Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Ыйсага каршы жашыруун сүйлөшүү

    14:1 Пасах жана Ачыткысыз нан майрамына эки күн калган эле. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны куулук менен кармап алуунун, өлтүрүүнүн жолун издеп жатышты.

    14:2 Бирок алар: «Майрам күндөрү болбойт, болбосо эл арасында козголоң чыгып кетет», – деп сүйлөшүштү.

    Мариямдын Ыйсанын башына жыпар жыттуу май куюшу

    14:3 Ыйса Бетанияда, пес оорулуу Шымондун үйүндө, дасторкондо отурганда, айнек идишке куюлган, кымбат баалуу, нарддан жасалган жыпар жыттуу, таза май алып, бир аял келди. Ал идиштин оозун сындырып, майды Ыйсанын башына куйду.

    14:4 Ошондо күү бирөөлөр ачууланышып, өз ара: «Жыпар жыттуу майды мынча ысырап кылуунун эмне кереги бар эле?

    14:5 Аны үч жүздөн ашык динарийге сатып, жакырларга таратып берсе болмок да», – дешти. Ошентип, алар аялга нааразы болушту.

    14:6 Бирок Ыйса аларга мындай деди: «Аны жайына койгула, эмнеге аны оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.

    14:7 Анткени жакырлар ар дайым жаныңарда болот, аларга каалаган убагыңарда жакшылык кыла аласыңар. Мен болсо силер менен дайыма эле боло бербейм.

    14:8 Бул аял колунан келгенин кылды. Мени көргө коюуга даярдаш үчүн, алдын ала денемди майлады.

    14:9 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».

    Чыккынчынын башкы ыйык кызмат кылуучулар менен макулдашуусу

    14:10 Он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучуларга барды.

    14:11 Алар болсо муну укканда кубанышып, ага акча берүүнү убада кылышты. Ошондо Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду издей баштады.

    Пасах тамагы

    14:12 Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнүндө, Пасах козусу союлганда, шакирттери Ыйсага: «Пасах тамагын кайсы жерде жегиң келет? Биз барып, даярдап берели», – дешти.

    14:13 Ошондо Ыйса эки шакиртин мындай деп жиберди: «Шаарга барсаңар, кумура менен суу көтөрүп бара жаткан адамга жолугасыңар. Анын артынан эүрчип,

    14:14 ал кайсы эйгө кирсе, ошол эйгө киргиле да, ошол эйдүн эүсине: “Устат сенден: "Шакирттерим менен Пасах тамагын жей турган бөлмө кайсы?" – деп сурап жатат” дегиле.

    14:15 Ошондо ал силерге төшөнчүлөр төшөлүп даярдалган, үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт».

    14:16 Анын шакирттери жолго чыгып, шаарга келишкенде, бардыгы Ыйса айткандай болуп чыкты. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.

    Пасах майрамы

    14:17 Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен келди.

    14:18 Дасторкондо тамак жеп отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мени менен бирге тамак ичип отурган араңардагы бирөө Мага чыккынчылык кылат», – деди.

    14:19 Алар бул сөзгө капа болушуп, биринин артынан бири: «Мен эмеспи?» – деп сурай башташты.

    14:20 Ыйса аларга: «Ал – он экинин бири. Ал Мени менен бирге табактагы ашка нанын малып жатат.

    14:21 Дегинкиси, Адам Уулу жөнүндө Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой аткарылып жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы! Ал адам төрөлбөй эле койсо жакшы болмок», – деп жооп берди.

    Кечки Тамак

    14:22 Алар тамак жеп жатканда, Ыйса нанды алды да, Кудайга ыраазычылык билдирип сындырды. Анан шакирттерине берип: «Алгыла, жегиле, бул нан Менин Денем», – деди.

    14:23 Чөйчөктү да алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга берди. Бардыгы ошол чөйчөктөгүдөн ичишти.

    14:24 Ошондо Ыйса аларга: «Бул – көптөр үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным.

    14:25 Силерге чындыкты айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм», – деди.

    Ыйсанын Петирдин баш тартарын алдын ала айтышы

    14:26 Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.

    14:27 Ошондо Ыйса аларга: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.

    14:28 Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам», – деди.

    14:29 Ошондо Петир Ыйсага: «Бардыгы шектенишсе да, мен шектенбейм», – деди.

    14:30 Ыйса ага: «Сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн, ушул түнү, короз эки жолу кыйкырганга чейин, cен Менден үч жолу баш тартасың», – деди.

    14:31 Бирок ал ого бетер күчөп: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.

    Ыйсанын Гетсеманидеги сыйынуусу

    14:32 Алар Гетсемани деген жерге келишти. Ошондо Ыйса шакирттерине: «Мен сыйынып келгенче, силер бул жерде отуруп тургула», – деди да,

    14:33 Петирди, Жакыпты, Жаканды ала кетти. Анын тынчы кетип, жаны кыйнала баштады.

    14:34 Анан аларга: «Жаным аябай кейип турат. Бул жерде калгыла да, сергек болгула», – деди.

    Биринчи сыйынуу

    14:35 өзү четкерүүк барып, жүзтөмөндөп жыгылды да, мындай деп сыйына баштады: «үгерде мүмкүн болсо, ушул саат Менден кыя өтүп кетсинчи».

    14:36 Анан мындай деп сыйынды: «Ата! Сенин колуңдан келбеген нерсе жок. Бул чөйчөктү Менден кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».

    14:37 Ал шакирттерине кайтып келгенде, алардын уктап жатканын көрүп, Петирге: «Шымон, уктап жатасыңбы? Бир саат сергек боло алган жоксуңбу?

    14:38 Азгырылып кетпес үчүн, сергек болгула, сыйынгыла. Рух сергек, дене алсыз», – деди.

    үкинчи сыйынуу

    14:39 Анан дагы четкерүүк барып, ошол эле сөздөрдү айтып сыйынды.

    14:40 Ал кайтып келгенде, алардын кайрадан уктап калганын көрдү. Анткени аларды уйку басып жаткан эле. Алар Ыйсага эмне деп жооп беришерин билишкен жок.

    Yчүнчү сыйынуу

    14:41 Yчүнчү жолу келгенде, Ыйса аларга: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Бүттү, убакыт-сааты келди. Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилет.

    14:42 Тургула, кеттик. Мына, Мага чыккынчылык кылуучу жакындап калды», – деди.

    Жүйүттүн чыккынчылыгы

    14:43 Ыйса муну айтып бүтө электе эле, он экинин бири Жүйүт жана кылыч, союл көтөргөн бир топ адам келип калды. Аларды башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар жиберишкен эле.

    14:44 Ыйсага чыккынчылык кылуучу аларга: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Аны кармап, сактык менен алып кеткиле», – деген эле.

    14:45 Жүйүт келери менен, Ыйсанын жанына барып: «Устат! Устат!» – деп, Аны өптү.

    14:46 Ошондо алар Аны кармап алышты.

    Бардыгынын Ыйсаны таштап кетиши

    14:47 Ыйсанын жанында тургандардын бири кылычын сууруп чыгып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун бир кулагын шылый чапты.

    14:48 Ыйса аларга: «Мени кармаш үчүн, каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл алып чыктыңарбы?

    14:49 Күн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен болгонумда, Мени кармаган жок элеңер. Бирок Кудай сөзү орундалууга тийиш», – деди.

    14:50 Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.

    14:51 Жылаңач денесине жабуу жамынган бир жаш жигит Ыйсанын артынан эүрчип бара жатты. Ал жигитти аскерлер кармап алышканда,

    14:52 ал үстүндөгү жабуусун таштай салып, жылаңач бойдон качып кетти.

    Ыйса аксакалдардын алдында

    14:53 Ыйсаны башкы ыйык кызмат кылуучунун алдына алып келишти. Бардык ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар жана мыйзам окутуучулар Анын жанына чогулушту.

    14:54 Петир Аны алыстан эүрчип, ыйык кызмат кылуучунун короосуна кирди. Ал жерде сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды.

    14:55 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондогулардын баары Ыйсага өлүм жазасын өкүм кылуу үчүн, жалган күбөлөндүрүү издешти, бирок таба алышкан жок.

    14:56 Анткени көп адамдар Ага каршы жалган күбөлөндүрүшсө да, ал күбөлөндүрүүлөр бири-бирине карама-каршы эле.

    14:57 Күү бирөөлөр орундарынан туруп, Ага каршы мындай деп жалган күбөлөндүрүштү:

    14:58 «Биз Анын: “Кол менен салынган бул ийбадаткананы бузуп, үч күндүн ичинде кол менен салынбаган башка ийбадаткана тургузам”, – дегенин укканбыз».

    14:59 Бирок алардын мындай күбөлөндүрүүлөрү да бири-бирине дал келген жок.

    14:60 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ортого чыгып, Ыйсадан: «Сен эмне такыр жооп бербейсиң? Сага каршы булар эмне деп күбөлөндүрүп жатышат?» – деп сурады.

    14:61 Бирок Ыйса унчуккан жок, үч кандай жооп да берген жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсага дагы мындай суроо берди: «Даңктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсиңби?»

    14:62 «Менмин! Силер Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булуттар үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деп жооп берди Ыйса.

    14:63 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип: «Бизге дагы кандай күбөлөр керек?

    14:64 Кудайга акарат келтиргенин өзүңөр уктуңар. Силер буга эмне дейсиңер?» – деди. Алардын баары Ыйсаны өлүм жазасына татыктуу деп чечишти.

    14:65 Күү бирөөлөр Ага түкүрө башташты. Анын көзүн таңып коюп сабап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы!» – дешти. Сакчылар да Аны жаакка чапкылашты.

    Петирдин Теңирден баш тартышы

    14:66 Петир ылдыйкы короодо турганда, башкы ыйык кызмат кылуучунун күңдөрүнүн бири келди.

    14:67 Ал отко жылынып отурган Петирди көрүп, тигиле карап: «Сен да назареттик Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.

    14:68 Бирок ал: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм, түшүнгөн да жокмун», – деп, танып койду. Анан ал сыртка, сырткы короого чыкты. Ошондо короз кыйкырды.

    14:69 Петирди кайрадан көргөн күң өзүнүн жанында тургандарга: «Бул да ошолордон», – деп айта баштады.

    14:70 Ал болсо дагы танып койду. Ошол жерде тургандар бир аздан кийин Петирге кайрадан: «Сен, чын эле, ошолордонсуң. Анткени сен галилеялыксың да», – дешти.

    14:71 Петир болсо аябай карганып: «Силер айтып жаткан Адамды мен тааныбайм», – деди.

    14:72 Ошондо короз экинчи жолу кыйкырды. Петир Ыйсанын: «Короз эки жолу кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың», – деп айткан сөзүн үстеп, ыйлай баштады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск