелиштиликтердин Гиптонунун жанында өлтүрдү.

    15:28 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын үчүнчү жылында Бааша Надапты өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

    15:29 Ал такка отурганда, Теңирдин өз кулу шилолук Акия аркылуу айткан сөзү боюнча Жаробамдын бүт тукумун кырып салды, Жаробамдын бир да кишисин тирүү калтырган жок.

    15:30 Бул Жаробамдын өз күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө батыргандыгы үчүн, акарат келтирип Ысрайылдын Кудай-Теңирин каарданткандыгы үчүн болду.

    15:31 Надаптын башка бардык иштери, ал эмне кылса, ошонун баары Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    15:32 Аса менен Ысрайыл падышасы Баашанын ортосунда дайыма согуш болуп турду.

    Бааша – Ысрайыл падышасы

    15:33 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын үчүнчү жылында Акиянын уулу Бааша Тирсада бүт Ысрайылга падыша болуп, жыйырма төрт жыл падышачылык кылды.

    15:34 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск