Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Илияс пайгамбар жана кургакчылык

    17:1 Гилат тургундарынын бири тишпилик Илияс пайгамбар Ахапка: «Мен алдында турган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Ушул жылдары, менин сөзүм боюнча шүүдүрүм түшпөйт, жамгыр жаабайт», – деди.

    17:2 Теңирден ага мындай сөз болду:

    17:3 «Бул жерден чыгып, чыгышка бурулуп, Иордандын каршысындагы Керит суусунун жанына жашын.

    17:4 Сен ошол суудан ичесиң, сени багууну Мен каргаларга буйрудум».

    17:5 Ал барып, Теңирдин айтканындай кылды. Иордандын каршысындагы Керит суусунун боюна барып токтоду.

    17:6 Каргалар ага эртең менен да, кечинде да нан жана эт алып келип турушту, сууну болсо ал агын суудан ичип турду.

    17:7 Бир аз убакыт өткөндөн кийин, агын суу какшыды, анткени жерге жамгыр жааган эмес эле.

    Илияс жана сарепаттык жесир аял

    17:8 Ошондо ага Теңирден сөз болду:

    17:9 «Тур, Сидондун Сарепат шаарына барып, ошол жерде кал. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени багууну буйрудум».

    17:10 Ал туруп, Сарепатка жөнөдү. Шаар дарбазасына келсе, ошол жерде бир жесир аял отун терип жүрүптүр. Илияс аны чакырып: «Мага ичкенге кичине суу берчи», – деди.

    17:11 Ошондо ал аял суу алып келгени кетти. Илияс анын артынан кыйкырды: «Мага бир кесим нан да ала келчи».

    17:12 Аял мындай деди: «Сенин Кудай-Теңириң тирүү! Менде нан жок, жыгач челекте бир ууч гана ун, кумурада бир аз май бар. Бир аз чырпык терип алып, уулум экөөбүзгө тамак даярдайм. Ошону жейбиз да өлөбүз».

    17:13 Ошондо Илияс ага мындай деди: «Коркпо, барып, өзүң айтканды жаса. Бирок адегенде мага ошондон кичине ачыткысыз нан жасап алып кел. Балаң менен өзүңө андан кийин жасайсың.

    17:14 Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Теңир жерге жамгыр жаадырган күнгө чейин экөктөгү ун түгөнбөйт, кумурадагы май бөксөрбөйт”».

    17:15 Аял барып, Илияс айткандай кылды. Илияс, аял жана анын эй-бүлөсү бир топ убакыт жан багышты.

    17:16 Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча экөктөгү ун түгөнгөн жок, кумурадагы май бөксөргөн жок.

    17:17 Ушундан кийин ал аялдын, эйдүн эүсинин, баласы ооруп калды. Оорусу катуу болгондуктан, анын дем алуусу токтоп калды.

    Жесир аялдын баласынын тирилиши

    17:18 Ошондо аял Илияска: «Кудайдын кишиси, мага кандай каршылыгың бар? Сен менин күнөөлөрүмдү эсиме салып, баламды өлтүргөнү келдиңби?» – деди.

    17:19 Илияс аялга: «Мага уулуңду бер», – деди. Анан ал аялдын колунан баланы алып, өзү жашаган үстүнкү бөлмөгө алып барып, төшөгүнө жаткырды.

    17:20 Анан Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Мен үйүндө жашап жаткан бул жесир аялга да жамандык кылып, уулун өлтүрүп коёсуңбу?»

    17:21 Анан ал баланын үстүнө үч жолу жатып, Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Бул баланын жаны өзүнө кайтсын!»

    17:22 Теңир Илиястын үнүн укту. Баланын жаны өзүнө кайтып келди, ал тирилди.

    17:23 Илияс баланы өз бөлмөсүнөн алып түшүп, энесине берип: «Карачы, сенин уулуң тирүү», – деди.

    17:24 Ошондо ал аял Илияска мындай деди: «Сенин Кудайдын кишиси экениңди, сен, чын эле, Теңирдин сөзүн сүйлөп жатканыңды мен эми билдим».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск