Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Илияс жана Баалдын пайгамбарлары

    18:1 Көп күндөр өткөндөн кийин, үчүнчү жылы Илияска Теңирден сөз болду: «Барып, Ахапка көрүн, Мен жерге жамгыр жаадырам».

    18:2 Илияс Ахапка көрүнгөнү кетти. Самарияда болсо катуу ачарчылык болуп жаткан эле.

    18:3 Ахап ак сарай башчысы Обадияны чакыртты. Обадия Кудайдан аябай корккон киши эле.

    18:4 Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Обадия жүз пайгамбарды алып, элүү кишиден үңкүрлөргө катып, аларды нан жана суу менен баккан.

    18:5 Ахап Обадияга мындай деди: «Бүт жерди кыдырып, суу башаттарын, өзөндөрдү издеп кел. Аттар менен качырларды тойгузуш үчүн, малдан айрылбас үчүн, оттуу жер табылып калар».

    18:6 Алар карап чыгуу үчүн жерди өз ара бөлүп алышты: Ахап өзүнчө бир жолго, Обадия өзүнчө бир жолго түштү.

    18:7 Обадия жолдо бара жатканда, алдынан Илияс чыкты. Ал Илиясты таанып, жүзтөмөндөп жыгылып: «Илияс мырза, бул сенсиңби?» – деди.

    18:8 Илияс: «Ооба, менмин. Барып, мырзаңа айт. “Илияс бул жерде де”», – деди.

    18:9 Ошондо Обадия мындай деди: «Ахаптын колуна салып берип өлтүргүдөй, кулуң кандай күнөө кылды?

    18:10 Кудай-Теңириң тирүү! Менин өкүмдарым сени издетпеген бир да эл, бир да падышачылык калган жок. Сени жок деген элдерди, падышачылыктарды: “Таппай койдук”, – деп каргантты.

    18:11 Сен болсо мага: “Мырзаңа барып: "Илияс бул жерде", – деп айт” дейсиң да.

    18:12 Мен сенин жаныңдан кеткенде, сени Теңирдин Руху алып кетет, кайда алып кетерин билбейм. Мен барып, Ахапка билдиргенде, ал сени таппай калса, мени өлтүрөт. Кулуң болсо жаштайынан Кудайдан коркот.

    18:13 Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Теңирдин пайгамбарларынан жүз кишини, элүү кишиден үңкүргө катып, суу менен нан берип бакканым мырзама айтылган жок беле?

    18:14 Сен болсо мага: “Мырзаңа барып: "Илияс бул жерде", – деп айт” дейсиң да. Ал мени өлтүрүп коёт».

    18:15 Ошондо Илияс: «Мен алдында турган Теңир Себайот тирүү! Ага бүгүн көрүнөм», – деди.

    18:16 Обадия Ахаптын алдынан чыгып, ага билдирди. Ахап Илияска кезиккени жөнөдү.

    18:17 Ахап Илиясты көргөндө, ага: «Ысрайылдын башына мүшкүл салган сенсиңби?» – деди.

    18:18 Илияс мындай деди: «Ысрайылдын башына мүшкүл салган мен эмесмин, ал сенсиң жана сенин атаңдын эй-бүлөсү, анткени силер Теңирдин буйруктарын жек көрүп, Баалдын артынан эүрчип жүрөсүңөр.

    18:19 үми бар да, Изебелдин дасторконунан тамактанган Ашейранын төрт жүз пайгамбарын жана Баалдын төрт жүз элүү пайгамбарын, бүт Ысрайылды Кармел тоосуна, менин алдыма чогултуп бер».

    18:20 Ахап Ысрайылдын бардык уулдарына чабарман жиберип, Кармел тоосуна бүт пайгамбарларды чогултту.

    18:21 Ошондо Илияс элдин алдына келип: «Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар? эгер Теңирди Кудай десеңер, анда Аны эүрчигиле. эгерде Баалды Кудай десеңер, анда аны эүрчигиле», – деди. эл ага үч нерсе деп жооп берген жок.

    18:22 Анан Илияс элге мындай деди: «Теңирдин пайгамбарларынан жалгыз мен калдым, ал эми Баалдын пайгамбарлары төрт жүз элүү.

    18:23 Бизге эки букачар беришсин, алар бир букачарды тандап алып, жиликтеп бөлүп, отундун үстүнө коюшсун, бирок от коюшпасын. Мен болсо экинчи букачарды даярдап, отундун үстүнө коём, бирок от койбойм.

    18:24 Силер өз кудайыңардын атын чакыргыла, а мен өз Кудай-Теңиримдин атын чакырам. Кудайлардын кимиси от аркылуу жооп берсе, ошол – Кудай». Бүт эл: «Жакшы болот», – деди.

    18:25 Илияс Баалдын пайгамбарларына: «Бир букачар тандап алып, адегенде силер даярдагыла, анткени силер көпсүңөр. Анан өз кудайыңардын атын чакыргыла, бирок от койбогула», – деди.

    18:26 Алар өздөрүнө берилген букачарды алып, даярдашты да, таң аткандан түшкө чейин Баалдын атын чакырышты: «Баал, бизди ук!» Бирок эн да, жооп да болгон жок. Алар өздөрү жасаган курмандык чалынуучу жайды айлана бийлеп жүрүштү.

    18:27 Түштө Илияс аларга күлүп: «Катуу кыйкыргыла, анткени ал – кудай. Балким, ойго батып кеткендир, же бир иш менен алек болуп жаткандыр, же жолдодур, а балким, уктап жаткандыр, ойгонор», – деди.

    18:28 Алар катуу кыйкыра башташты, анан өздөрүнүн адаты боюнча бычак менен, найза менен өздөрүн кан аккыча сайгылашты.

    18:29 Түш ооду, тигилер болсо кечки курмандык чалуучу убакка чейин ушинтишти. Бирок эн да, сөз да, жооп да болгон жок.

    18:30 Ошондо Илияс бүт элге: «Мага жакын келгиле», – деди. Бүт эл ага жакын келди. Ал Теңирдин бузулган курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирди.

    18:31 Теңир: «Сенин ысымың Ысрайыл болот», – деп айткан Жакып уулдарынын урууларынын саны боюнча Илияс он эки таш алды.

    18:32 Ошол таштардан Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, курмандык чалынуучу жайды тегерете эки сата дан баткыдай аң казды.

    18:33 Анан отундарды койду, букачарды жиликтеп бөлүп, отундун үстүнө койду.

    18:34 Анан: «Төрт чакага суу толтургула, аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка жана отундун үстүнө куйгула», – деди. Анан: «Кайталагыла», – деди. Алар кайталашты. Анан: «Єчүнчү жолу ушундай кылгыла», – деди. Алар үчүнчү жолу ошондой кылышты.

    18:35 Курмандык чалынуучу жайдын айланасынан суу куюлуп, аңга суу толду.

    18:36 Кечки курмандык чалуу убагында Илияс пайгамбар курмандык чалынуучу жайдын жанына келип, мындай деди: «Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудай-Теңири! Ушул күнү Ысрайылдагы жалгыз Кудай Сен экениңди, мен Сенин кулуң экенимди, баарын Сенин сөзүң боюнча кылганымды билишсин.

    18:37 Уга көр мени, Теңир, уга көр мени! Ушул эл, Теңир, Сенин Кудай экениңди билсин, Сен алардын жүрөгүн өзүңө бурасың».

    18:38 Ошондо Теңирдин оту түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, отунду да, таштарды да, топуракты да, аңдагы сууну да жалмап кетти.

    18:39 Муну көргөн эл жүзтөмөндөп жыгылып: «Теңир – Кудай, Теңир – Кудай!» – деди.

    18:40 Илияс аларга: «Баалдын пайгамбарларын кармагыла, алардын бирөө да жашынып калбасын», – деди. Аларды кармап келишти, Илияс аларды Кишон суусуна алып барып, кылыч менен сайып өлтүрдү.

    Илияс Кармел тоосунда

    18:41 Анан Илияс Ахапка: «Бар, тамактанып ал, анткени жамгырдын дабышы угулуп жатат», – деди.

    18:42 Ахап тамактанганы кетти, Илияс болсо Кармел тоосунун башына чыгып, үңкейип, эки тизесинин ортосуна башын койду.

    18:43 Анан өзүнүн кызматчы уланына: «Барып, деңиз жакты кара», – деди. Ал көрүп келип: «үч нерсе жок экен», – деди. Ал ага: «Ушуну жети жолу кайтала», – деди.

    18:44 Улан жетинчи жолу көрүп келип: «Деңиз тараптан чоңдугу адамдын алаканындай болгон булут көтөрүлүп келе жатат», – деди. Ал ага: «Барып, Ахапка: “Жаанга калбаш үчүн, майдан арабаңды чегип, жөнө”, – деп айт», – деди.

    18:45 Аңгыча шамал согуп, булут каптап, асман түнөрүп, кара нөшөр куйду. Ахап болсо майдан арабасына отуруп, Изрейелге жөнөдү.

    18:46 Теңирдин колу Илиястын үстүндө эле. Ал белин курчап алып, Изрейелге жеткенче Ахаптын алдында чуркап барды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск