Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    Менашенин Жүйүткө падышачылык кылышы

    33:1 Менаше такка отурганда, он эки жашта эле, ал Иерусалимде элүү беш жыл падыша болду.

    33:2 Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдин жийиркеничтүү иштерин туурап, Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    33:3 Атасы Хиския жок кылып салган бийик жердеги бутканаларды кайрадан салып, Баалдарга курмандык чалынуучу жайларды куруп, Ашейра мамыларын тургузуп, асман кошуундарынын баарына табынып, ошолорго кызмат кылды.

    33:4 Ошондой эле «Менин атым Иерусалимде түбөлүк болот», – деп, Теңир айткан Кудай үйүнө да курмандык чалынуучу жайларды курду.

    33:5 Теңир үйүнүн эки короосуна тең асман кошуундарына арнап курмандык чалынуучу жайларды курду.

    33:6 Ал Ином уулдарынын өрөөнүндө өз уулдарын курмандыкка өрттөдү. Ал ошондой эле бал ачты, төлгө тартты, сыйкырчылык кылды жана өлгөндөрдү чакыргандарды, сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Ошентип, ал Кудайга жакпаган иштерди көп кылып, Аны каардантты.

    33:7 Ал Кудай үйүнө оюп жасаткан бурканды койду. Бул эй жөнүндө Теңир Дөөткө жана анын уулу Сулайманга мындай деп айткан: «Ысрайылдын урууларынын ичинен өзүм тандап алган Иерусалимде жана ушул эйдө өз ысымымды түбөлүккө орнотом.

    33:8 үгерде алар Мен Мусанын колу менен берген бардык мыйзам, буйрук, көрсөтмөлөрдү так аткарууга аракет кыла турган болсо, Мен алардын ата-бабаларына бекитип берген бул жерден мындан ары аларды кууп чыкпайм».

    33:9 Бирок Менаше Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин тургундарын Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдердин иштеринен да жаман иштерди кылууга түрттү.

    Менашенин Кудайга моюн сунуусу

    33:10 Теңир Менашеге жана анын элине сүйлөдү, бирок алар укпай коюшту.

    33:11 Ошондо Теңир Ашур падышасынын аскер башчыларын аларга каршы жөнөттү. Алар Менашени кишендеп, чынжырлап Бабылга алып келишти.

    33:12 Ал кыйналганда, өз Кудай-Теңирине жалына баштады. Ошентип, ал өз ата-бабаларынын Кудайынын алдында толук моюн сунду.

    33:13 Ага сыйынды, Кудай да ага назарын салып, сыйынуусун угуп, аны Иерусалимге, өз падышачылыгына кайра алып келди. Ошондо Менаше Теңирдин Кудай экенин тааныды.

    33:14 Ошондон кийин Дөөттүн шаарынын тышкы дубалдарын, Гихон суусунун батыш тарабындагы коктуну бойлото Балык дарбазасынын кире беришине чейин курду. Опелди тегерете дубал менен курчады, дубалды бийик көтөрдү. Жүйүт аймагындагы бекемделген шаарлардын бардык тарабына аскер башчыларды койду.

    33:15 Кудай үйүндөгү башка кудайларды, бурканды, Иерусалимдеги жана Теңир үйү турган тоодогу өзү тургузган бутканалардын бардыгын талкалап, шаардын сыртына ыргытты.

    33:16 Теңирдин курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирип, ага тынчтык курмандыктары менен ыраазычылык курмандыктарын чалды. Анан Ысрайылдын Кудай-Теңирине гана кызмат кылууну жүйүттөргө буйруду.

    33:17 Бирок эл өз курмандыктарын Кудай-Теңирине арнаганы менен, дагы эле бутканаларда курмандыктарды чала берди.

    Менашенин көз жумушу

    33:18 Менашенин калган иштери, өз Кудайына жалынган сыйынуусу, ага Ысрайыл Кудай-Теңиринин атынан көрөгөчтөрдүн айткан сөздөрү Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.

    33:19 Анын сыйынуусу, Кудайдын ага назар салуусу, мыйзамсыз иштерин жана күнөөсүн мойнуна алганга чейин бутканаларды, курмандык чалынуучу жайларды курганы, Ашейра мамыларын жана буркандарды койгону Хозайдын китебинде жазылган.

    33:20 Менаше көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны өз үйүнө коюшту. Анын ордуна уулу Амон падыша болду.

    Амондун Жүйүткө падышачылык кылышы

    33:21 Амон такка отурганда, жыйырма эки жашта эле, ал Иерусалимде эки жыл падышачылык кылды.

    33:22 Ал атасы Менашеге окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды. Атасы Менаше жасаган бардык буркандарга курмандык чалып, ошолорго кызмат кылды.

    33:23 Ал атасы Менашеге окшоп, Теңирдин алдында моюн сунган жок, тескерисинче, атасынан да көп күнөөгө батты.

    33:24 өз кулдары ага каршы кастык уюштурушуп, аны өз үйүндө өлтүрүп салышты.

    33:25 Бирок эл Амон падышага каршы кастык уюштургандарды өлтүрүп салды. эл анын ордуна уулу Жошияны такка отургузду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск