Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    16:1 Ханани уулу Жейуга Бааша жөнүндө Теңирден сөз болду:

    16:2 «Мен сени жогору көтөрүп, өзүмдүн элим Ысрайылга жол башчы кылдым, сен болсо Жаробамдын жолун жолдоп, Менин элим Ысрайылды күнөөгө батырдың, ал Мени күнөөлөрү менен каардантты.

    16:3 Мен эми Баашаны жана анын тукумун жок кылам, Небат уулу Жаробамдын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам.

    16:4 Шаарда Баашанын кимиси өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт».

    16:5 Баашанын башка бардык иштери жана эрдиктери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    16:6 Бааша ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Тирсага коюлду. Анын ордуна уулу эйла такка отурду.

    16:7 Ханани уулу Жейу аркылуу Бааша жөнүндө, анын тукуму жөнүндө, анын Теңирдин көз алдында кылган бардык жаман иштери жөнүндө, Жаробамдын тукумун туурап, өз колу менен кылган иштери менен Теңирди каарданткандыгы үчүн, Теңир аны өлтүргөндүгү жөнүндө Теңирдин сөзү мурун айтылган эле.

    үйла – Ысрайыл падышасы

    16:8 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма алтынчы жылында Тирсада Ысрайылга Бааша уулу эйла падыша болуп, эки жыл падышачылык кылды.

    16:9 Майдан арабаларынын жарымынын башчысы, кулу Зимри ага каршы чагым уюштурду. эйла Тирсадагы падыша сарайынын башчысы Арсанын үйүндө шарап ичип мас болуп калганда,

    16:10 Зимри кирип, аны сайып өлтүрүп, анын ордуна такка отурду. Бул Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында болду.

    16:11 Ал падыша болуп, анын тагына отургандан кийин, Баашанын бүт тукумун кырып салды, анын бир да эркегин, бир да тууганын, бир да досун тирүү калтырган жок.

    16:12 Жейу пайгамбар аркылуу Бааша жөнүндө айтылган Теңирдин сөзү боюнча Зимри Баашанын бүт тукумун кырып салды.

    16:13 Бул Баашанын жана анын уулу эйланын өз күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө түртүшкөндүгү үчүн, жасалма кудайлары менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин каардантышкандыгы үчүн болду.

    16:14 эйланын башка бардык иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    Зимри – Ысрайыл падышасы

    16:15 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында, Ысрайыл эли пелиштиликтердин Гиптонун курчап жатканда, Зимри такка отуруп, жети күн Тирсада падышачылык кылды.

    16:16 Курчап жаткан Ысрайыл эли Зимринин чагым уюштуруп, падышаны өлтүргөнүн угуп, ошол эле күнү кошуунда Ысрайылга аскер башчы Омрини падыша кылышты.

    16:17 Омри жана бардык ысрайылдыктар Гиптондон артка кайтып келип, Тирсаны курчап алышты.

    16:18 Зимри шаардын басылып алынганын көргөндө, падыша сарайынын ички бөлмөсүнө кирип, от коюп, өрттөнүп өлдү.

    16:19 Ал күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын жолун жолдоп, Теңирге жакпаган иштерди кылгандыгы үчүн өлдү.

    16:20 Зимринин башка иштери жана анын уюштурган чагымы Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    Омри – Ысрайыл падышасы

    16:21 Ошондо Ысрайыл эли экиге бөлүндү: такка отургузуу үчүн, элдин жарымы Гинат уулу Тибни тарапта, жарымы Омри тарапта болду.

    16:22 Омри тараптагы эл Гинат уулу Тибни тараптагы элди жеңди. Тибни өлүп, Омри такка отурду.

    16:23 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын отуз биринчи жылында Ысрайылга Омри падыша болуп, он эки жыл падышачылык кылды. Ал Тирсада алты жыл падышачылык кылды.

    16:24 Омри эки күмүш талантка Шемерден Самария тоосун сатып алып, тоо үстүнө шаар куруп, аны тоонун эүси Шемердин атынан Самария деп атады.

    16:25 Омри Теңирге жакпаган иштерди, өзүнөн мурункулардыкынанан да жаман иштерди кылды.

    16:26 Ал Ысрайылдын Кудай-Теңирин өзүнүн жасалма кудайлары менен каардантып, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын жолун бардык жагынан жолдоду.

    16:27 Омринин башка иштери, көрсөткөн эрдиги Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    16:28 Омри ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Ахап такка отурду.

    Ахап – Ысрайыл падышасы

    16:29 Омри уулу Ахап Ысрайылга Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын отуз сегизинчи жылында падыша болду. Омри уулу Ахап Ысрайылга Самарияда жыйырма эки жыл падышачылык кылды.

    16:30 Омри уулу Ахап Теңирге жакпаган иштерди, өзүнөн мурункулардыкынан да жаман иштерди кылды.

    16:31 Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кайталаганы аз келгенсип, ал Сидон падышасы этпаалдын кызы Изебелди аялдыкка алып, Баалга табынып кызмат кыла баштады.

    16:32 Ал Самарияда өзү курган Баалдын бутканасына Баалга арнап курмандык чалынуучу жай тургузду.

    16:33 Ахап Ашейра мамысын тургузуп, Ысрайылдын Кудай-Теңирин каарданткан иштерди, Ысрайылдын мурунку падышаларыныкынан да жаман иштерди кылды.

    16:34 Анын убагында бейтелдик Хиел Жерихону кайра калыбына келтирди. Ал анын пайдубалын тургузганда, тун уулу Абырамдан ажырады, дарбазасын орноткондо, кичүү уулу Сегуптан ажырады. Бул Нундун уулу Жашыя аркылуу айтылган Теңирдин сөзү боюнча болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск