Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ыйсанын сыналуусу

    4:1 Ыйса Ыйык Рухка толуп, Иордандан кайтып келгенден кийин, Рух тарабынан чөлгө алынып барылды.

    4:2 Ошол жерде Ал кырк күн шайтан тарабынан сыналды. Ошол күндөрү Ал үч нерсе жеген жок. Акырында, Ал ачка болду.

    4:3 Ошондо шайтан Ага: «үгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул ташка буйру, ал нанга айлансын», – деди.

    4:4 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ыйык Жазууда: “Адам нан менен гана эмес, Кудайдын ар бир сөзү менен жашайт”, – деп жазылып турат».

    4:5 Ошондо шайтан Аны бийик тоого чыгарып, көз ирмемде Ага дүйнөнүн бүт падышачылыктарын көрсөтүп:

    4:6 «Сага ушул падышачылыктардын баарынын үстүнөн болгон бийликти жана алардын атак-даңкын берем. Анткени ал мага берилген, мен аны кимге кааласам, ошого берем.

    4:7 Ошондуктан, эгерде Сен мага таазим кылсаң, баары Сеники болот», – деди.

    4:8 Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңе табын, Ага гана кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.

    4:9 Ошондо шайтан Аны Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди: «үгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда ушул жерден боюңду таштап жибер.

    4:10 Анткени Ыйык Жазууда: “Ал өз периштелерине Сени сактоону буйруйт.

    4:11 Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».

    4:12 Ыйса ага: «“Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп айтылган», – деп жооп берди.

    4:13 Шайтан Ыйсаны сынап бүткөндөн кийин, убактылуу Анын жанынан кетип калды.

    Ыйсанын Галилеядагы кызматы

    4:14 Ыйса Ыйык Рухтун күчүнө толуп, Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө бардык аймактарга кабар тарап жатты.

    4:15 Ал синагогаларда элди окута баштады. Аны бардыгы мактап жатышты.

    Ыйса Назареттеги синагогада

    4:16 Ыйса өзү чоңойгон Назарет шаарына келип, адатынча ишемби күнү синагогага кирди. Ал Кудайдын китебинен окуп берүү үчүн ордунан турганда,

    4:17 Ага Ышайа пайгамбардын китебин сунушту. Ал китепти ачып, мындай деп жазылган жерин таап окуду:

    4:18 «Теңирдин Руху Менде, анткени Ал Мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады. Мени жүрөгү жаралууларды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурлардын көзүн ачууга, кыйналгандарды эркиндикке чыгарууга,

    4:19 Теңирдин ырайым кылуу жылын жарыя кылууга жиберди».

    4:20 Анан Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарып берип, ордуна отурду. Синагогадагылардын бардыгынын көздөрү Ага тигилди.

    4:21 Ошондо Ыйса аларга: «Силер уккан ушул пайгамбарчылык бүгүн орундалды», – деди.

    4:22 Бардыгы Аны кубатташты. Анын оозунан чыккан керемет сөздөрүнө таң калып: «Бул Жусуптун эле баласы эмеспи?» – дешти.

    4:23 Ыйса аларга мындай деди: «Силер Мага “Дарыгер, өзүңдү айыктыр!” деген макалды айтарыңар анык. “Капернаумда кылгандарыңды уктук. Ошол кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кылчы”, – дүүрсиңер».

    4:24 Анан Ыйса дагы мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, үч бир пайгамбар өз жеринде кабыл алынбайт.

    4:25 Силерге чындыкты айтып жатамын, Илияс пайгамбардын тушунда, үч жыл алты ай бою жамгыр жаабай, бардык жерде катуу ачарчылык болгон кезде, Ысрайылда жесир аялдар көп эле.

    4:26 Ошондо Илияс алардын үч кимисине жиберилбестен, Сидон жеринин Сарепат шаарындагы бир жесирге гана жиберилген.

    4:27 Ошондой эле элиша пайгамбардын тушунда Ысрайылда пес оорулуулар көп болгон, бирок сириялык Наамандан башка үч ким айыккан эмес».

    4:28 Муну укканда, синагогадагылардын баары ачууланышты.

    4:29 Алар орундарынан тура калышып, Ыйсаны шаардан кууп чыгышты да, ылдый түртүп жибермекчи болуп, өздөрүнүн шаары жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты.

    4:30 Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.

    Ыйса Капернаумда

    4:31 Ыйса Галилеядагы Капернаум шаарына келип, ишемби күндөрү элди окутуп жатты.

    4:32 үл Анын окутуусуна таң калды, анткени Ал бийлиги бар адамдай сүйлөчү.

    4:33 Синагогада жин оорулуу бир адам бар эле. Ал:

    4:34 «үй, назареттик Ыйса, бизде эмнең бар? Сен бизди жок кылуу үчүн келдиң. Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың», – деп кыйкырды.

    4:35 Ыйса ага: «Єнүңдү бас! Бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды. Ошондо жин ал адамды элдин алдына жыгып, ага үч кандай зыян келтирбестен, анын ичинен чыгып кетти.

    4:36 Ошондо бардыгынын эрөйлөрү учуп, өз ара: «Бул эмне дегени? Ал жиндерге бийлик менен, күч менен буйрук берип жатат, алар чыгып кетип жатышат», – дешти.

    4:37 Ошентип, Ыйса жөнүндө бардык аймактарга кабар тарады.

    Ыйсанын Петирдин кайын энесин жана көптөрдү айыктыруусу

    4:38 Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Шымондун үйүнө келди. Шымондун кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан эле. Ыйсадан ага жардам берүүсүн өтүнүштү.

    4:39 Ыйса анын жанына келип, аны ысытма оорусунан айыктырды. Аял дароо ордунан туруп, аларга кызмат кыла баштады.

    4:40 Күн батканда, Ага ар кандай оорулууларды алып келе башташты. Ал ар биринин үстүнө колдорун коюп, аларды айыктырып жатты.

    4:41 Көптөрдүн ичинен жиндер: «Сен Кудайдын Уулу Машайаксың!» – деп кыйкырып чыгып жатышты. Бирок Ыйса аларга өзүнүн Машайак экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машайак экенин билишчү.

    Ыйсанын бүт Жүйүт аймагында насаат айтышы

    4:42 Таң атканда Ыйса эйдөн чыгып, эүн жерге барды. эл Аны издеп таап, кетирбей алып калгысы келди.

    4:43 Бирок Ыйса аларга: «Мен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек. Анткени Мен ошол үчүн жиберилгем», – деди.

    4:44 Ошентип, Ыйса Галилеядагы синагогаларда насаат айтып жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск