Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Кудайдын осуяттары адамдардын салттарынан жогору

    7:1 Иерусалимден келген фарисейлер менен күү бир мыйзам окутуучулар Ыйсанын жанына чогулушту.

    7:2 Алар Ыйсанын күү бир шакирттеринин таза эмес колдору менен, башкача айтканда, кол жуу салтын аткарбай тамактанып жатканын көрүп калышты.

    7:3 Анткени фарисейлер жана бардык жүйүттөр ата-бабаларынан калган салт боюнча кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт.

    7:4 Базардан келгенден кийин да, кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт. Алар ошондой эле чөйчөктөрдү, кумураларды, казандарды жана отургучтарды жуу сыяктуу көптөгөн салттарды кармашат.

    7:5 Ошондуктан фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсадан: «үмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардан калган салтты сакташпайт? эмне үчүн алар кол жуу салтын аткарбай тамак жешет?» – деп сурашты.

    7:6 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бул адамдар Мени тили менен урматташат, бирок алардын жүрөктөрү Менден алыс.

    7:7 “Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын эйрөткөнү – адамдык эрежелер”, – деп Ышайа, эки жүздүүлөр, силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган.

    7:8 Анткени силер Кудайдын осуятын таштап, адамдык салттарды: кумура менен чөйчөктөрдү жуу жана башка ушул сыяктуу салттарды кармайсыңар».

    7:9 Аларга дагы мындай деди: «өзүңөрдүн салтыңарды сактоо үчүн, Кудайдын осуятын четке кагып жатканыңар жакшыбы?

    7:10 Анткени Муса: “Ата-энеңди сыйла”, “Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын”, – деп айткан.

    7:11 Силер болсо: “Ким атасына же энесине: "Корван (Менин сага берер нерсемдин баары Кудайга багышталган)", – десе,

    7:12 ал өзүнүн атасына же энесине үч нерсе кылбай эле койсун”, – дейсиңер.

    7:13 Ошентип, өзүңөр кармаган салтыңар менен Кудайдын сөзүн четке кагып жатасыңар. Ушул сыяктуу көп нерселерди жасап жатасыңар».

    Кудай алдында адамды эмне арам кылат?

    7:14 Анан кайрадан элдин баарын жанына чакырып: «Баарыңар Мени угуп, түшүнүп алгыла.

    7:15 Адамды сырттан кирген нерсе арам кыла албайт, тескерисинче, ичинен чыккан нерсе арам кылат.

    7:16 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.

    7:17 Ыйса элдин жанынан кетип, эйгө киргенде, шакирттери Андан элгү-насаат аңгеме жөнүндө сурашты.

    7:18 Ыйса аларга: «Силер дагы эле түшүнө элексиңерби? Адамды сырттан кирген нерсе арам кыла албастыгын кантип эле түшүнбөйсүңөр?

    7:19 Анткени тамак анын жүрөгүнө эмес, ашказанына кирет, анан сыртка чыгат», – деди. Ыйса бул сөздөр менен тамактын баары таза экенин билдирди.

    7:20 Анан Ыйса сөзүн улап: «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат.

    7:21 Анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн: жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү,

    7:22 уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат.

    7:23 Мына ушул жамандыктын баары адамдын ичинен чыгып, аны арам кылат», – деди.

    Ыйса жана сиропойникелик аял

    7:24 Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келип, бир эйгө кирди. Ал өзүнүн келгенин кимдир бирөөнүн билүүсүн каалаган жок, бирок эл билип калды.

    7:25 Жин оорулуу кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен келип, Анын бутуна жыгылды.

    7:26 Сиропойникелик бул аял бутпарас болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичинен жинди кууп чыгаруусун өтүндү.

    7:27 Бирок Ыйса аялга: «Адегенде балдар тойсун. Анткени балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.

    7:28 Аял болсо: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да балдар жеген нандын үстөлдүн астына түшкөн күкүмдөрүн жешет», – деп жооп берди.

    7:29 Ошондо Ыйса ага: «Ушул сөзүң үчүн үйүңө бара бер. Сенин кызыңдын ичинен жин чыгып кетти», – деди.

    7:30 Аял үйүнө келгенде, кызынын жин оорусунан айыгып, төшөктө жатканын көрдү.

    Дүлөй жана кекеч адамдын айыгышы

    7:31 Ыйса Тир, Сидон аймактарынан чыгып, Декапол дубаны аркылуу кайрадан Галилея көлүнө келди.

    7:32 Ага дүлөй жана кекеч бир адамды алып келишип: «Мунун үстүнө колуңду коюп койчу», – деп өтүнүштү.

    7:33 Ыйса аны элден бөлүп, четке чыгарды да, эки манжасын анын кулагына салып, түкүрүп, анын тилине тийгизди.

    7:34 Асманды карап, терең эшкүрдү да, ага: «Еффафа (Ачыл)», – деди.

    7:35 Ошол замат анын кулагы ачылып, тили чечилди. Ал кекечтенбей, так сүйлөп калды.

    7:36 Ыйса аларга муну үч кимге айтпоону буйруду. Бирок Ал канчалык тыйса да, алар элге ошончолук жайышты.

    7:37 Адамдар аябай таң калышып: «Анын кылган ишинин баары жакшы: дүлөйлөрдү угузуп, дудуктарды сүйлөтүп жатат», – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск