Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы

    3:1 Рим падышасы Тиберийдин падышачылыгынын он бешинчи жылы эле. Жүйүт аймагында Понтий Пилат, Галилеяда Ирод Антипас, Итурея жана Трахонит аймактарына Ироддун бир тууганы Филип, Абиленеяда Лусаний акимчилик кылып,

    3:2 Анас менен Кайапа башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турганда, эүн талаада Захариянын уулу Жаканга Кудайдан сөз айтылды.

    3:3 Ошондон кийин Жакан Иордан дарыясынын боюндагы бүт аймактарды кыдырып, адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн, тобо кылуу чөмүлдүрүүсүн жар сала баштады.

    3:4 Бул жөнүндө Ышайа пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, эүн талаада жар салган адамдын үнү угулат.

    3:5 Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.

    3:6 Ошондо ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт».

    3:7 Жакан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келген элге: «Жылан тукумдары! Келечек каардан качып кутулууну силерге ким эйрөттү?

    3:8 Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө! “Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Анткени силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга ушул таштардан да балдарды жаратып бере алат.

    3:9 Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат», – деди.

    3:10 Ошондо эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» – деп сурады.

    3:11 Ал элге: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы болсо, ал да ушундай кылсын», – деп жооп берди.

    3:12 Салык жыйноочулар да сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келип, андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

    3:13 Жакан аларга: «Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла», – деп жооп берди.

    3:14 Аскерлер да андан: «Бизчи, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Ошондо Жакан аларга: «үч кимге кысым көрсөтпөгүлө, бирөөгө жалаа жаппагыла, өзүңөрдүн маянаңарга ыраазы болгула», – деп жооп берди.

    3:15 Куткаруучуну күтүп жүргөн эл Жакан жөнүндө: «Бул Машайак эмеспи?» – деп ойлошту.

    3:16 Жакан элдин бардыгына мындай деп жооп берди: «Мен силерди сууга чөмүлдүрөм, бирок менден Күчтүү келет, мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

    3:17 Анын күрөгү өз колунда, Ал өзүнүн кырманын тазалап, буудайды кампасына жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».

    3:18 Жакан элге дагы көп нерселер жөнүндө насаат айтып, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

    Чөмүлдүрүүчүнүн камакка алынышы

    3:19 Ал башкаруучу Иродду ашкере кылды. Анткени Ирод өзүнүн бир тууганынын аялы Иродияны алып, дагы көптөгөн жаман иштерди жасаган эле.

    3:20 Анысы аз келгенсип, ал Жаканды түрмөгө каматып койду.

    Ыйсанын сууга чөмүлдүрүлүшү

    3:21 Бардык эл сууга чөмүлдүрүлүп жатканда, Ыйса да чөмүлдүрүлдү. Ал сыйынып жатканда, асман ачылып,

    3:22 Ыйык Рух дене түрүндө, көгүчкөн сыяктуу Анын үстүнө түштү. Анан асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» деген эн угулду.

    Ыйсанын санжырасы

    3:23 Ыйса өзүнүн кызматын баштаганда, отуз жаштын тегерегинде эле. Адамдардын ою боюнча Ал – Жусуптун, үйлинин,

    3:24 Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун,

    3:25 Мататиянын, Амостун, Накумдун, эслинин, Нагайдын,

    3:26 Мааттын, Мататиянын, Шемейдин, Жусуптун, Жүйүттүн,

    3:27 Жаханандын, Ресанын, Зоробабылдын, Шалтиелдин, Неринин,

    3:28 Мелхинин, Адынын, Косамдын, элмадамдын, эрдин,

    3:29 Жосенин, элиезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин,

    3:30 Шымыйондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, элийакимдин,

    3:31 Мелеянын, Менанын, Мататанын, Натандын, Дөөттүн,

    3:32 Жышайдын, Обейттин, Бууздун, Салмондун, Нахшондун,

    3:33 Аминадаптын, Рамдын, Хесрондун, Перестин, Жүйүттүн,

    3:34 Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун,

    3:35 Серуктун, Рейунун, Пелектин, эйбердин, Шелахтын,

    3:36 Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин,

    3:37 Матушалдын, энохтун, Жареттин, Маалалелдин, Кайнандын,

    3:38 эноштун, Шеттин, Адамдын, Кудайдын Уулу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск