Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Биринчи жолку куугунтук

    4:1 Петир менен Жакан элге сүйлөп жатышканда, ыйык кызмат кылуучулар, ийбадатканадагы күзөт башчылар жана садукейлер алардын жанына келишти.

    4:2 Алар бул экөөнүн элди окутуп, өлгөндөрдүн Ыйса аркылуу тирилерин жарыялап жатышканына ачууланышты.

    4:3 Аларды кармап, эртең мененкиге чейин камап коюшту, анткени кеч кирип калган эле.

    4:4 Бирок сөздү уккандардын көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын саны беш миңге жакын эле.

    4:5 үртеси күнү жүйүттөрдүн башчылары, аксакалдары, мыйзам окутуучулары,

    4:6 башкы ыйык кызмат кылуучу Анас, Кайапа, Жакан жана Искендер, башкы ыйык кызмат кылуучулар уруусундагылардын бардыгы Иерусалимге чогулушту.

    4:7 Алар Петир менен Жаканды ортого чыгарып: «Силер муну кайсы күч менен же кимдин атынан кылдыңар?» – деп сурашты.

    4:8 Ошондо Петир Ыйык Рухка толуп, аларга мындай деди: «үл башчылары жана Ысрайыл аксакалдары!

    4:9 үгерде силер бүгүн бизди оорулуу адамга жакшылык кылганыбыз үчүн суракка алып, анын кантип айыкканы жөнүндө сурап жатсаңар,

    4:10 анда бардыгыңар, бүт Ысрайыл эли, билип алгыла: бул адам силер айкаш жыгачка кадаган, бирок Кудай кайра тирилткен назареттик Ыйса Машайактын атынан айыгып, силердин алдыңарда турат.

    4:11 Ыйса – силер, куруучулар, жаратпай койгон, бирок бурчтун негизи болуп коюлган таш.

    4:12 Адамдарды Ыйсадан башка үч ким куткара албайт. Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок».

    4:13 Алар Петир менен Жакандын тайманбастыгын көрүп, алардын окубаган, жөнөкөй адамдар экендигин билип таң калышты. Алардын Ыйса менен бирге жүргөндүгүн билишти.

    4:14 Бирок айыккан адамдын алардын жанында турганын көрүшүп, каршы сүйлөй алышкан жок.

    4:15 Анан аларга синедриондон чыгып турууну буйрушту да:

    4:16 «Бул адамдарды эмне кылалы? Анткени алар аркылуу улуу керемет көрсөтүлгөндүгү Иерусалимде жашагандардын баарына маалым болду, биз да муну тана албайбыз.

    4:17 Бирок бул мындан ары эл арасында жайылбашы үчүн, аларды коркутуп, бул ысым жөнүндө жарыялоого тыюу салалы», – деп, өз ара кеңешишти.

    4:18 Анан аларды чакырып: «Ыйсанын ысымы жөнүндө таптакыр сүйлөбөгүлө да, окутпагыла», – деп буйрук беришти.

    4:19 Бирок Петир менен Жакан аларга: «өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Кудайды укпай, силерди угуу Кудай алдында туурабы?

    4:20 Биз көргөнүбүз менен укканыбызды айтпай коё албайбыз», – деп жооп беришти.

    4:21 Алар болсо эл тургандыктан, ал экөөнү жазалоонун ыңгайын таба алышпай, аларды дагы бир жолу коркутуп, бошотуп жиберишти. Анткени элдин баары болуп өткөн окуя үчүн Кудайды даңктап жаткан эле.

    4:22 Оорусунан керемет менен айыккан бул адамдын жашы кырктан ашып калган болчу.

    Жыйындын сыйынуусу

    4:23 Бошотулгандан кийин, алар башка шакирттерге келип, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдардын айткандарын айтып беришти.

    4:24 Алар болсо муну угушкандан кийин, катуу эн менен: «Асманды, жерди, деңизди жана алардын ичинде эмне болсо, ошонун баарын жараткан эгедер Кудай!

    4:25 Сен Ыйык Рух аркылуу атабыз Дөөттүн – өзүңдүн кулуңдун оозу аркылуу: “Бутпарастар эмне үчүн каарданып жатышат? элдер эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлоп жатышат?

    4:26 Дүйнөнүн падышалары каршы көтөрүлүштү, төрөлөр Теңирге жана Анын Машайагына каршы чогулушту”, – деп айткансың.

    4:27 Чын эле, бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат бутпарастар менен, Ысрайыл эли менен бирге өзүң майлаган ыйык Уулуң Ыйсага каршы чогулушту.

    4:28 Алар Сенин күчүң жана чечимиң менен алдын ала белгиленген нерсени орундатыш үчүн чогулушту.

    4:29 Азыр болсо, Теңир, алардын коркутуп жатканын көрүп турасың, өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, кулдарыңа кайраттуулук бере көр.

    4:30 Сенин ыйык Уулуң Ыйсанын атынан оорулууларды айыктыруу үчүн, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүү үчүн, өзүңдүн колуңду суна көр», – деп, Кудайга чогуу сыйынышты.

    4:31 Ушинтип сыйынып бүтүшкөндө, алар чогулган жер солкулдап кетти. Баары Ыйык Рухка толуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.

    Иерусалимдеги Жыйындын абалы

    4:32 Ыйсага ишенгендердин көпчүлүгүнүн ой-тилектери бир эле. үч ким өзүнүн мүлкүн «меники» дечү эмес, алардын бардык нерсеси ортодо болчу.

    4:33 үлчилер болсо Теңир Ыйса Машайактын өлүп, кайра тирилгендигин зор кайраттуулук менен күбөлөндүрүп жатышты. Бардыгынын үстүндө Кудайдын зор ырайымы бар эле.

    4:34 Алардын үч кимиси үч нерсеге муктаж болчу эмес, анткени менчик жерлери же үйлөрү барлардын баары аларды сатып, сатылган нерсенин акчасын алып келип,

    4:35 үлчилердин колуна тапшырышчу. Андан ар бир адамга муктаждыгына жараша берилчү.

    4:36 Кипрлик леби Жусуптун менчик жери бар эле. элчилер аны Барнаба деп коюшчу. Бул ысым «Сооротуучу» деп которулат.

    4:37 Ал өз жерин сатып, акчасын алып келип, элчилердин колуна тапшырды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск