Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    Санхейриптин кол салышы

    32:1 Хиския ишенимдүү болуп, ушундай иштерди кылгандан кийин, Ашур падышасы Санхейрип Жүйүт аймагына кол салып, анын сепилдүү шаарларын курчап алды, аларды өзүнө каратып алгысы келди.

    32:2 Хиския Санхейриптин Иерусалим менен согушканы келгенин көргөндө,

    32:3 өзүнүн төрөлөрү жана аскер адамдары менен шаар сыртындагы сууларды бүтөп салууну чечти. Алар жардамга келишти.

    32:4 Көп эл чогулуп, өлкөнү аралап аккан агын сууну жана бардык суу башаттарын бүтөп салышты да: «Ашур падышалары бул жакка келгенде, суу таппай калышсын», – дешти.

    32:5 Ал кайраттанып, ураган дубалдардын бардыгын, бийик мунараларды калыбына келтирип, сыртынан дагы бир дубал курду жана Дөөттүн шаарындагы Милка сепилин бекемдеп, өтө көп курал-жарактарды жана калкандарды даярдап койду.

    32:6 Анан эл башына аскер башчыларды коюп, аларды шаар дарбазасынын алдындагы аянтка чогултту да, аларга жакшы сөздөрдү айтып:

    32:7 «Бекем тургула, кайраттуу болгула, Ашур падышасынан жана аны менен келген көптөгөн аскерлерден коркпогула, эрөйүңөрдү учурбагыла, анткени алар менен болгондорго караганда биздики көп.

    32:8 Алар менен – адамдар, ал эми биз менен – Кудай-Теңирибиз! Ал бизге салгылашууда жардам берет жана биз үчүн күрөшөт», – деди. Жүйүт падышасы Хискиянын сөзүн уккан эл кайраттанды.

    32:9 Ушундан кийин Ашур падышасы Санхейрип өз өкүлдөрүн Иерусалимге жиберди, өзү болсо бүт куралдуу күчү менен Лакиштин каршысында турду, ал Жүйүт падышасы Хискияга жана Иерусалимдеги жүйүттөргө өкүлдөрүнөн мындай деп айттырды:

    32:10 «Ашур падышасы Санхейрип мындай дейт: Иерусалимде өзүңөрдү курчап алып, эмнеден эмүт кылып отурасыңар?

    32:11 Хиския: “Ашур падышасынын колунан Кудай-Теңирибиз сактайт”, – деп, силерди ачка калтырып, суусатып өлтүрүш үчүн азгырып жаткан жокпу?

    32:12 Анын бутканалары менен курмандык чалынуучу жайларын талкалап, Жүйүт менен Иерусалим элине: “Бир гана курмандык чалынуучу жайга таазим кылгыла, анын үстүндө гана жыпар жыттуу зат түтөткүлө”, – деген Хиския ушул эмеспи?

    32:13 Силер менин жана менин ата-бабаларымдын жер жүзүндөгү бардык элдерди эмне кылганын билбейсиңерби? Жер жүзүндөгү элдердин кудайлары өз жерлерин менин колумдан сактап кала алышты беле?

    32:14 Менин ата-бабаларым тукум курут кылган элдердин кайсы кудайы өз элин менин колумдан сактап калды? Анан силердин Кудайыңар кантип силерди менин колуман сактап калсын?

    32:15 Хиския силерди азыр ушинтип азгырып, адаштырып койбосун, ага ишенбегиле. үч бир элдин, үч бир падышачылыктын кудайы өз элин менин колумдан жана менин ата-бабаларымдын колунан сактап кала алган эмес, силердин Кудайыңар да силерди менин колуман сактап кала албайт».

    32:16 Анын жөнөткөн кызматчылары Кудай-Теңирге каршы, Анын кулу Хискияга каршы дагы бир далай сөз айтышты.

    32:17 Санхейрип Ысрайылдын Кудай-Теңирин жамандап жазган каттарында: «Жер жүзүндөгү элдердин кудайлары өз элдерин менин колуман сактап кала албагандай эле, Хискиянын Кудайы да өз элин менин колуман сактап кала албайт», – деп, Кудайга акарат келтирди.

    32:18 Алар дубалдын үстүндө турган Иерусалим элин коркутуп, жүрөгүн түшүрүп шаарды багынтып алыш үчүн, жүйүт тилинде кыйкырып жатышты.

    32:19 Иерусалимдин Кудайы жөнүндө да, башка элдердин адамдын колунан чыккан жасалма кудайлары жөнүндө да сүйлөп жатышты.

    32:20 Ошондо Хиския падыша менен Амостун уулу Ышайа пайгамбар сыйынып, асмандагы Кудайга жалынып-жалбарды.

    32:21 Теңир асмандан периштесин жиберди. Ал Ашур падышасынын аскерлеринин эң мыктыларын, аскер башчыларынын башчысын, аскер башчыларын кырып салды. Ал өз жерине маскара болуп кайтты. Ал өз кудайынын үйүнө келгенде, өз уулдары аны кылыч менен сайып өлтүрүштү.

    32:22 Теңир Хискияны жана Иерусалим элин Ашур падышасы Санхейриптин колунан, бардык эле баскынчылардын колунан мына ушинтип куткарды. Аларды бардык жерде калкалап жүрдү.

    32:23 Ошондо көпчүлүк эл Теңирге арнап Иерусалимге тартууларды алып келишти. Ошондой эле Жүйүт падышасы Хискияга кымбат баалуу белектерди алып келишти. Ушундан кийин бардык элдердин көз алдында анын даңкы чыкты.

    Хискиянын ооруп айыгышы

    32:24 Ошол кезде Хиския катуу ооруп калды. Ошондо ал Кудайга сыйынды. Ал анын үнүн угуп, ага жышаан берди.

    32:25 Бирок Хиския бул ырайымга ыраазычылык билдирген жок, себеби жүрөгү текеберленип кеткен эле. Ошондо Кудай ага, Жүйүт аймагына да, Иерусалимге да каарданды.

    32:26 Бирок Хиския жүрөгү текеберденип кеткенин мойнуна алгандыктан, Иерусалим тургундары да моюн сунгандыктан, Хискиянын көзү барында Теңир аларга каарын төккөн жок.

    Хиския падышанын байлыгы

    32:27 Хиския өтө көп байлыкка, атак-даңкка эү болду. Ал өзүнүн алтын-күмүштөрү, асыл таштары, жыпар жыттуу заттары, кымбат баалуу идиштери үчүн атайын казыналарды курду.

    32:28 Жерден алган түшүмдөрү үчүн, дан, шарап, зайтун майлары үчүн, атайын сактай турган кампаларды, төрт түлүк малдын түрлөрүнө жараша атайын малканаларды, короо-сарайларды салды.

    32:29 өзүнө да шаарларды курду. Анын бодо малы да, майда малы да өтө көп эле, анткени Кудай ага өтө көп мал-мүлк берген.

    32:30 Ушул Хиския Гихон суусунун жогорку башатын тосуп, Дөөттүн шаарынын батыш тарабына, төмөн карай буруп салган. Хиския ар бир иште ийгиликке жетишкен.

    32:31 Бабыл падышалары өз өкүлдөрүн анын жеринде болгон кереметтер тууралуу сурап-билүүгө жибергенде, сынаш үчүн, жүрөгүн билиш үчүн, Кудай аны таштап койгон.

    Хискиянын көз жумушу

    32:32 Хискиянын калган иштери менен жакшы иштери Амос уулу Ышайа пайгамбардын көргөн аяндарында, Жүйүт жана Ысрайыл падышаларынын китептеринде жазылып калган.

    32:33 Хиския көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Аны Дөөт уулдарынын мүрзөлөрүнүн баш жагына коюшту. Ал көз жумганда, Жүйүт жана Иерусалим эли ага урмат көрсөтүштү. Анын ордуна уулу Менаше падыша болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск