Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Ыйсанын Галилеядагы иштери

    8:1 Ушундан кийин Ыйса шаарларды, айыл-кыштактарды аралап, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып жүрдү. Аны он эки шакирти жана

    8:2 көптөгөн аялдар эүрчип жүрүштү. Ыйса ал аялдарды жин оорусунан жана башка ооруларынан айыктырган эле. Алар: ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям,

    8:3 Ироддун сарай башчысы Хузанын аялы Жахана, Сузана жана башкалар. Алар Ага өз мүлктөрү менен кызмат кылып жатышты.

    Себүүчү жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    8:4 Бардык шаарлардын тургундары келип, көп эл чогулуп калганда, Ыйса элгү-насаат аңгеме менен сүйлөй баштады:

    8:5 «Себүүчү өз эрөнүн себүү үчүн чыкты. Ал сүүп жатканда, күү бир эрөндөр жол боюна түшүп, тапталып калды. Канаттуулар аларды терип жеп кетишти.

    8:6 Күү бир эрөндөр таштак жерге түштү. Єрөн өнүп чыккандан кийин, нымдуулук жетишпей, куурап калды.

    8:7 Күү бир эрөндөр тикенектин арасына түштү. өсүп келе жатканда, аларды тикенек басып салды.

    8:8 Күү бир эрөндөр жакшы жерге түштү. өсүп чыгып, жүз эсе түшүм берди». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.

    8:9 Шакирттери Андан: «Бул элгү-насаат аңгеменин мааниси кандай?» – деп сурашты.

    8:10 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Кудайдын Падышачылыгынын жашыруун сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми башкаларга элгү-насаат аңгеме менен айтылат, алар карап турса да көрүшпөйт, угуп турса да угушпайт.

    8:11 Бул элгү-насаат аңгеменин мааниси мындай: эрөн – Кудайдын Сөзү.

    8:12 Жол боюна түшкөн эрөндөр сөздү уккан адамдарды билдирет, бирок кийин шайтан келет да, алар ишенбесин, куткарылбасын деп, жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет.

    8:13 Таштак жерге түшкөн эрөндөр сөздү угуп, кубанып кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок алардын тамыры жок болгондуктан, убактылуу гана ишенип, сыноо убагында ишенимден четтеп кетишет.

    8:14 Ал эми тикенектин арасына түшкөн эрөндөр сөздү угуп, бирок жемиш бербеген адамдарды билдирет. Алар нары басары менен түйшүккө батып, байлыкка азгырылып, жашоонун ыракатына берилип кетишет.

    8:15 Жакшы жерге түшкөн эрөндөр болсо мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угуп, жакшы, таза жүрөктөрүндө сактап, чыдамдуулук менен жемиш беришет». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!

    Күйгүзүлгөн чырак жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    8:16 үч ким чыракты күйгүзүп, аны идиш менен жаппайт, же керебеттин астына койбойт, тескерисинче, эйгө киргендерге жарык берсин деп, чыракпаяга коёт.

    8:17 Анткени ачыкка чыкпай турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей, ачылбай кала турган сыр болбойт.

    8:18 Ошондуктан кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө! Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, бар деп ойлогону да тартылып алынат».

    Ыйсанын чыныгы туугандары

    8:19 Ыйсанын энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Анын жанына бара албай коюшту.

    8:20 Ошондо Ага: «үнең менен бир туугандарың Сени көрүүнү каалап, сыртта турушат», – деп билдиришти.

    8:21 Ыйса аларга: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар – Менин энем жана бир туугандарым», – деп жооп берди.

    Ыйсанын толкунду токтотушу

    8:22 Бир күнү Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп, аларга: «Көлдүн наркы өйүзүнө өтөлү», – деди. Ошентип, алар сүзүп кетишти.

    8:23 Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Көлдө катуу шамал болуп, толкун уруп, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле.

    8:24 Шакирттери Ыйсаны: «Устат! Устат! Кыйрап калмай болдук», – деп ойготушту. Ал ордунан туруп, шамалга жана толкундап жаткан сууга тыюу салды. Шамал да, толкун да басылып, тынчтык орноду.

    8:25 Ошондо Ыйса шакирттерине: «Ишенимиңер кайда?» – деди. Алар коркуп, таң калып, бири-бирине: «Шамал менен сууну баш ийдирген деги бул ким?» – дешти.

    Ыйса Гадара аймагында

    8:26 Ошентип, алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гадара аймагына сүзүп келишти.

    8:27 Ыйса жүүкке чыкканда, шаардан Аны көптөн бери жин оорусу менен ооруган бир адам тосуп чыкты. Ал кийим кийчү эмес, эйдө жашабай, мүрзөлөрдө күн өткөрчү.

    8:28 Ал Ыйсаны көргөндө, кыйкырып жиберди да, Анын алдына жыгылып, катуу эн менен: «Ыйса, Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу! Менде эмнең бар? Суранам, мени кыйнай көрбө!» – деди.

    8:29 Анткени Ыйса жинге: «Бул кишиден чык!» – деп буйрук берген эле. Себеби ал бул кишини көптөн бери кыйнап жүргөн. Чынжыр менен байлап, кишендеп кайтарганга болбой, ал кишенди талкалап салчу. Жин аны эүн талаага айдап барчу.

    8:30 Ыйса андан: «Атың ким?» – деп сурады. «Түмөн», – деди ал. Анткени анын ичине көп жин кирген эле.

    8:31 Алар Ыйсадан: «Бизди түпсүздүккө түшүрө көрбө», – деп өтүнүштү.

    8:32 Ошол жерде, тоонун боорунда чочколор жайылып жүргөн эле. Жиндер Ыйсадан алардын ичине кирүүгө уруксат берүүсүн өтүнүштү. Ыйса аларга уруксат берди.

    8:33 Ошондо жиндер адамдын ичинен чыгып, чочколордун ичине киришти. Чочколор көлдү карай бет алып, тик жардан кулап, чөгүп өлүштү.

    8:34 Муну көрүп турган чочко кайтаруучулар качып жөнөштү. Алар шаарларга жана айыл-кыштактарга барып, болгон окуяны айтып беришти.

    8:35 үмне болгонун көрүү үчүн, уккандар Ыйсага келишти. Алар ичинен жиндери чыккан кишинин акыл-үсине келип, кийим кийип, Ыйсанын алдында отурганын көрүп, коркуп кетишти.

    8:36 Окуяны көргөндөр болсо аларга жин оорулуунун кантип айыкканын айтып беришти.

    8:37 Ошондо Гадара аймагынан келген бүт эл Ыйсадан: «Бизден кет», – деп өтүндү. Анткени аларды чоң коркунуч баскан эле. Ыйса кайыкка түшүп кетип калды.

    8:38 Жиндерден кутулган адам Ыйсадан: «Сени менен бирге жүрөйүн», – деп суранды. Бирок Ыйса ага:

    8:39 «Єйүңө бар, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер», – деп, аны кетирип жиберди. Ал киши шаарларды кыдырып, Ыйсанын эмне кылганын айтып жүрдү.

    Аялдын айыгышы. Жайырдын кызынын тирилиши

    8:40 Ыйса көлдүн берки өйүзүнө кайтып келгенде, Аны эл тосуп чыкты, анткени алар Аны күтүп жатышкан эле.

    8:41 Ошол учурда Жайыр деген киши келди. Ал синагоганын башчысы эле. Ыйсанын бутуна жыгылып, ал Андан өзүнүн үйүнө кирүүсүн өтүндү.

    8:42 Анткени анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан. эүрчиген элдин көптүгүнөн Ыйса кысылып бара жатты.

    8:43 Топ элдин арасында он эки жылдан бери кан кетип, азап чегип жүргөн бир аял бар эле. Болгон мүлкүн дарыгерлерге жумшаган ал аялды үч бир дарыгер айыктыра алган эмес.

    8:44 Аял арт жактан келип, Ыйсанын кийиминин четине колун тийгизди. Ошол замат андан кан кетпей калды.

    8:45 Ошондо Ыйса: «Мага ким колун тийгизди?» – деди. Бардыгы: «Мен эмесмин», – дешкенден кийин, Петир жана Анын жанындагылар: «Устат! эл Сени тегеректеп, кысып турса, “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң», – дешти.

    8:46 Бирок Ыйса: «Кимдир бирөө Мага колун тийгизди. Анткени Мен өзүмдөн күч чыкканын сездим», – деди.

    8:47 Аял болсо жашырынып кала албасын билип, калтырай басып келип, Ыйсанын бутуна жыгылды. Анан бүт элдин алдында Ага эмне себептен колун тийгизгенин жана ошол замат айыгып калганын айтты.

    8:48 Ыйса ага: «Коркпо, кызым. Сени ишенимиң куткарды, тынчтык менен бара бер!» – деди.

    8:49 Ал ушинтип айтып жатканда, синагога башчысынын үйүнөн бирөө келип: «Кызың өлүп калды. Устатты убара кылбай эле кой», – деди.

    8:50 Ыйса муну укканда, Жайырга: «Коркпо, бирок ишен. Ошондо кызың тирүү калат», – деди.

    8:51 Ыйса эйгө келгенде, Петир, Жакан, Жакып менен кыздын ата-энесинен башка үч кимдин эйгө кирүүсүнө уруксат бербеди.

    8:52 Бардыгы кызды жоктоп, боздоп ыйлап жатышты. Ыйса аларга: «Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат», – деди.

    8:53 Кыздын өлгөнүн билген алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.

    8:54 Ыйса бардыгын сыртка чыгарып жиберди да, кызды колунан кармап: «Кыз, ордуңан тур!» – деди.

    8:55 Ошондо кыздын жаны өзүнө кайтып келди. Ал ошол замат ордунан турду. Ыйса кызга тамак берүүнү буйруду.

    8:56 Кыздын ата-энеси таң калды. Ыйса болсо аларга болгон окуя тууралуу үч кимге айтпоону буйруду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск