Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ыйсанын төрөлүшү

    2:1 Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун» деген буйрук чыгарды.

    2:2 Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон биринчи эл каттоо эле.

    2:3 Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына барды.

    2:4 Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле.

    2:5 Ал өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду.

    2:6 Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы келип,

    2:7 тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени мейманканада аларга орун жок болчу.

    Периштенин койчуларга кубанычтуу кабар жарыялашы

    2:8 Ошол жерде түнкүсүн талаада түнөп малын кайтарган койчулар бар эле.

    2:9 Күтүлбөгөн жерден аларга Теңирдин периштеси көрүнүп, Теңирдин даңкы жаркырады. Койчулар аябай коркуп кетишти.

    2:10 Периште аларга: «Коркпогула! Мен силерге бардык адамдарды сүйүнтө турган чоң кубанычты жарыялайм.

    2:11 Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машайак Теңир.

    2:12 Силер аны бул белги боюнча билесиңер: жалаякка оролуп, акырда жаткан Наристени көрөсүңөр», – деди.

    2:13 Күтүлбөгөн жерден периште менен бирге асман аскерлеринин тобу көрүнүп:

    2:14 «Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдар арасында тынчтык болсун», – деп, Кудайды даңкташты.

    Койчулардын табынуусу

    2:15 Периштелер асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, Бейт-Лехемге баралы да, ал жерде эмне болгонун, Теңирдин бизге эмне жөнүндө жарыялаганын көрөлү», – дешти.

    2:16 Алар шашылыш түрдө келишип, Мариям менен Жусупту, акырда жаткан Наристени көрүштү.

    2:17 Аларды көрүшкөндөн кийин, бул Наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти.

    2:18 Ошондо угуп тургандардын бардыгы койчулардын сөздөрүнө таң калышты.

    2:19 Мариям болсо бул сөздөрдүн бардыгын көңүлүнө түйүп, эсине сактады.

    2:20 Койчулар көргөндөрүнүн, уккандарынын баары периштенин айтканындай болгону үчүн Кудайды даңктап, мактап, кайра кайтышты.

    Ыйсанын сүннөткө отургузулушу

    2:21 Сегиз күн болгондо, Наристени сүннөткө отургузууга мезгил жеткенде, Анын ысымын Ыйса деп коюшту. Бул ысым Наристе бойго бүтө электе эле, периште тарабынан коюлган эле.

    2:22 Мусанын мыйзамы боюнча алардын тазалануу убагы бүткөндөн кийин, алар Ыйсаны Теңирдин алдына алып баруу үчүн, Иерусалимге алып келишти.

    2:23 Анткени Теңирдин мыйзамында: «Сүннөткө отургузулган ар бир тун эркек бала Теңирге арналсын», – деп жазылган.

    2:24 Алар Теңирдин мыйзамы боюнча эки бактек же эки жаш көгүчкөндү курмандыкка чалуулары керек эле.

    Шымыйондун пайгамбарчылыгы

    2:25 Ошол убакта Иерусалимде Шымыйон деген адам жашачу. Ал Ысрайыл элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн, Кудайдан корккон, Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган адил адам эле.

    2:26 Ага Ыйык Рух тарабынан: «Теңирдин Машайагын көрмөйүнчө, өлбөйсүң», – деп алдын ала айтылган эле.

    2:27 Ал Ыйык Рухтун жетеги менен ийбадатканага келди. Мыйзамды аткаруу үчүн, ата-энеси Наристе Ыйсаны ийбадатканага алып келишкенде,

    2:28 Шымыйон Аны колуна алып, Кудайды даңктап, мындай деди:

    2:29 «үгедер Теңирим, эми өз сөзүң боюнча өз кулуңду тынчтык менен коё бересиң.

    2:30 Анткени мен Сенин бардык элдердин алдында даярдаган куткарууңду,

    2:31 бутпарастардын көзүн ача турган жарыкты,

    2:32 Ысрайыл элиңдин даңкын көрдүм».

    2:33 Наристе жөнүндө айтылган сөздөргө Жусуп да, Мариям да таң калды.

    2:34 Анан Шымыйон аларга батасын берип, Наристенин энеси Мариямга: «Бул Наристе Ысрайыл жеринде көптөрдүн жыгылуусунун жана көптөрдүн жогору көтөрүлүүсүнүн, талаш-тартыштын себепкери болот. Көптөрдүн жүрөктөгү ойлору ачылат.

    2:35 Ал эми сенин жүрөгүң тилингендей болот», – деди.

    Пайгамбар аял Анна

    2:36 Ошол жерде Ашыр уруусунан чыккан Пануел кызы Анна деген карыган пайгамбар аял бар эле. Ал күйөөсү менен жети жыл гана жашаган.

    2:37 Сексен төрт жаштагы бул жесир аял орозо кармап, сыйынып, Кудайга күнү-түнү кызмат кылып, ийбадатканадан кетчү эмес.

    2:38 Ошол учурда ал да келип, Теңирди даңктап, Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөндөрдүн бардыгына Ал жөнүндө айтып берди.

    Назаретке кайтуу

    2:39 Алар Теңирдин мыйзамында көрсөтүлгөндүн бардыгын аткарышкандан кийин, Галилеядагы өздөрүнүн Назарет шаарына кайтып келишти.

    2:40 Бала акылга толуп, руху бекемделип, чоңоё берди. Кудай Ага батасын берип жатты.

    Он эки жашар Ыйса ийбадатканада

    2:41 Жыл сайын Ыйсанын ата-энеси Иерусалимге Пасах майрамына барышчу.

    2:42 Ыйса он эки жашка чыкканда да, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышты.

    2:43 Майрам күндөрү аяктап, үйлөрүнө кайтышканда, өспүрүм Ыйса Иерусалимде калып калды. Муну Жусуп да, Анын энеси да байкаган жок.

    2:44 Аны башкалар менен келе жатат деп ойлошту. Бир күн жол жүрүшкөндөн кийин, алар Аны туугандарынын жана тааныштарынын арасынан издей башташты.

    2:45 Таппай коюшкандан кийин, Аны издеп, кайра Иерусалимге келишти.

    2:46 Єч күндөн кийин Аны ийбадатканадан, устаттардын ортосунда сөз угуп, суроо берип отурган жеринен табышты.

    2:47 Угуп отургандардын бардыгы Анын акылына жана берген жоопторуна таң калышты.

    2:48 Ата-энеси Аны көрүп, таң калды. энеси Ага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, Сени издеп жүрөбүз», – деди.

    2:49 Ыйса аларга: «Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» – деди.

    2:50 Бирок алар айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүшкөн жок.

    2:51 Анан Ыйса ата-энеси менен Назаретке келди. Ал ата-энесине тил алчаак болду. энеси болсо бул сөздөрдүн баарын көкүрөгүнө түйүп жүрдү.

    2:52 Ыйса жетилип, акыл-үске толду. Ал Кудайдын да, адамдардын да сүймөнчүгү болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск