Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Ыйса Пилаттын алдында

    15:1 Таң атары менен, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар, аксакалдар жана синедриондогулар кеңешме өткөрүштү да, Ыйсаны байлап, Пилатка алып барып тапшырышты.

    15:2 Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса болсо ага: «өзүң айтып жатасың», – деп жооп берди.

    15:3 Башкы ыйык кызмат кылуучулар Ага каршы көп нерселерди айтып айыптап жатышты.

    15:4 Ошондо Пилат Андан: «Сен такыр жооп бербейсиңби?» – деп, дагы сурады. Анан: «Сага каршы айтылган айыптоонун көптүгүн карачы», – деди.

    15:5 Бирок Ыйса бул суроого да жооп берген жок. Пилат буга таң калды.

    15:6 Ал майрам сайын эл сураган бир туткунду бошотуп берчү.

    Ыйсаны эмес, Бараббаны...

    15:7 Ошол учурда Барабба деген киши көтөрүлүшчүлөр менен бирге камакта болчу. Алар козголоң убагында киши өлтүрүшкөн эле.

    15:8 үл Пилаттан адаттагысындай эле бирөөнү бошотуп берүүсүн сурап, кыйкыра баштады.

    15:9 Пилат болсо аларга: «Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүттөрдүн Падышасын бошотуп берейин?» – деди.

    15:10 Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучулардын Ыйсаны көрө албастыктан улам кармап беришкендигин билчү.

    15:11 Бирок башкы ыйык кызмат кылуучулар: «Андан көрө Бараббаны бошотуп берүүсүн сурагыла», – деп, элди тукуруп коюшту.

    15:12 Пилат кайрадан аларга: «Жүйүттөрдүн Падышасы деп өзүңөр атаган Адамды эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.

    15:13 Алар: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.

    15:14 Пилат алардан: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – деп сурады. Алар болсо: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп, мурдагыдан да катуу кыйкырышты.

    15:15 Ошондо Пилат элге жагууну каалап, аларга Бараббаны бошотуп берди. Ал эми Ыйсаны камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.

    Ыйсанын кордолуп, шылдыңдалышы

    15:16 Аскерлер болсо Ыйсаны ак сарайдын короосуна, башкача айтканда, преторияга алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн чогултушту.

    15:17 Ыйсанын үстүнө кочкул кызыл чапан жаап, башына тикенектен таажы өрүп кийгизишти.

    15:18 Анан: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп, Аны менен саламдаша башташты.

    15:19 Алар Аны ичке чыбык менен башка чапкылашты, Ага түкүрүштү. Тизе бүгүп, Ага таазим кылышты.

    15:20 Аны ушинтип шылдыңдашкандан кийин, Андан кочкул кызыл чапанды чечип алып, өзүнүн кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.

    15:21 Алар талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык бир кишиге Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту. Ал Искендер менен Руттун атасы эле.

    15:22 Ошентип, алар Ыйсаны Голгофа (бул «Баш сөөгү» деп которулат) деген жерге алып келишти.

    15:23 Ага смирна кошулган шарап беришти, бирок Ал ичкен жок.

    Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы жана өлүшү

    15:24 Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандар өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.

    15:25 Єчүнчү саат чамасында Аны айкаш жыгачка кадашты.

    15:26 Анын баш жагына «Жүйүттөрдүн Падышасы» деген айыптоо жазылган тактайчаны илип коюшту.

    15:27 Ыйсанын жанына эки кылмышкерди: бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачка кадашты.

    15:28 Ошентип, «Ал кылмышкер катары эсептелди» деген пайгамбарчылык орундалды.

    15:29 өтүп бара жаткандар баштарын чайкап, Ыйсаны мындай деп тилдеп жатышты: «үй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу!

    15:30 Айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы!»

    15:31 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар да шылдыңдашып, бири-бирине: «Башкаларды куткарды, өзүн болсо куткара албайт!

    15:32 Машайак, Ысрайылдын Падышасы, азыр айкаш жыгачтан түшсүн, биз көрүп, Ага ишенип калалы», – дешти. Анын жанындагы айкаш жыгачка кадалгандар да Аны тилдеп жатышты.

    15:33 Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.

    15:34 Тогузунчу саатта Ыйса үнүн катуу чыгарып: «үлои! элои! Ламма савахфани?» – деп кыйкырды. Бул «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» деп которулат.

    15:35 Ал жерде тургандардын күү бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.

    15:36 Ошондо бирөө жүгүрүп барып, соргучту ачуу ичимдикке малды да, аны ичке таякка илип, Ыйсага берди. Анан: «Токтогула, Илияс келип, Аны түшүрүп алар бекен, көрөлү», – деди.

    15:37 Ыйса болсо катуу эн чыгарып, жан берди.

    15:38 Ошондо ийбадатканадагы көшөгө жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды.

    15:39 Ыйсанын маңдайында турган жүз башы Анын ушундай катуу эн чыгарып жан бергенин көргөндө: «Бул Адам, чын эле, Кудайдын Уулу болчу», – деди.

    15:40 Ал жерде алыстан карап турган аялдар да бар болчу. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичинекей Жакып менен Жосенин энеси Мариям, Саломе бар эле.

    15:41 Ыйса Галилеяда жүргөндө, алар Анын артынан эүрчип, Ага кызмат кылышчу. Ал жерде Аны менен Иерусалимге келген башка да көптөгөн аялдар бар эле.

    Ыйсанын көргө коюлушу

    15:42 Кеч кирип, жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калганда,

    15:43 синедриондун бир кадырлуу мүчөсү, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн ариматаялык Жусуп келди. Ал Пилатка кирүүгө батынып, Ыйсанын сөөгүн сурады.

    15:44 Пилат Анын өлүп калганына таң калды. Анан ал жүз башыны чакырып: «өлгөнүнө көп болдубу?» – деп сурады.

    15:45 Жүз башыдан билгенден кийин, Жусупка сөөктү бердиртти.

    15:46 Жусуп ак болотнай сатып алды да, Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп, кепиндеди. Анан ал сөөктү асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюп, мүрзөнүн оозун таш тоголотуп келип жапты.

    15:47 Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям болсо Анын кайсы жерге коюлганын карап турушту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск