Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Теңирдин көрүнүшүнүн өзгөрүлүшү

    9:1 Анан Ал: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын күү бирөөлөрү күч менен келген Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө өлүшпөйт», – деди.

    9:2 Алты күн өткөндөн кийин Ыйса Петир, Жакып, Жакан эчөөнү гана эүрчитип, бийик тоого чыкты. Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү.

    9:3 Анын кийимдери жаркырап, кардай аппак болуп калды. Жер бетиндеги үч бир кездеме агартуучу андай агарта албас эле.

    9:4 Анан аларга Илияс менен Муса көрүндү, алар Ыйса менен сүйлөшүштү.

    9:5 Ошондо Петир Ыйсага: «Устат, бул жерде болгонубуз жакшы экен. Yч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди», – деди.

    9:6 Анткени ал эмне деп айтарын билбей калды, себеби аларды коркунуч баскан эле.

    9:7 Ошондо булут пайда болуп, аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Аны уккула» деген эн чыкты.

    9:8 Ошол замат шакирттер эки жагын карап, Ыйсадан башка үч кимди көрүшкөн жок.

    9:9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көргөнүңөр жөнүндө үч кимге айтпагыла», – деп буйруду.

    9:10 Алар бул сөздөрдү көкүрөктөрүнө түйүп алышты да, өз ара: «өлүп, кайра тирилгени эмнеси?» – деп сүйлөшүштү.

    9:11 Анан алар Ыйсадан: «үмне үчүн мыйзам окутуучулар “Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек” деп айтышат?» – деп сурашты.

    9:12 Ыйса аларга: «Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени өз ордуна коюшу керек. Ал эми Адам Уулу, Ыйык Жазууда жазылгандай, көп азап чегиши жана кемсинтилиши керек.

    9:13 Бирок силерге айтып коёюн, Илияс келген. Ыйык Жазууда жазылгандай, ага ойлоруна келгендей мамиле кылышты», – деп жооп берди.

    Жин оорулуу баланын айыгышы

    9:14 Ал калган шакирттерине кайтып келгенде, алардын тегерегине чогулган көп элди жана алар менен талашып жаткан мыйзам окутуучуларды көрдү.

    9:15 Бүт эл Аны көрүп таң калып, чуркап барып саламдашты.

    9:16 Анан Ыйса мыйзам окутуучулардан: «Алар менен эмне жөнүндө талашып жатасыңар?» – деп сурады.

    9:17 Ошондо Ага эл арасынан бирөө мындай деп жооп берди: «Устат, мен Сага ичинде тилсиз жини бар уулумду алып келдим.

    9:18 Жин оорусу кармаганда, ал кайсы жерде болбосун, жин аны жерге көтөрүп чабат. Ошондо анын оозунан ак көбүк агып, тиштерин кычыратып, сенек болуп калат. Мен Сенин шакирттериңе: “Жинди кууп чыгаргыла”, – десем, кууп чыгара албай коюшту».

    9:19 Ыйса ага: «үй, ишеними жок муун! Качанкыга чейин силер менен болом? Качанкыга чейин силерге чыдайм? Аны Мага алып келгиле», – деди.

    9:20 Ошондо аны Ыйсага алып келишти. Жин Ыйсаны көрөр замат, баланы катуу калтырата баштады. Ошондо бала жерге жыгылып калды. Оозунан ак көбүк агып, ал ооналактап жатты.

    9:21 Ыйса анын атасынан: «Ал качантан бери ушундай?» – деп сурады. Атасы: «Бала чагынан бери;

    9:22 жин аны өлтүрүү үчүн, далай жолу отко, сууга ыргытты. Колуңдан келсе, бизге боор ооруп, жардам бере көр», – деди.

    9:23 Ыйса ага: «үгерде сен бир аз ишенсең, ишенген адамга баары мүмкүн», – деди.

    9:24 Ошол замат баланын атасы көзүнө жаш алып: «Ишенем, Теңир! Менин ишенимимди арттыра көр», – деп кыйкырып жиберди.

    9:25 Ыйса чуркап келе жаткан элди көргөндө, жинге мындай деп тыюу салды: «үй, дудук, дүлөй жин! Мен сага буйрук кыламын: баланын ичинен чыгып кет, анын ичине кайра кирбе!»

    9:26 Ошондо жин кыйкырып, баланы катуу калтыратып жатып, анын ичинен чыгып кетти. Бала болсо өлүктөй болуп жатып калгандыктан, көптөр: «Ал өлүп калды», – дешти.

    9:27 Бирок Ыйса баланы колунан тартып, өйдө тургузду. Бала ордунан турду.

    9:28 Ыйса эйгө киргенден кийин, өздөрүнчө калышканда, шакирттери Андан: «Биз жинди эмне үчүн кууп чыгара алган жокпуз?» – деп сурашты.

    9:29 Ыйса аларга: «Жиндер сыйынуусуз жана орозосуз чыкпайт», – деп жооп берди.

    Ыйсанын өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө экинчи жолу айтышы

    9:30 Алар ал жерден чыгып, Галилея аркылуу өтүп бара жатышты. Ыйса муну кимдир бирөө билүүсүн каалаган жок.

    9:31 Анткени Ал шакирттерине: «Адам Уулун адамдардын колуна салып беришет, Аны өлтүрүшөт. Аны өлтүрүшкөндөн кийин, Ал үчүнчү күнү тирилет», – деп насаат айтып жаткан эле.

    9:32 Шакирттер болсо бул сөздөрдү түшүнүшкөн жок, бирок сурагандан коркушту.

    Шакирттердин атак-даңкты сүйүүчүлүгү

    9:33 Ыйса Капернаумга келди. Yйгө киргенден кийин, Ыйса шакирттеринен: «Жолдо эмне жөнүндө сүйлөшүп келдиңер?» – деп сурады.

    9:34 Алар унчугушкан жок. Анткени алар жолдо: «Кимибиз чоңбуз?» – деп, өз ара талкуулап келишкен эле.

    9:35 Анан Ал отурду да, он эки шакиртин чакырып алып, аларга: «Ким биринчи болууну кааласа, бардыгынын эң акыркысы болсун жана баарынын кызматчысы болсун», – деди.

    9:36 Анан бир баланы алып, алардын ортосуна тургузду да, аны кучактай, аларга мындай деди:

    9:37 «Ким Менин ысымым үчүн ушундай балдардын бирин кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми ким Мени кабыл алса, ал Мени эмес, Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».

    Шакирттердин жалган кызганчаактыгы

    9:38 Ошондо Жакан: «Устат, биз Сенин ысымың менен жиндерди кууп чыгарган адамды көрдүк. Ал биз менен чогуу жүрбөгөндүктөн, ага тыюу салдык», – деди.

    9:39 Ыйса аларга: «Ага тыюу салбагыла. Анткени Менин ысымым менен керемет көрсөткөн адам Мага дароо эле тил тийгизе албайт.

    9:40 Анткени силерге ким каршы болбосо, ал силер тарапта.

    9:41 Машайакка таандык болгондугуңар үчүн, Менин ысымым үчүн, ким силерге бир чөйчөк суу ичирсе, силерге чындыкты айтып коёюн, ал сыйлыксыз калбайт.

    Азгырыктардан сак болуу

    9:42 Ал эми Мага ишенген ушул кичинекейлердин бирин күнөөгө түрткөн адамдын мойнуна тегирмен ташын илип, деңизге таштап жиберсе, ал үчүн жакшы болмок.

    9:43 үгерде колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чап. эки колуң менен оттуу көлгө, өчпөгөн отко түшкөнүңдөн көрө, мунжу болуп өмүргө эү болгонуң жакшы.

    9:44 Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт.

    9:45 үгерде бутуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чап. эки бутуң менен оттуу көлгө, өчпөгөн отко түшкөнүңдөн көрө, төкөр болуп өмүргө эү болгонуң жакшы.

    9:46 Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт.

    9:47 үгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп сал. эки көзүң менен оттуу көлгө түшкөнүңдөн көрө, бир көзүң менен Кудайдын Падышачылыгына киргениң жакшы.

    9:48 Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт.

    9:49 Анткени бардыгы от менен туздалат, ар бир курмандык туз менен туздалат.

    9:50 Туз – жакшы нерсе, бирок ал өзүнүн даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресиңер? Ичиңерде туз болсун, бири-бириңер менен ынтымактуу болгула».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск