Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 38

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    38-БөЛЄМ

    Кудайдын Аюбга берген жообу

    38:1 Теңир бороондун ичинен Аюбга мындай деп жооп берди:

    38:2 «Мааниси жок сөздөрү менен Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким?

    38:3 үркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер!

    38:4 Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең? Айт, эгер билсең.

    38:5 Анын көлөмүн ким чектеди? Айт, эгер билсең. Аны ким жип менен ченеп чыкты?

    38:6 Анын негизи эмненин үстүнө орнотулган? Же болбосо анын бурчка коюлуучу ташын ким койгон?

    38:7 Таңкы жылдыздардын кубанычтуу ырынын коштоосунда Кудайдын бардык уулдары кубанычтан кыйкырып турганда, сен кайда элең?

    38:8 Деңиз эненин курсагынан чыккансып чыкканда, аны дарбаза менен ким тосту?

    38:9 Мен ага булутту кийим кылып, мунарыкты жалаяк кылып бергенде, сен кайда элең?

    38:10 Мен ага чек коюп, дарбаза, кулпу салып:

    38:11 “Ушуга чейин жетесиң, андан ары өтпөйсүң, текебердүү толкунуңдун чеги ушул жер болот”, – деп айтканда, сен кайда элең?

    38:12 Сен өз өмүрүңдө таңга буйрук бердиң беле? Таң нуруна өз ордун көрсөттүң беле?

    38:13 Сен ага төгөрөктүн төрт бурчун нурга бөлө дедиң беле? Жер жүзүнөн мыйзамсыздарды силкип сал дедиң беле?

    38:14 Чопо мөөрдүн астында өзгөрүлгөндөй, жер да өзгөрүлүп, түрдүү түстөгү кийимдей болуп калсын дедиң беле?

    38:15 Мыйзамсыздардын чырагы өчсүн дедиң беле? Алардын суук колдору сынсын дедиң беле?

    38:16 Сен деңиздин тереңине түштүң беле? Түпкүрдүн түбүн изилдегени түштүң беле?

    38:17 Сен үчүн өлүм дарбазасы ачылды беле? өлүм көлөкөсүнүн дарбазасын көрдүң беле?

    38:18 Жердин кеңдигин карап чыктың беле? эгерде ушулардын бардыгын билсең, түшүндүрүп бер.

    38:19 Жарык жашаган жерге барчу жол кайда? Караңгынын турган жери кайда?

    38:20 Анын чегине жеткениң чын, анын үйүнө алып баруучу жолду билериң чын.

    38:21 Сен муну билесиң, анткени сен ошол кезде эле төрөлгөнсүң, сен жашаган күндөрдүн саны өтө көп.

    38:22 Сен кар сактагыч кампага кирдиң беле? Мөндүрлөр сакталган казынаны көрдүң беле?

    38:23 Мен аларды алаамат күндөргө, салгылаш менен кан майдан күндөрүнө сактап турам.

    38:24 Жарык кайсы жол менен жайылат? Чыгыш шамалы жер үстүнөн кайсы жол менен өтөт?

    38:25 Суулардын нугун ким буруп турат, чартылдаган чагылгандын жолун ким салып турат?

    38:26 үл жашабаган жерлерге, адам жашабаган эрме чөлдөргө ким жамгыр жаадырып жатат?

    38:27 Чөлдөр менен талаалардын суусунун ким кандырып жатат? Ким чөптөрдүн тамырын жибитип, өскөнгө түрткү берип жатат?

    38:28 Жамгырдын атасы барбы? Же шүүдүрүмдүн тамчыларын ким жаратып жатат?

    38:29 Муз кимдин курсагынан чыгат, асман бубагын ким жаратып жатат?

    38:30 Суулар таштай болуп катат, түпсүздүктүн үстү тоңот.

    38:31 Сен Ким топ жылдызынын түйүнүн байлай аласыңбы, Кесил топ жылдызынын түйүнүн чече аласыңбы?

    38:32 Топ жылдызды өз маалында чыгара аласыңбы? Ашты балдары менен алып жүрө аласыңбы?

    38:33 Асмандын мыйзамдарын билесиңби, жер жүзүнө анын бийлигин орното аласыңбы?

    38:34 Суу мол болуп, сени капташ үчүн, булуттарга үнүңдү көтөрө аласыңбы?

    38:35 Чагылгандарды жибере аласыңбы? Алар сага келип: “Биз мына”, – деп айтышмак беле?

    38:36 Жүрөккө акылмандыкты ким салды, же болбосо акылга маанини ким берди?

    38:37 Ким өз акылы менен булуттарды санап чыга алат? Ким асман идиштериндеги сууларды токтото алат?

    38:38 Топурак чылага айланып, чоң кесектер бири-бирине жабышып жатканда, аларды ким токтото алат?

    38:39 Ургаачы арстандын тамагын сен таап берип жатасыңбы? Арстандын балдарын сен тойгузуп жатасыңбы?

    38:40 Алар чүэнде жатканда же көлөкөлүү буктурмада жем аңдып отурганда, тамагын сен камдап берип жатасыңбы?

    38:41 Балапандары тамак таппай каңгып, Кудайга кайрылып чыйпылдап жатканда, каргалардын жемин ким даярдап берип жатат?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск