Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Ыйсанын келиши жөнүндө. Ийбадаткананын кыйрашы

    13:1 Ыйса ийбадатканадан чыгып бара жатканда, шакирттеринин бири: «Устат, карачы! Кандай кооз таштар! Кандай кооз имараттар!» – деди.

    13:2 Ошондо Ыйса ага: «Бул чоң имараттарды көрүп жатасыңбы? Мунун баары кыйратылат, бул жерде таш үстүндө таш калбайт», – деди.

    13:3 Ыйса ийбадаткананын маңдайындагы Зайтун тоосунда отурганда, өздөрүнчө калышканда, Петир, Жакып, Жакан жана Андрей Андан:

    13:4 «Бизге айтып берчи, бул качан болот? Мунун баарынын ишке ашарын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

    13:5 Ыйса аларга мындай деп айта баштады: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула.

    13:6 Анткени көптөр Менин ысымымды жамынып келип: “Машайак Менмин”, – деп, көптөрдү адаштырышат.

    13:7 Согуштар жана согуш кабарлары жөнүндө укканыңарда, эрөйүңөрдү учурбагыла. Анткени булар болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес.

    13:8 Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде жер титирөөлөр, ачкачылык жана козголоңдор болот. Булар – кыйынчылыктардын башталышы.

    13:9 Бирок силер өзүңөргө сак болгула. Анткени силерди сотко беришет, синагогаларда уруп-сабашат. Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн, силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат.

    13:10 Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек.

    13:11 Силерди салып берүү үчүн алып бара жатышканда, эмнени айтабыз деп тынчсызданбагыла. Ошол саатта силерге эмне берилсе, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт.

    13:12 Бир тууган бир тууганын, атасы балдарын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы көтөрүлүп, аларды өлтүрүшөт.

    13:13 Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат.

    Улуу кайгы

    13:14 Окуган адам түшүнүп алсын: Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич турбашы керек болгон жерде турганын көргөнүңөрдө, Жүйүт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.

    13:15 Ким эйдүн төбөсүндө болсо, ал бир нерсе алуу үчүн, үйүнө кирбесин.

    13:16 Ким талаада болсо, ал кийимин алуу үчүн, артка кайрылып келбесин.

    13:17 Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.

    13:18 Качууңар кыш мезгилине туура келип калбас үчүн сыйынгыла.

    13:19 Анткени ошол күндөрдө чоң алаамат болот, андай алаамат дүйнө жаратылгандан баштап, азыркыга чейин болгон эмес жана кийин да болбойт.

    13:20 үгерде Теңир ал күндөрдү кыскартпаса, анда үч бир адам куткарылмак эмес. Бирок Ал өзү тандап алгандар үчүн гана ошол күндөрдү кыскартты.

    13:21 Ошондо силерге кимдир бирөө: “Мына, Машайак бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.

    13:22 Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштыруу үчүн, жышаандарды жана кереметтерди көрсөтүшөт.

    13:23 Силер болсо сак болгула. Мына, Мен силерге бардыгын алдын ала айттым.

    Адам Уулунун келиши

    13:24 Бирок ошол күндөрдө ошол алааматтан кийин, күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат.

    13:25 Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү кыймылдайт.

    13:26 Ошондо Адам Уулунун булуттардын үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

    13:27 Ошондо Ал өзүнүн периштелерин жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан, бүт жер жүзүнөн өзүнүн тандалгандарын чогултат.

    Анжыр дарагына салыштыруу

    13:28 Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер.

    13:29 Ошол сыяктуу эле, силер да булардын боло баштаганын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билгиле.

    13:30 Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

    13:31 Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт.

    13:32 Ал күндү же ал саатты үч ким билбейт: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, бир гана Ата билет.

    13:33 Байкагыла, сергек болгула, сыйынгыла. Анткени ал убакыттын качан келерин билбейсиңер.

    Теңирдин келишин күтүү

    13:34 Бул жолго чыгарда эй-жайын калтырып, кулдарына бийлик берип, ар бирине өзүнчө иш тапшырган, дарбаза кайтаруучуга болсо сак болууну буйруган эй эүсине окшош.

    13:35 Ошондуктан сергек болгула. Анткени эйдүн эүси качан келерин, кечиндеби, түн ортосундабы, короз кыйкырган маалдабы, таң аткандабы, билбейсиңер.

    13:36 Ал күтүлбөгөн убакта, силер уктап жатканда келип калбасын!

    13:37 Силерге айтып жатканым баарына тиешелүү: сергек болгула!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск