Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Хиския падышанын өзгөртүүлөрдү киргизүүсү

    31:1 Булардын бардыгы аяктаган соң, ошол жердеги бүт ысрайылдыктар Жүйүт аймагынын шаарларына барышып, балбалдарды талкалап, Ашейра мамыларын кыйратышты. Бүт Жүйүт аймагындагы, эпрайымдын, Менашенин, Бенжеминдин жерлериндеги бутканаларды, курмандык чалынуучу жайлардын бардыгын кыйратышты. Ошондон кийин гана Ысрайыл уулдары өз үйлөрүнө, өз шаарларына кайтышты.

    31:2 Хиския Теңир үйүнүн дарбазасынын жанында Аны мактап, даңктап, кызмат кылып туруш үчүн, тынчтык курмандыгын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып туруш үчүн, лебилер менен ыйык кызмат кылуучулардын өз иштерине жараша топторго бөлүп, кезегин белгилеп койду.

    31:3 Падыша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн өз малынан, Теңирдин мыйзамында жазылгандай, эртең менен жана кечинде чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн, ишемби сайын, ай жаңырган сайын, майрам сайын чалына турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар үчүн бөлүп койду.

    31:4 Ал Иерусалимде жашаган элге, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Теңирдин мыйзамдарын так аткарышы үчүн, алардын тиешелүү элүштөрүн берип туруусун буйруду.

    31:5 Бул буйрук элге жарыяланганда, Ысрайыл уулдары эгиндин, шараптын, майдын, балдын, ар кандай талаа өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн алгачкыларынан өтө көп алып келишти. Алар ушулардын ондон бир бөлүгүн алып келишти.

    31:6 Жүйүт аймагынын шаарларында турган ысрайылдыктар да, жүйүттөр да бодо малы менен майда малынын ондон бир бөлүгүн, өздөрүнүн Кудай-Теңирине арнаган курмандыктарынын ондон бир бөлүктөрүн алып келип, дөбө-дөбө кылып үйүштү.

    31:7 Yчүнчү айда дөбө-дөбө кылып эйө баштап, жетинчи айда бүтүштү.

    31:8 Хиския менен төрөлөр келип, дөбө-дөбө болуп жыйылган тартууларды көрүп, Теңирге жана Анын эли Ысрайылга ыраазычылык билдиришти.

    31:9 Хиския бул дөбө-дөбө болуп жыйылган тартуулар жөнүндө ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерден сурады.

    31:10 Садоктун тукумунан чыккан башкы ыйык кызмат кылуучу Азария ага мындай деп жооп берди: «Теңирдин үйүнө тартууларды алып келе баштагандан тартып тойгончо жедик, дагы көп артып калды, анткени Теңир элине батасын берди. Артып калгандары ушунча көп болду».

    31:11 Хиския Теңир үйүнөн бөлмөлөрдү даярдап коюуну буйруду. Бөлмөлөр даярдалды.

    31:12 Ошол жерге тартууларды, курмандыктарды, ондуктарды ак ниеттүүлүк менен ташып келишти. Ошонун бардыгынын башчысы леби Канания, экинчиси анын бир тууганы Шими болду.

    31:13 Канания менен анын бир тууганы Шиминин кол астындагы Жехиел, Азазия, Нахат, Асаел, Жеримот, Жозабат, элиел, Жисмахия, Махат жана Бенай падыша Хиския менен Кудай үйүнүн башчысы Азария тарабынан коюлган күзөтчүлөр эле.

    31:14 Чыгыш тараптагы дарбазачы леби, Имнанын уулу Коре элдин Кудайга өз ыктыяры менен тартуулаган, Теңирдин урматына алып келген эң маанилүү тартууларын алып берип туруу үчүн коюлду.

    31:15 Бир туугандарынын улуусуна болобу, кичүүсүнө болобу, бирдей таратып туруш үчүн, ыйык кызмат кылуучулардын шаарларына коюлган эден, Миниямин, Жейшуя, Шемая, Амария, Шехания анын карамагында болушту.

    31:16 Күн сайын Кудай үйүндө кылган кызматы, кызмат түрү, бөлүмдөрү боюнча үч жана андан жогорку жаштагы тизмеге кирген бардык эркектерден тышкары

    31:17 уруулары, кызматтары, бөлүмдөрү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы тизмеге кирген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге,

    31:18 алардын тизмеге кирген жаш балдарына, аялдарына, кыздарына, уулдарына – бүткүл жамаатка бирдей таратылды, анткени алар өздөрүн ыйык кызматка толук арнашкан.

    31:19 Арундун уулдары – ыйык кызмат кылуучулар үчүн алардын шаарларынын айланасындагы кыштактарга аттары аталган кишилер коюлду. Алар эркек ыйык кызмат кылуучулардын бардыгына, тизмеге кирген бардык лебилерге тиешелүү элүшүн бөлүштүрүү үчүн коюлду.

    31:20 Бүт Жүйүт аймагында Хиския мына ушундай кылды, ал өз Кудай-Теңиринин алдында жакшы, адилеттүү, туура иш кылды.

    31:21 Ал өз Кудайы жөнүндө ойлонуп, Кудайдын үйүндө кызмат кылууга, Анын мыйзамдары менен буйруктарын аткарууга бүт жүрөгү менен аракет кылып, ийгиликке жетти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск