Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Төрт миң адамды тойгузуу

    8:1 Ошол күндөрдө Ыйсанын жанына дагы көп эл чогулду. Бирок алардын жүүрге тамагы жок болчу. Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып: «үлге боорум ооруп жатат.

    8:2 Алар үч күндөн бери Менин жанымда жүрүшөт, жей турган үч нерселери жок.

    8:3 үгерде аларды үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, анткени алардын күү бири алыстан келишкен», – деди.

    8:4 Шакирттери Ага: «Бул эүн жерде алар тойгудай нанды кайдан тапмак элек?» – дешти.

    8:5 Ыйса алардан: «Силерде канча нан бар?» – деп сурады. Алар: «Жети», – дешти.

    8:6 Ошондо Ыйса элдин жерге отуруусун буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирип, нанды сындырды да, элге таратып бериш үчүн, шакирттерине берди. Шакирттер нанды элге таратып беришти.

    8:7 Аларда бир аз майда балык да бар эле. Ыйса Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин, балыктарды да таратып берүүнү буйруду.

    8:8 Бардыгы тоё жешти. Артып калган нанды чогултканда, жети себет болду.

    8:9 Тамактангандардын саны төрт миңге жакын эле. Андан кийин Ыйса элди таратты.

    Фарисейлердин жышаан талап кылышы

    8:10 Ошол замат Ал шакирттери менен кайыкка түшүп, Далманут аймагына сүзүп келди.

    8:11 Фарисейлер чыгып, Ыйса менен талаша башташты. Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.

    8:12 Ошондо Ал оор күрсүнүп: «Бул муун эмне үчүн жышаан талап кылып жатат? Силерге чындыкты айтып коёюн, бул муунга жышаан көрсөтүлбөйт», – деди.

    8:13 Анан Ыйса алардын жанынан кетти да, кайрадан кайыкка түшүп, наркы өйүзгө сүзүп кетти.

    Фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болуу

    8:14 Шакирттер нан алып алууну унутуп калышты. Кайыкта, алардын жанында бир эле нан бар болчу.

    8:15 Ошондо Ыйса аларга: «Байкагыла, фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула», – деп эскертти.

    8:16 Шакирттер болсо өз ара: «Наныбыз жок болгон үчүн ушинтип айтып жатат», – деп сүйлөшүштү.

    8:17 Ыйса муну билип, аларга: «Силер эмне үчүн наныбыз жок деп жатасыңар? Дагы эле түшүнө элексиңерби? Дагы эле биле элексиңерби? Дагы эле жүрөгүңөр таш боюнчабы?

    8:18 Көзүңөр бар туруп, көрбөй жатасыңарбы? Кулагыңар бар туруп, укпай жатасыңарбы? эмне, эсиңерде жокпу?

    8:19 Мен беш нанды беш миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?» – деди. Алар Ага: «Он эки», – дешти.

    8:20 «Ал эми жети нанды төрт миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?» «Жети», – дешти.

    8:21 Ошондо Ыйса аларга: «Кантип түшүнбөйсүңөр?» – деди.

    Сокур адамдын айыгышы

    8:22 Алар Бетсайидага келишкенде, Ыйсанын алдына бир сокур кишини алып келишип: «Буга колуңду тийгизип кой», – деп өтүнүштү.

    8:23 Ыйса сокурду колунан жетелеп, кыштактын сыртына чыгарды да, анын көзүнө түкүрүп, үстүнө колдорун коюп: «Бир нерсе көрүп жатасыңбы?» – деп сурады.

    8:24 Ал айланасын карап: «Дарактарга окшогон, ары-бери өткөн кишилерди көрүп жатам», – деди.

    8:25 Ошондон кийин Ыйса анын көздөрүнө кайрадан колдорун тийгизип, ага айланасын кароону буйруду. Сокур адам айыгып, бардыгын ачык көрө баштады.

    8:26 Анан Ыйса ага: «Кыштакка кирбе. Муну үч кимге айтпа», – деп, аны үйүнө жөнөттү.

    Петирдин Ыйсаны Машайак катары таанышы

    8:27 Ыйса шакирттери менен бирге Филиптин Кейсареясына тиешелүү айылдарга жөнөдү. Жолдо Ал шакирттеринен: «үл Мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.

    8:28 Алар мындай деп жооп беришти: «Бирөөлөр “чөмүлдүрүүчү Жакан” деп, бирөөлөр “Илияс пайгамбар” деп, дагы бирөөлөр “мурунку пайгамбарлардын бири” деп эсептешет».

    8:29 Ошондо Ыйса алардан: «Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Сен Машайаксың», – деп жооп берди.

    8:30 Ошондо Ыйса аларга өзү жөнүндө үч кимге айтпоону эскертти.

    Ыйсанын өзүнүн азап чегери жөнүндө биринчи жолу айтышы

    8:31 Анан Ыйса шакирттерине: «Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деп түшүндүрө баштады.

    8:32 Ыйса бул жөнүндө аларга ачык эле айтты. Ошондо Петир Ыйсаны четке чакырып, Ага каршы болду.

    8:33 Бирок Ыйса шакирттерине бурулуп, Петирге: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деп тыюу салды.

    Чыныгы кызмат

    8:34 Ошондон кийин Ыйса эл менен бирге шакирттерин да жанына чакырып, мындай деди: «Ким Менин артымдан жүргүсү келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан эүрчисин.

    8:35 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

    8:36 Анткени адам бүт дүйнөгө эү болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага кандай пайда?

    8:37 Же адам өз жанын куткарып алуу үчүн, кандай кун төлөй алат?

    8:38 Бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында ким Менден жана Менин сөздөрүмдөн уялса, өзүнүн Атасынын даңкы менен, ыйык периштелер менен келгенде, Адам Уулу да ошол адамдан уялат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск