Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Анания менен Сафира

    5:1 Сафира деген аялы бар Анания деген киши менчик жерин сатты.

    5:2 Анан ал аялы менен макулдашып, сатылган мүлктүн акчасынан жашырып алып калып, калганын элчилердин колуна тапшырды.

    5:3 Ошондо Петир ага: «Анания! эмне үчүн шайтанга жүрөгүңдөн орун берип, Ыйык Рухту алдап, саткан мүлкүңдүн акчасынан жашырып алып калдың?

    5:4 Сатканга чейин талаа өзүңдүкү эмес беле? Аны саткандан түшкөн акчага өзүң эү эмес белең? эмне үчүн ушундай ишке бардың? Сен адамдарды эмес, Кудайды алдадың», – деди.

    5:5 Анания бул сөздөрдү угары менен, жерге жыгылып жан берди. Ошондо бул окуяны уккандардын бардыгын коркунуч басты.

    5:6 Жаш жигиттер орундарынан туруп, аны көргө коюуга даярдашты да, алып чыгып, көргө коюшту.

    5:7 Болжол менен үч саат өткөндөн кийин, болуп өткөн окуя жөнүндө үч нерсе билбестен, анын аялы да келди.

    5:8 Петир андан: «Жериңерди ушунчага саттыңар беле?» – деп сурады. Ал: «Ооба, ушунчага сатканбыз», – деп жооп берди.

    5:9 Ошондо Петир ага мындай деди: «Теңирдин Рухун сыноого кантип батындыңар? Күйөөңдү көргө койгондор эшиктен кирип келе жатышат, азыр сени да алып кетишет».

    5:10 Ошол замат аял анын бут алдына жыгылып жан берди. Жигиттер ичкери киргенде, анын өлүп калганын көрүштү. Алар анын сөөгүн алып чыгып, күйөөсүнүн жанына коюшту.

    5:11 Ошондо бүт Жыйынды жана бул окуяны уккандардын бардыгын коркунуч басты.

    үлчилер көрсөткөн кереметтер

    5:12 үлчилер аркылуу эл арасында көптөгөн кереметтер жана жышаандар көрсөтүлүп жатты. Ишенгендердин бардыгы бир ой-тилек менен «Сулайман үйүнө» чогулуп жүрүштү.

    5:13 Бирок чоочун адамдардын бирөө да аларга кошулууга дааган жок, эл болсо аларды даңктап жатты.

    5:14 үркектер да, аялдар да Теңирге ишенип, ишенгендердин саны уламдан-улам көбөйүп жатты.

    5:15 Петир өтүп бара жатканда, жок дегенде, көлөкөсү түшсүн дешип, оорулууларды төшөнчү-орундары менен көтөрүп чыгып, көчөлөргө жаткырып коюп жатышты.

    5:16 Иерусалимдин тегерегиндеги шаарлардан да көптөгөн адамдар оорулууларды жана жин оорулууларды алып келип жатышты; алардын бардыгы айыгып жатты.

    үкинчи жолку куугунтук

    5:17 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу жана садукейлер тобундагылар көрө албастык кылып,

    5:18 үлчилерди кармап, мамлекеттик түрмөгө камап салышты.

    5:19 Бирок Теңирдин периштеси түн ичинде түрмөнүн эшиктерин ачып, аларды сыртка алып чыкты да:

    5:20 «Баргыла, ийбадатканага кирип, элге өмүр жөнүндөгү ушул сөздөрдүн баарын айткыла», – деди.

    5:21 Алар бул сөздөрдү уккандан кийин, эртең менен эрте ийбадатканага кирип, элди окута башташты. Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучу жана анын жанында жүргөндөр келип, синедрионду жана Ысрайыл аксакалдарын чакырышты да, элчилерди алып келиш үчүн, түрмөгө кызматчыларды жиберишти.

    5:22 Бирок кызматчылар барып, аларды түрмөдөн таппай кайтып келишти да:

    5:23 «Биз түрмөнүн эшиктери абдан бекем бекитилгенин жана эшиктердин алдында сакчылар турганын көрдүк, бирок ачып киргенибизде, ичинен үч кимди таппадык», – деп билдиришти.

    5:24 Ийбадаткананын күзөт башчысы жана башкы ыйык кызмат кылуучулар бул сөздөрдү угушканда: «Бул эмне деген шумдук?!» – деп, айран-таң калышты.

    үлчилер синедриондун алдында

    5:25 Ошол учурда бирөө келип, аларга: «Силер түрмөгө камап койгон кишилер ийбадатканада элди окутуп жатышат», – деп билдирди.

    5:26 Ошондо күзөт башчысы кызматчылары менен барып, аларды күч колдонбой эүрчитип келди, анткени таш бараңга алып коюшабы деп, элден коркту.

    5:27 Аларды синедриондун алдына алып келди. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу аларга мындай деди:

    5:28 «Биз силерге бул ысым жөнүндө окутпагыла деп, катуу тыюу салбадык беле? Силер болсо өзүңөрдүн окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер. Ал Адамдын канын биздин мойнубузга коюуга ниеттенип жатасыңарбы?»

    5:29 Ошондо Петир менен элчилер мындай деп жооп беришти: «Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек.

    5:30 Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны тирилтти.

    5:31 Ысрайыл элин тобо кылдырып, күнөөлөрүн кечирүү үчүн, Кудай Ал Башчыны жана Куткаруучуну жогору көтөрүп, өзүнүн оң жагына отургузуп койду.

    5:32 Ал жөнүндө айтылгандын бардыгына биз да, Кудай өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө».

    5:33 Алар муну укканда, аябай ачууланышып, элчилерди өлтүрүүнү ойлошту.

    Гамалиелдин эскертүүсү

    5:34 Ошондо бүт эл урматтаган мыйзам окутуучу, Гамалиел деген бир фарисей синедриондо ордунан туруп, элчилерди бир аз убакытка сыртка чыгарууну буйруду.

    5:35 Анан аларга мындай деп кайрылды: «Ысрайыл эркектери! Бул адамдарга кандайдыр бир чара көрөрдөн мурун жакшылап ойлонгула.

    5:36 Анткени мындан бир аз мурун өзүн бир улуу адам катары көрсөтүп, Теда деген неме чыкты. Аны төрт жүзгө жакын адам эүрчиди. Бирок ал өлтүрүлдү, аны эүрчигендер да чачырап жок болушту.

    5:37 Андан кийин эл каттоонун убагында Галилеядан Жүйүт деген неме чыгып, көп элди эүрчитти. Бирок ал да өлдү, аны эүрчигендер да чачырап кетишти.

    5:38 Ошондуктан азыр силерге айтарым: бул адамдарга тийбегиле, буларды өз жайына койгула. эгерде бул адамдык иш-аракет болсо, анда ал бузулат.

    5:39 үгерде Кудайдан болсо, анда силер аны токтото албайсыңар. Кудайга каршы чыгуучулардан болуп калуудан сак болгула». Алар анын айтканына көнүштү.

    үлчилердин кордук көрүшү

    5:40 үлчилерди чакыртып сабатышты да, Ыйсанын ысымы жөнүндө жарыялоого тыюу салышты. Анан аларды бошотуп жиберишти.

    5:41 Алар болсо Теңир Ыйса үчүн кордук көрүүгө татыктуу болушканына кубана синедриондон чыгып кетишти.

    5:42 Ошондон кийин алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө адамдарды окутуп, Ыйса Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууну токтотушкан жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск