Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Кыянатчы жүзүмчүлөр жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    12:1 Ыйса аларга элгү-насаат аңгемелер менен сүйлөй баштады: «Бир адам жүзүм багын отургузат. Анын тегерегине тосмо куруп, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат да, аны жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү убактылуу бир жакка кетет.

    12:2 Жүзүм багынын жемишинен алуу үчүн, өз убагы келгенде, жүзүмчүлөргө өзүнүн кулун жөнөтөт.

    12:3 Алар болсо кулду кармап алып сабашат да, куру кол кетирип жиберишет.

    12:4 Ошондо ал башка кулун жиберет. Жүзүмчүлөр анын башын таш менен жарып, кордоп кетирип жиберишет.

    12:5 Ошондо ал дагы бир кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аны өлтүрүп салышат. Ал дагы көптөгөн кулдарын жөнөтөт. Жүзүмчүлөр алардын күү бирин сабап, күү бирин өлтүрүп салышат.

    12:6 Акыры жүзүмдүк эүси: “Уулумдан уялышар”, – деп, жүзүмчүлөргө өзүнүн сүйүктүү уулун жөнөтөт.

    12:7 Бирок жүзүмчүлөр бири-бирине: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп салабыз, ошондо мурас биздики болот”, – дешет да,

    12:8 аны кармап алып өлтүрүп, жүзүм багынын сыртына ыргытып жиберишет.

    12:9 үми жүзүмдүк эүси эмне кылат? Ал келет да, жүзүмчүлөрдү өлтүрүп, жүзүмдүктү башкаларга тапшырат.

    12:10 Силер Кудайдын китебиндеги: “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.

    12:11 Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү окуган жок белеңер?»

    12:12 Ошондо алар Ыйсаны кармоого аракет кылышты. Анткени алар бул элгү-насаат аңгемеде өздөрү жөнүндө айтылганын түшүнүшкөн эле. Бирок элден коркушкандыктан, ал жерден кетип калышты.

    Салык жөнүндө суроо

    12:13 Алар Ыйсаны сөзүнөн кармоо үчүн, бир нече фарисейди жана Ироддун бир нече кишисин жөнөтүштү.

    12:14 Алар Ыйсага келип: «Устат, Сенин адилеттүү экениң бизге белгилүү. үч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың, Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи? Беришибиз керекпи же бербей эле коюшубуз керекпи?» – дешти.

    12:15 Бирок алардын эки жүздүүлүгүн билген Ыйса: «Мени эмне сынап жатасыңар? Мага динарий алып келип көрсөткүлөчү», – деди.

    12:16 Алар алып келип беришти. Ошондо Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады. Алар Ага: «Падышаныкы», – деп жооп беришти.

    12:17 Ыйса аларга: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деп жооп берди. Ошондо алар Ыйсага аябай таң калышты.

    Тирилүү жөнүндө

    12:18 Андан кийин «өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер Ыйсага келип:

    12:19 «Устат! Муса бизге: “үгерде бирөөнүн бир тууганы өлүп, аялы калса жана андан бала калбаса, анда бир тууганы анын аялын алып, тукумун уласын”, – деп жазып калтырган.

    12:20 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, артына тукум калтырбай көз жумду.

    12:21 Анан ал аялды экинчиси алды. Ал да дүйнөдөн баласыз өтүп кетти. Yчүнчүсү да ошондой болду.

    12:22 Ал аялды жетөө тең алышты, бирок бала калтырышкан жок. Акырында аял да өлдү.

    12:23 Тирилүү күнү келгенде, өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял булардын кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең аялдыкка алган», – деп сурашты.

    12:24 Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.

    12:25 өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы периштелердей болуп калышат.

    12:26 өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айта турган болсок, Мусанын китебиндеги жалындаган бадал жөнүндөгү аңгемеде Кудайдын Мусага: “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын”, – дегенин окуган жок белеңер?”

    12:27 Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Демек, силер өлгөндөр тирилбейт деп, катуу жаңылып жатасыңар».

    Улуу осуят

    12:28 Алардын талашын жана Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин уккан бир мыйзам окутуучу Анын жанына келип: «үң биринчи осуят кайсы?» – деп сурады.

    12:29 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «үң биринчи осуят бул: “Кулак сал, Ысрайыл! Биздин Кудай-Теңирибиз – жалгыз Теңир.

    12:30 Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!” Биринчи осуят ушул!

    12:31 үкинчиси ушуга окшош: “өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй”. Булардан башка улуу осуят жок».

    12:32 Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Туура айтасың, Устат! Кудай бирөө, Андан башка Кудай жок.

    12:33 Аны чын жүрөгүң менен, бүт акылың менен, бүт жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүйүү жана өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүйүү бардык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардан жана башка курмандыктардан да артык», – деди.

    12:34 Ыйса анын туура жооп бергенин көрүп, ага: «Сен Кудайдын Падышачылыгынан алыс эмессиң», – деди. Ушундан кийин үч ким Ага суроо берүүгө батынган жок.

    Машайак – Дөөттүн Уулу жана Теңири

    12:35 Ыйса ийбадатканада элди окутуп жатканда, мындай деди: «Мыйзам окутуучулар Машайакты Дөөттүн Уулу деп, эмненин негизинде айтып жүрүшөт?

    12:36 Анткени Дөөт өзү Ыйык Рухтун жетеги менен: “Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”, – деген.

    12:37 Демек, Дөөт өзү Машайакты “Теңирим” деп атаган болсо, анан кантип Ал Дөөттүн Уулу болсун?» Ошондо көп эл Аны берилүү менен укту.

    Мыйзам окутуучулардын эки жүздүүлүгү

    12:38 Анан Ыйса элди мындай деп окутту: «Узун кийим кийип жүрүүнү, элдик жыйындарда алик алууну,

    12:39 синагогада алдыңкы орундарда, тойлордо болсо төрдө отурууну жакшы көргөн мыйзам окутуучулардан сак болгула.

    12:40 Алар жесир аялдардын мал-мүлкүн талап-тоношот, элге көрүнүш үчүн, узакка сыйынышат. Алар оор жазага дуушар болушат».

    Жесир аялдын лептасы

    12:41 Ыйса курмандыктар салына турган кутунун маңдайында элдин акча салганын карап отурду. Көптөгөн бай адамдар көп акча салып жатышты.

    12:42 Бир жесир аял да келип, эки лепта салды.

    12:43 Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып, аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жарды жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды.

    12:44 Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск