Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кириш сөз

    1:1 Урматтуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза башташты.

    1:2 Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айтышкан эле.

    1:3 Ошондуктан бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым.

    1:4 Бул аркылуу сен өзүң уккан сөздөрдүн чындык экендигин билип каласың.

    Периште чөмүлдүрүүчү Жакандын төрөлөрүн кабарлайт

    1:5 Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария аттуу ыйык кызмат кылуучу болгон. Анын Арун уруусунан чыккан элизабет деген аялы бар эле.

    1:6 үкөө тең Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашашчу.

    1:7 үлизабет төрөбөс болгондуктан, алардын балдары жок болчу. экөө тең карып калышкан эле.

    1:8 Бир күнү Захария өз кезеги боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда,

    1:9 ыйык кызмат кылуучулардын салты боюнча өкчөмө таш ыргытылып, ага Теңирдин ийбадатканасына кирип жыпар жыттуу зат түтөтүү кызматы тийди.

    1:10 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүп жаткан учурда, көп эл сыртта сыйынып турду.

    1:11 Ошондо ага Теңирдин периштеси көрүндү. Периште жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын оң жагында турду.

    1:12 Захария аны көргөндө, селт эте түштү. Аны коркунуч басты.

    1:13 Периште болсо ага мындай деди: «Коркпо, Захария! Анткени сенин сыйынууң угулду. Аялың элизабет сага уул төрөп берет, анын ысымын Жакан коёсуң.

    1:14 Сен кубанычка, шаттыкка бөлөнөсүң, анын төрөлгөнүнө көптөр сүйүнүшөт.

    1:15 Анткени ал Теңирдин алдында улуу адам болот. Шарап да, күчтүү ичкилик да ичпейт. энесинин ичинде жатканда эле Ыйык Рухка толот.

    1:16 Ысрайыл уулдарынын көпчүлүгүн өздөрүнүн Кудай-Теңирине бурат.

    1:17 Аталарынын жүрөгүн балдарына, баш ийбегендерди адил адамдардын ойлонуу жолуна буруп, даярдалган элди Теңирге алып келүү үчүн, ал Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен Анын алдында келет».

    1:18 Ошондо Захария периштеге: «Мен муну эмнеден улам билем? Анткени мен карып калдым, аялым да карыды», – деди.

    1:19 Периште ага мындай деп жооп берди: «Мен Кудай алдында туруучу Жебирейилмин, сени менен сүйлөшүү үчүн, сага ушул жакшы кабарды билдирүү үчүн жиберилгем.

    1:20 Сен менин өз убагы келгенде орундала турган сөздөрүмө ишенбегендигиң үчүн, тилден калып, бул ишке ашкан күнгө чейин сүйлөбөйсүң».

    1:21 Ошол учурда Захарияны күтүп турган эл анын ийбадатканада кармалып жатканына таң калды.

    1:22 Ал сыртка чыкканда, элге сүйлөй албай койду. Ошондо алар анын ийбадатканада көрүнүш көргөнүн түшүнүштү. Захария аларга жаңсап түшүндүрдү, анткени ал дудук болуп, сүйлөй албай калган эле.

    1:23 Кызмат кыла турган күндөрү бүткөндөн кийин, ал үйүнө кайтты.

    1:24 Ошол күндөрдөн кийин анын аялы элизабеттин боюна бүтүп, беш ай бою жашырынып жүрдү.

    1:25 «Мени элдин шылдыңынан куткарыш үчүн, Теңир ушул күндөрдө мага назарын салып, ушундай кылды», – деди ал.

    Жакшы Кабар

    1:26 Алтынчы айда Кудай Галилеянын Назарет деген шаарына,

    1:27 Дөөт тукумунан чыккан Жусуп деген адам менен убадалашып койгон кызга Жебирейил периштени жиберди. Кыздын ысымы Мариям эле.

    1:28 Периште ага келип: «Салам, Кудайдан ырайым тапкан кыз! Теңир сени менен! Аялдардын ичинен сен баталуусуң!» – деди.

    1:29 Периштенин сөзүнө апкаарый түшкөн Мариям бул саламдашуу эмнени билдирет деп, ойлонуп калды.

    1:30 Ошондо периште ага мындай деди: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Кудайдан ырайым таптың.

    1:31 Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коёсуң.

    1:32 Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет.

    1:33 Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышачылык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт».

    1:34 Мариям периштеден: «үркек көрбөсөм, бул кандайча болот?» – деп сурады.

    1:35 Периште ага мындай деп жооп берди: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сени Бардыгынан Жогору Тургандын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет.

    1:36 “Төрөбөс” деп аталган тууганың элизабет да карыганда кош бойлуу болду. Ал уул төрөйт, анын боюна бүткөнүнө алты ай болду.

    1:37 Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт».

    1:38 Ошондо Мариям: «Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун», – деди. Ошондон кийин периште анын жанынан кетти.

    Мариям элизабетке келет

    1:39 Ошол күндөрдүн биринде Мариям тоолуу Жүйүт өлкөсүнүн бир шаарына шашылыш түрдө жөнөдү.

    1:40 Ал Захариянын үйүнө кирип, элизабет менен саламдашты.

    1:41 Мариямдын саламын укканда, элизабеттин ичиндеги баласы туйлап жиберди. Ошондо элизабет Ыйык Рухка толуп,

    1:42 үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Аялдардын ичинен сен баталуусуң, ичиңдеги бала да баталуу!

    1:43 Теңиримдин энеси мага келгидей, мен киммин?

    1:44 Анткени сенин саламыңды укканымда, ичимдеги бала кубанычтан туйлап жиберди.

    1:45 Ишенгениң үчүн бактылуусуң, анткени Теңирдин сага айткан сөзү аткарылат».

    Мариямдын даңктоо ыры

    1:46 Мариям мындай деди: «Менин жаным Теңирди даңктайт.

    1:47 Куткаруучум Кудайды ойлоп, рухум кубанды.

    1:48 Анткени Ал өзүнүн кулунун момундугуна назарын салды. Анткени мындан ары бардык муундар мени “бактылуу” дешет.

    1:49 Анткени Кудуреттүү мага улуу иш жасады. Анын ысымы ыйык.

    1:50 Ал өзүнөн корккондорго укумдан-тукумга ырайым кылат.

    1:51 Ал өзүнүн колунун күчүн көрсөттү. Жүрөгүндөгү ойлору текеберлерди чачыратып жиберди.

    1:52 Күчтүүлөрдү тактыларынан түшүрүп, момундарды көтөрдү.

    1:53 Ачкаларга ырыскыны мол берди, байларды болсо куру кол коё берди.

    1:54-55 Биздин ата-бабаларыбызга, Ыбрайымга жана анын тукумуна түбөлүккө ырайым кылууну убада кылганын үстеп, өзүнүн кулу Ысрайылга жардамга келди».

    1:56 Мариям элизабеттин жанында үч айга жакын болуп, үйүнө кайтты.

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын төрөлүшү

    1:57 үлизабеттин төрөр маалы келип, уул төрөдү.

    1:58 Теңирдин ага улуу ырайым көрсөткөнүн уккан анын коңшулары менен туугандары аны менен бирге кубанышты.

    1:59 Сегизинчи күнү баланы сүннөткө отургузууга келишти. Ага атасы Захариянын ысымын коймокчу болушту.

    1:60 Бирок баланын энеси: «Жок, анын ысымын Жакан коёбуз», – деди.

    1:61 Ошондо алар ага: «Сенин урук-тукумуңда мындай аттуу үч ким жок да», – дешти.

    1:62 Анан баланын атасынан кандай ат койгусу келерин жаңсап сурашты.

    1:63 Ал тактайча талап кылып, «Анын ысымы – Жакан» деп жазды. Бардыгы таң калышты.

    1:64 Ошол замат Захарияга тил кирип, Кудайды даңктай баштады.

    1:65 Алардын тегерегинде жашагандардын бардыгын коркунуч басты. Бул жөнүндө тоолуу Жүйүт аймагынын бүт жерине сөз тарады.

    1:66 Уккандардын бардыгы муну көкүрөгүнө түйүп: «Бул бала ким болор экен?» – дешти. Аны Кудай өзү колдоп жүрдү.

    Захариянын даңктоо ыры

    1:67 Анын атасы Захария Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарчылык кылды:

    1:68 «Ысрайылдын Кудай-Теңирине алкыш! Анткени Ал өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды.

    1:69 Байыртадан бери өзүнүн ыйык пайгамбарлары аркылуу айтып келгендей,

    1:70 өз кулу Дөөттүн тукумунан биз үчүн куткаруу мүйүзүн көтөрдү.

    1:71 Ал бизди душмандарыбыздан, бизди жек көргөндөрдүн колунан куткарды.

    1:72 Биздин ата-бабаларыбызга ырайым кылып, өзүнүн ыйык келишимин үстеди.

    1:73 өмүрүбүз өткөнчө Анын алдында, Ага ыйыктык жана адилеттүүлүк менен,

    1:74-75 коркпостон кызмат кылышыбыз үчүн, Ал атабыз Ыбрайымга бизди душмандарыбыздын колунан куткарууну убада кылган.

    1:76 Сен да, наристе, Бардыгынан Жогору Тургандын пайгамбары деп аталасың. Анткени сен Теңирге жол даярдаш үчүн,

    1:77 Кудайдын улуу боорукердиги боюнча күнөөлөрү кечирилип, куткарыларын Анын элине түшүндүрүш үчүн, Анын алдында келесиң.

    1:78 Ошол улуу боорукердик боюнча бизди тынчтыктын жолуна салуу үчүн,

    1:79 караңгычылыкта жана өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык берүү үчүн, жогорудан бизге Жарык келди».

    1:80 Бала болсо чоңоюп, күндөн күнгө руху бекемделип жатты. Ал өзүнүн Ысрайыл элине келгенге чейин эүн талаада жашады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск