Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Жүз башынын кулун айыктыруу

    7:1 Угуп турган элге Ыйса өзүнүн сөздөрүн айтып бүткөндөн кийин, Капернаум шаарына келди.

    7:2 Бир жүз башынын жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан эле.

    7:3 Жүз башы Ыйса жөнүндө укканда, «Келип, кулумду айыктырып берсе экен» деген өтүнүч менен жүйүт аксакалдарын Ыйсага жөнөттү.

    7:4 Алар Ыйсага келишип: «Ал Сенин жардамыңа татыктуу киши.

    7:5 Анткени ал биздин элибизди жакшы көрөт, бизге синагога да курдуруп берген», – деп, Ага чоң өтүнүч менен кайрылышты.

    7:6 Ыйса алар менен бирге жөнөдү. Ал эйгө жакындап калганда, жүз башы Ага досторун жиберип, мындай деп айттырды: «Теңир, убара болбо! Єйүмдүн босогосун аттооңо мен татыксызмын.

    7:7 Ошондуктан Сага өзүм барууну да ылайык көрбөдүм. Сен бир гана сөз айтсаң, менин кулум айыгат.

    7:8 Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок менин кол астымда да аскерлерим бар. Алардын бирине: “Бар”, – десем, барат; дагы бирине: “Кел”, – десем, келет; кулума: “Муну кыл!” – десем, кылат».

    7:9 Ыйса муну укканда, жүз башыга таң калды. Анан өзүнүн артынан эүрчип келе жаткан элге бурулуп: «Силерге айтып коёюн, Мен мындай ишенимди Ысрайыл жеринен да тапкан эмесмин», – деди.

    7:10 Жиберилген кишилер эйгө кайтып келишип, ооруп жаткан кулдун айыгып калганын көрүштү.

    Ыйсанын жесир аялдын уулун тирилтиши

    7:11 Анан Ыйса Наин шаарына барды. Аны шакирттери жана топ эл эүрчип жүрдү.

    7:12 Ал шаардын дарбазасына жакын калганда, бир жесир аялдын жалгыз баласынын сөөгүн көтөрүп чыгышты. Аялдын жанында бир топ киши бар эле.

    7:13 Теңир аялды көргөндө, аны аяп: «Ыйлаба!» – деди да,

    7:14 табытка жакын келип, колун тийгизди. Көтөрүп бара жаткандар токтоп калышты. Ошондо Ыйса: «Жигит, сага айтып жатам, ордуңдан тур!» – деди.

    7:15 өлүк өйдө болуп, отурду да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды.

    7:16 Бардыгынын эрөйү учуп: «Арабыздан улуу Пайгамбар чыкты, Кудай өз элине келди», – деп, Кудайды даңкташты.

    7:17 Ал жөнүндөгү мындай көз караш бүткүл Жүйүт аймагына жана анын тегерек-четине тарап кетти.

    7:18 Бул окуялар тууралуу Жакан өзүнүн шакирттеринен кабардар болду.

    Чөмүлдүрүүчүнүн суроосу, Ыйсанын жообу

    7:19 Ошондо ал эки шакиртин чакырып алып, «Келе турган Сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» – деп суратыш үчүн, Ыйсага жиберди.

    7:20 Алар Ыйсага келишип: «Бизди чөмүлдүрүүчү Жакан жиберди. Ал Сенден: “Келе турган Сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?” – деп сурап жатат», – дешти.

    7:21 Ал учурда Ыйса көптөрдү оору-кеселдеринен айыктырып, жиндерден бошотуп, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле.

    7:22 Ыйса Жакандын шакирттерине: «Укканыңар менен көргөнүңөрдү Жаканга айтып баргыла: сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип жатышат, жакырларга Жакшы Кабар таратылып жатат.

    7:23 Менин ким экендигимден шектенбеген адам бактылуу!» – деди.

    Ыйсанын Жакан жөнүндө күбөлөндүрүүсү

    7:24 Жакан жиберген адамдар кетишкенден кийин, Ыйса элге Жакан жөнүндө айта баштады: «үэн талаага эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы?

    7:25 Силер деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат баалуу кийим кийген адамдыбы? Кымбат баалуу кийим кийип, шаан-шөкөттүү жашагандар падыша сарайларында болушат да!

    7:26 Силер деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коёюн, ал пайгамбардан да чоң!

    7:27 Ыйык Жазуудагы “Мен Сенден мурун өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт” деген сөз ошол жөнүндө жазылган.

    7:28 Силерге айтып коёюн, аял затынан төрөлгөндөрдүн ичинен чөмүлдүрүүчү Жакандан чоң бир да пайгамбар жок, бирок Кудайдын Падышачылыгындагылардын эң кичинеси андан чоң!»

    7:29 Ошондо Аны угуп турган бүт эл жана салык жыйноочулар Жакандын чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүлүп, Кудайды даңкташты.

    7:30 Ал эми фарисейлер менен мыйзам окутуучулар сууга чөмүлдүрүлүшпөй, өздөрүнө карата Кудайдын эркин четке кагышты.

    7:31 Ошондо Ыйса мындай деди: «Бул муундун адамдарын кимге салыштырсам экен? Алар кимге окшош?

    7:32 Алар көчөдө отуруп алып, бири-бирине: “Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз силерге муңдуу ырларды ырдап бердик, бирок силер ыйлаган жоксуңар”, – деп кыйкырган балдарга окшош.

    7:33 Анткени чөмүлдүрүүчү Жакан келди, нан да жебейт, шарап да ичпейт. Силер: “Анын ичинде жин бар” дейсиңер.

    7:34 Адам Уулу келди, ичет, жейт. Силер Аны “жегенди, шарап ичкенди жакшы көргөн адам, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу” дейсиңер.

    7:35 Акылмандуулук өзүнүн бардык иштери аркылуу акталды».

    Ыйса жана күнөөсү кечирилген аял

    7:36 Бир фарисей Ыйсаны тамакка чакырды. Ыйса анын үйүнө барып, дасторконго отурду.

    7:37 Ошол шаардагы бир күнөөкөр аял Анын фарисейдин үйүндө экендигин билип, айнек идишке куюлган жыпар жыттуу май алып келди.

    7:38 Ал Ыйсанын бут жагына келип, Анын буттарына көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Анын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, жыпар жыттуу май менен майлады.

    7:39 Ыйсаны чакырган фарисей муну көргөндө: «үгерде Ал пайгамбар болсо, анда өзүнө кол тийгизип жаткан аялдын ким экенин, кандай аял экенин билмек, бул күнөөкөр аял да», – деп ойлоду.

    7:40 Ошондо Ыйса ага кайрылып: «Шымон, сага айта турган сөзүм бар», – деди. Ал Ага: «Айт, Устат», – деди.

    Карызы бар эки адам жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    7:41 Ыйса ага мындай деди: «Бир киши эки адамга карызга акча берет. Бирине беш жүз, экинчисине элүү динарий.

    7:42 Алардын бере турган үч нерсеси болбогондуктан, ал экөөнүн тең карызын кечип коёт. Айтчы, алардын кимиси аны көбүрөөк жакшы көрөт?»

    7:43 Шымон: «Көбүрөөк карызы кечирилгени деп ойлойм», – деди. Ыйса ага: «Туура айттың», – деди да,

    7:44 аялды карап: «Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө келгенимде, сен Мага бутумду жууганга суу берген жоксуң. Бул аял болсо бутума көз жашын төгүп, чачы менен сүрттү.

    7:45 Сен Мени өпкөн жоксуң. Ал болсо Мен келгенден бери бутумду өөп жатат.

    7:46 Сен Менин башымды майлаган жоксуң. Ал болсо жыпар жыттуу май менен Менин буттарымды майлады.

    7:47 Ошондуктан сага айтып коёюн, анын көп күнөөлөрү кечирилди, ошон үчүн анын сүйүүсү күчтүү. Ал эми аз кечирилгендин сүйүүсү күчтүү эмес», – деди.

    7:48 Аялга болсо: «Сенин күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

    7:49 Ошондо Аны менен бир дасторкондо отургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган бул ким өзү?» – деп, өз ара сүйлөшүштү.

    7:50 Ыйса аялга: «Сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер!» – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск