Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Ишемби күн жөнүндө

    6:1 Ишемби күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен эгин талаасынан өтүп бара жатты. Шакирттери буудайдын баштарын эзүп алып, колдору менен ушалап жеп бара жатышты.

    6:2 Кайсы бир фарисейлер: «үмне үчүн силер ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатасыңар?» – деп сурашты.

    6:3 Ыйса аларга: «Дөөт пайгамбар жана анын жанындагылар ачка болушканда, эмне кылгандарын окуган жок белеңер?

    6:4 Ал Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка үч кимге жегенге болбой турган нан курмандыктарынан алып жеп, жанындагы кишилерге да бербеди беле», – деп жооп берди да,

    6:5 «Адам Уулу – ишемби күндүн да Кожоюну!» – деди.

    Бир колу шал болуп калган адамдын айыгышы

    6:6 Ишемби күндөрүнүн дагы биринде Ыйса синагогага келип, элди окутту. Ал жерде оң колу шал болуп калган бир адам бар эле.

    6:7 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсаны айыпташ үчүн шылтоо издеп: «Ал ишемби күнү айыктырар бекен», – деп карап турушту.

    6:8 Алардын оюн билген Ыйса бир колу шал болуп калган адамга: «Ордуңан туруп, ортого кел», – деди. Ал ордунан туруп, ортого келди.

    6:9 Ыйса аларга мындай деди: «Мен силерге суроо берейин, ишемби күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же өлтүрүү керекпи?» Алар унчугушкан жок.

    6:10 Ыйса аларды бир карап алды да, жанагы кишиге: «Колуңду сунчу!» – деди. Ал колун сунду, ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

    6:11 Алар аябай ачууланып, Ыйсаны эмне кылсак деп, өз ара акылдаша башташты.

    Он эки элчи

    6:12 Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого чыгып, түнү бою Кудайга сыйынды.

    6:13 Таң атканда, Ал шакирттерин чакырып алып, алардын ичинен он экини тандады да, аларды «үлчилер» деп атады.

    6:14 Алар: Петир деген да ысым коюлган Шымон, анын бир тууганы Андрей, Жакып менен Жакан, Филип жана Барталамей,

    6:15 Матай, Томас, Алпейдин уулу Жакып жана Зилот деген атка конгон Шымон,

    6:16 Жакыптын уулу Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

    Ыйсанын иштери

    6:17 Ыйса алар менен бирге тоодон түшүп, бир түз жерге келди. Көптөгөн шакирттери жана бүткүл Жүйүт аймагынан, Иерусалимден, деңиз боюндагы Тир жана Сидон шаарларынан келген көп эл Анын жанына чогулду.

    6:18 Алар Анын Сөзүн угуу үчүн, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Жин оорудан азап чеккендер да келип, айыгып жатышты.

    6:19 үлдин баары Ыйсага колдорун тийгизүүгө аракет кылып жатышты, анткени Андан чыккан күч бардыгын айыктырып жатты.

    Тоодогу насаат.
    Кимдер бактылуу?

    6:20 Ошондо Ыйса шакирттерин карап, мындай деди: «Руху жакырлар, бактылуусуңар, анткени Кудайдын Падышачылыгы силердики.

    6:21 Азыр ачка жүргөндөр, бактылуусуңар, анткени тоёсуңар. Азыр ыйлап жүргөндөр, бактылуусуңар, анткени күлөсүңөр.

    6:22 Адамдар силерди Адам Уулу үчүн жек көрүп, элден бөлүп, кордоп, жаманатты кылса, бактылуусуңар.

    6:23 Ошол күнү сүйүнгүлө, кубангыла, анткени силердин асмандагы белегиңер чоң! Пайгамбарларга да алардын ата-бабалары ушундай мамиле кылышкан.

    Кимдерге кайгы?

    6:24 Ал эми, байлар, силерге кайгы! Анткени өзүңөрдүн көңүл соорото турган нерсеңерди алгансыңар.

    6:25 Азыр курсагы ток жүргөндөр, силерге кайгы! Анткени ачка болосуңар. Азыр жыргап күлгөндөр, силерге кайгы! Анткени боздоп ыйлайсыңар.

    6:26 үгерде силерди элдин баары мактаса, силерге кайгы! Анткени алардын ата-бабалары жалган пайгамбарларга ушундай мамиле кылышкан.

    Жамандыкты сүйүү менен жеңүү

    6:27 Мени угуп тургандар, силерге айтамын: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла.

    6:28 Силерди каргагандарга батаңарды бергиле, силерди кордогондор үчүн сыйынгыла.

    6:29 Оң жаакка чапканга сол жаагыңды да тос. Сырт кийимиңди тартып алганга көйнөгүңдү да бер.

    6:30 Сураган адамга бер, бергениңди кайра сураба.

    6:31 Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла.

    6:32 үгерде өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Күнөөкөрлөр деле өздөрүн сүйгөндөрдү сүйүшөт.

    6:33 үгерде өзүңөргө жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, силерге кайдагы сыйлык? Күнөөкөрлөр деле ошентишет.

    6:34 үгерде кайтарып бере ала турган адамга гана карызга берсеңер, силерге кайдагы сыйлык? Анткени бергенин кайтарып алуу үчүн, күнөөкөрлөр да күнөөкөрлөргө карызга беришет.

    6:35 Ал эми силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, үч нерсе күтпөстөн, карызга бергиле, ошондо чоң сыйлык аласыңар жана Бардыгынан Жогору Тургандын уулдары болосуңар! Анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да ырайым кылат.

    6:36 Ошондуктан Атаңар кандай боорукер болсо, силер да ошондой боорукер болгула!

    Айыптабоо жөнүндө

    6:37 Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар. Кечиргиле, ошондо силер да кечирилесиңер.

    6:38 Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен ченеп, ыкшап, бастырып, ашыра толтуруп, этегиңерге төгүшөт, анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет».

    6:39 Аларга дагы мындай элгү-насаат аңгеме айтты: «Сокур сокурду жетелеп жүрө алабы? экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби!

    6:40 Шакирт өз устатынан жогору болбойт, бирок эйрөнгөндөн кийин, ар бир шакирт өз устатындай болот.

    6:41 Сен эмне үчүн өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бирөөнүн көзүндөгү кыпынды көрөсүң?

    6:42 Сен өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй туруп: “Кел, бир тууганым, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айта аласың? эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып сал, ошондон кийин гана бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салуу керектигин билесиң.

    Кудайдын эркин аткаруу жөнүндө

    6:43 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, жаман дарак жакшы жемиш бербейт.

    6:44 Ар бир дарак жемишинен билинет, анткени тикенектен анжыр, бадалдан жүзүм теришпейт.

    6:45 Жакшы адам жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерсе алып чыгат. Жаман адам болсо жүрөгүндөгү жаман казынасынан жаман нерсе алып чыгат. Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толуп-ташыса, оозу ошону сүйлөйт.

    6:46 үмнеге силер Мени: “Теңир! Теңир!” деп чакырасыңар да, айтканымды кылбайсыңар?

    Таштын үстүнө курулган эй жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    6:47 Мага келип, сөздөрүмдү угуп аткарган адам кимге окшош экенин силерге айтып коёюн:

    6:48 ал жерди терең казып, пайдубалын таштан коюп эй курган адамга окшош. Суу ташкындап, эйдү каптаганда, эй козголгон жок, анткени анын пайдубалы таштан болчу.

    6:49 Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбаган адам үйүн жердин эле үстүнө, пайдубалсыз курган адамга окшош. Суу ташкындап, эйдү каптаганда, эй ошол замат кыйрады. Ал эй зор кыйроого учурады».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск