Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Машайак Мусадан жогору

    3:1 Ошондуктан, ыйык бир туугандар, асман чакырыгынын катышуучулары, биздин ишенимибиздин негизи болгон элчи жана Башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсаны карагыла.

    3:2 Кудай үйүндө бардык жагынан Кудайга ишенимдүү болгон Муса сыяктуу эле, Ыйса да өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү.

    3:3 Єйдү курган адам эйгө караганда чоң урматка эү болгондой эле, Мусага караганда Ыйса чоң урматка эү.

    3:4 Ар бир эйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу – Кудай.

    3:5 Муса болсо жарыяланышы керек болгон сөздөрдү жарыялаш үчүн, Кудай үйүндө кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон.

    3:6 Ал эми Машайак Анын үйүндө Уулу катары ишенимдүү. Анын үйү болсо бизбиз. эгерде кайраттуулугубузду жана мактанган эмүтүбүздү аягына чейин бекем сактасак, Анын үйүбүз.

    Ишенбестикке карата эскертүү

    3:7 Ошондуктан Ыйык Рух айткандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда,

    3:8 чөлдөгү сыноо күндөрүндөгү козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла.

    3:9 Ата-бабаларыңар ал жерде Мени сынашты, кырк жыл бою Менин иштеримди көрүштү.

    3:10 Ошондуктан Мен ал муунга каардана мындай дедим: “Жүрөктөрү кайра-кайра адашат, алар Менин жолдорумду таанып билишкен жок”.

    3:11 Ошондуктан Мен каарданып турганымда: “Алар Менин бейпил жайыма киришпейт”, – деп ант бергем».

    3:12 Бир туугандар, сак болгула, тирүү Кудайдан баш тартпашыңар үчүн, үч кимиңердин жүрөгүңөрдө амалкөйлүк, ишенбестик болбосун.

    3:13 Кимдир бирөөңөр күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөрдү катуулантпашыңар үчүн, «бүгүн» деп айта турган күн келгенге чейин, ар күнү бири-бириңерге акыл-насаат айткыла.

    3:14 Баштапкы ишенимибизди акырына чейин бекем сактаганда гана Машайак менен катышыбыз болот.

    3:15 Жогоруда айтылгандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла».

    3:16 Анын үнүн уккандар, Ага каршы чыккандар кимдер эле? Мусанын жетеги менен Мисирден чыккандардын баары эмес беле?

    3:17 Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Күнөө кылгандарга эмеспи? Алардын сөөгү чөлдө калган.

    3:18 «Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп, баш ийбегендерге каршы ант бербегенде, анан кимге каршы ант берди эле?

    3:19 Ошентип, биз алардын ишенбестиктен улам кире албагандыгын көрүп турабыз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск