Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 48

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    48-БөЛЄМ

    Мааптын кыйрашы

    48:1 Маап тууралуу Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Небого кайгы! Ал эүн калды! Кирийатайим маскара болду, каратып алынды. Мизгаб маскара болду, талкаланды.

    48:2 Мындан ары Мааптын даңкы чыкпайт. Кешпондо ага каршы: “Жүргүлө, аны элдер арасынан жок кылалы”, – деп, жамандык ойлоп жатышат. Мадмейна, сен да өлөсүң, сени кылыч эүрчип жүрөт».

    48:3 Хоронайымдан өкүрүк угулуп жатат, талкалануу жана улуу кыйроо болуп жатат.

    48:4 Маап талкаланды, анын балдары өкүрүп жатат.

    48:5 Лухитке чыгып бараткан жерде ый артынан ый чыгып жатат, Хоронайымдан түшүп бара жаткан жерде душман кыйрагандардын ыйын угуп жатат.

    48:6 Качкыла, өз өмүрүңөрдү сактагыла, чөлдөгү жылаңач сөксөөлдөй болгула.

    48:7 Анткени сен өз иштериңе, байлыгыңа эмүттөндүң. Ошон үчүн сен да алынасың, Кемош да өзүнүн ыйык кызмат кылуучулары жана төрөлөрү менен туткунга кетет.

    48:8 Кыйратуучу ар бир шаарга келет, бир да шаар аман калбайт. Теңир айткандай, өрөөн кыйрайт, түздүк эүн калат.

    48:9 Маапка канат бергиле, ал учуп кетсин. Анын шаарлары чөлгө айланат, анткени ал шаарларда жашаганга үч ким калбайт.

    48:10 Теңирдин ишин көңүл коштук менен кылган адамга каргыш! Анын кылычын кан төгүүдөн кармаган адамга каргыш!

    Мааптын шаарларынын элүшү

    48:11 Маап жаш чагынан бейкапар жашап, өзүнүн ачыткысынын үстүндө отурат, идиштен идишке куюлган жок, туткундалып кеткен жок. Ошондуктан ал өз даамын сактап калды, жытын жоготкон жок.

    48:12 «Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен ага куюштуруучуларды жиберем, алар аны куюштурушат, анын идиштерин бошотушат, анын кумураларын талкалашат.

    48:13 Ошондо Ысрайыл өз эмүтү Бейтел үчүн кандай уят болсо, Маап Кемош үчүн ошондой уят болот.

    48:14 Силер: “Биз согушта эр жүрөк, каарман адамдарбыз”, – деп кантип айтып жатасыңар?

    48:15 Маап эүн калды, анын шаарлары өрттөнүп жатат, анын тандалган жаш уландары союлууга кетти, – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша.

    48:16 Маап жакында кыйрайт, аны жакында алаамат каптайт.

    48:17 Анын кошуналары, аны жоктоп ыйлагыла, анын ысымын билгендердин бардыгы: “Күч-кубат таягы, даңк таягы кандай талкаланды!” – дегиле.

    48:18 Дибондо жашоочу кыз, даңк бийиктигинен түшүп, суусуз жерде отур, анткени сага Мааптын кыйратуучусу келип, чептериңди талкалайт.

    48:19 Аройердин кыз тургуну, жолдун боюна туруп алып кара, качып бара жаткандан жана аман калгандан: “үмне болуп кетти?” – деп сура.

    48:20 Маап уят болду, анткени ал эүн калды. Боздоп ыйлагыла, өкүргүлө, Маап талкаланды деп, Арнондо жар салгыла.

    48:21 Ошентип, түздүктөгү өлкөлөргө жаза келди, Холонго да, Жааска да, Мейпаатка да,

    48:22 Дибонго да, Небого да, Бейт-Дыблатайымга да,

    48:23 Кирийатайимге да, Бейт-Гамулга да, Бейт-Мейонго да,

    48:24 Кериотко да, Ботсырага да, Маап жериндеги алыскы жана жакынкы шаарлардын бардыгына жаза келди.

    48:25 Мааптын мүйүзү кесилди, анын каруу-булчуңу талкаланды», – дейт Теңир.

    Мааптын басынтылышы

    48:26 Аны мас болгуча ичиргиле, анткени ал Теңирге каршы көтөрүлдү. Маап өзүнүн кусундусунда оонасын, өзү шылдың болсун.

    48:27 Сен Ысрайылды шылдың кылган жок белең? Ал тууралуу айткан сайын башыңды чайкагыдай, ал эмне, уурулардын арасынан кармалды беле?

    48:28 Шаарларыңарды таштап, аска-зоолордо жашагыла, Мааптын тургундары. Yңкүрдүн оозуна уя салган көгүчкөндөрдөй болгула.

    48:29 Биз Мааптын текеберлиги, чегинен чыккан текеберлиги жөнүндө, менменсингендиги, теңсинбегендиги, мактанчаактыгы, жүрөгүнүн көтөрүлгөндүгү жөнүндө укканбыз.

    48:30 «Мен анын менменсингендигин билем, – дейт Теңир, – бирок анысы негизсиз. Анын сөздөрү курулай: айтканын аткарбайт».

    48:31 Ошондуктан Маап үчүн боздоп ыйлайм, бүт Маап үчүн өкүрөм. Кир-Херестин тургундары үчүн эшкүрүшөт.

    48:32 Сыбманын жүзүмдүгү, сен үчүн Жазерди жоктоп ыйлагандай ыйлайм. Сенин бутактарың деңиздин аркы бетине чейин жайылып турчу, Жазер көлүнө чейин жетчү. Кыйратуучу сенин жайкы мөмөлөрүңө жана бышкан жүзүмүңө кол салды.

    48:33 «Кармелден жана Маап жеринен кубаныч менен шаттык тартылып алынды. Мен жүзүм сыгылуучу жайларда жүзүм тебелөөнү токтотом. Мындан ары аларда ыр ырдап жүзүм тебелешпейт, мындан ары кубанычтын кыйкырыгы эмес, согуштун кыйкырыгы угулат.

    48:34 Кешпондон элалейге жана Жааска чейин жеткен кыйкырыктан улам алар Соардан тартып Хоронайымга жана үчүнчү эглатка чейин кыйкырышат, анткени Нимримдин суулары да какшыйт.

    48:35 Мааптан, – дейт Теңир, – бутканаларда курмандык чалгандарды, өздөрүнүн кудайларына жыпар жыттуу зат түтөткөндөрдү жок кылам».

    48:36 Ошондуктан менин жүрөгүм Маап үчүн чоордой сыздап жатат. Кир-Херестин тургундары үчүн жүрөгүм чоордой сыздап жатат, анткени алардын тапкан байлыктары жок болду.

    48:37 Ар биринин башындагы чачы жулунган, ар биринин сакалы алынган. Ар биринин колдорунда тырмактын изи, ар биринин белинде зумбал.

    48:38 «Мааптын бардык үйлөрүнүн үстүндө жана бардык көчөлөрүндө ый, анткени Мен Маапты керектен чыккан идиштей кылып талкаладым», – дейт Теңир.

    48:39 «Ал кандай талкаланды, – деп, боздоп ыйлашат. – Маап артка качып, кандай уятка калды!» Маап өзүнүн айланасындагылардын бардыгына шылдың болот жана аны көргөн элдин эрөйү учат.

    Мааптын жеңилиши

    48:40 Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, ал бүркүткө окшоп учуп келип, Мааптын үстүнө канатын жаят.

    48:41 Шаарлар каратылып алынат, сепилдер каратылып алынат, ошол күнү Мааптын кайраттууларынын жүрөктөрү толгоодон кыйналып жаткан аялдын жүрөгүндөй болот».

    48:42 Маап элдердин катарынан жок кылынат, анткени ал Теңирге каршы чыкты.

    48:43 «Мааптын тургуну, коркунуч да, ор да, сыйыртмак да сен үчүн, – дейт Теңир.

    48:44 Коркунучтан качкан адам орго түшөт. Ал эми ордон чыккан адам сыйыртмакка түшөт, анткени Мен ага, Маапка, жазалоо жылын каптатам», – дейт Теңир.

    48:45 Качып бара жаткандар алсырап, Кешпондун көлөкөсүнө токтошту, бирок Кешпондон от чыкты, Сихондун ичинен жалын чыкты, ал Мааптын капталын жана козголоңчул уулдарынын чокусун жалмап кетти.

    48:46 Маап, сага кайгы! Кемош эли өлдү, анткени сенин уулдарың туткундалып кетти, сенин кыздарың да туткундалды.

    48:47 «Бирок акыркы күндөрү Мааптын туткундарын кайра алып келем», – дейт Теңир. Мааптын жазасы ошол күнгө чейин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск