Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Дөөт жана Абигейил

    25:1 Шемуел көз жумду. Бардык ысрайылдыктар чогулуп, аза күтүп ыйлашты. Аны өз жери Рамага коюшту. Дөөт турду да, Паран чөлүнө жөнөдү.

    25:2 Маондо бир киши жашачу, анын Кармелде кой короосу бар болчу. Ал абдан бай адам эле, анын үч миң кою, миң эчкиси бар болчу. Ал Кармелде койлорун кыркып жаткан.

    25:3 Ал кишинин аты Hабал, ал эми аялынын аты Абигейил эле. Ал аял өтө акылдуу, ажарлуу, ал эми күйөөсү катаал, каардуу киши болчу, ал Калеп тукумунан эле.

    25:4 Дөөт чөлдөн Hабалдын кой кыркып жатканын укту.

    25:5 Ошондо Дөөт он уланды мындай деп жөнөттү: «Кармелге чыккыла да, Hабалга барып, менин атымдан ага салам айткыла.

    25:6 Ага мындай дегиле: “Сага, сенин эй-бүлөңө, сеникиндегинин баарына тынчтык болсун.

    25:7 Бүгүн мен сени кой кыркып жатат деп уктум. Малчыларың биз менен чогуу болушту, биз аларды таарынткан жокпуз, Кармелде турушканда, алардын үч нерсеси жоголгон жок.

    25:8 Кулдарыңан сура, алар сага айтып беришет. Сенин алдыңда менин уландарым ырайым тапсын, анткени биз куттуу күнү келдик. Уулуң Дөөткө жана мына бул кулдарыңа көңүлүңдөн чыкканды бер”».

    25:9 Дөөттүн кишилери Hабалга келип, Дөөттүн атынан ушул сөздөрдү айтып, унчукпай туруп калышты.

    25:10 Дөөттүн кулдарына Hабал мындай деп жооп берди: «Дөөт ким экен? Жышайдын уулу ким экен? Азыр өз мырзасынан качкан кулдар көбөйдү.

    25:11 Кой кыркуучуларга даярдаган нанды, сууну, этти алып, кайдан келгени белгисиз кишилерге эле бере бермек белем?»

    25:12 Дөөттүн кишилери барган жолу менен кайтып келишип, ушул сөздөрдүн баарын айтып беришти.

    25:13 Ошондо Дөөт өз кишилерине: «Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлангыла», – деди. Баары белине кылыч байлашты, Дөөт өзү да кылычын белине байлады. Дөөттүн артынан төрт жүздөй киши жөнөдү, эки жүзү болсо арабаларынын жанында калды.

    25:14 Hабалдын аялы Абигейилге кулдарынын бири мындай деп билдирди: «Дөөт биздин мырзабызга эүн талаадан элчилерин жөнөтүп, салам айттырды, бирок мырзабыз аларга орой мамиле кылды.

    25:15 Ал кишилер бизге жакшы мамиле кылышчу, бизди таарынтышчу эмес, биз талаада алардын жанында жүргөнүбүздө, биздин үч нерсебиз жоголгон эмес.

    25:16 Алардын жанында мал багып жүргөнүбүздө, күндүз да, түнкүсүн да, бардык убакта алар бизге чеп болчу.

    25:17 үми сен ойлонуп көрүп, эмне кылуу керек экендигин чеч. Мырзабызга, анын бүт эй-бүлөсүнө коркунуч туулары айдан ачык. Ал болсо – каардуу киши, аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес».

    25:18 Ошондо Абигейил шашылыш түрдө эки жүз нан, эки чанач шарап, союлуп бышырылган беш кой, беш ченем кургатылган дан, жүз таңгак мейиз, эки жүз таңгак анжыр алды да, эшектерге жүктөттү.

    25:19 Анан кулдарына: «Силер менин алдыма түшкүлө. Мен артыңардан барам», – деди. Бирок күйөөсү Hабалга үч нерсе айткан жок.

    25:20 Аял тоонун боору менен эшек минип түшүп келе жатканда, алдынан Дөөт жана анын кишилери чыкты. Аял аларга кезикти.

    25:21 Дөөт мындай деген эле: «Мен бул кишинин мал-мүлкүн чөлдө бекер эле кайтарган экенмин, анын үч нерсеси жоголгон жок, бирок ал жакшылыкка жамандык кылды.

    25:22 үгер таңга чейин Hабалдын бир эркегин тирүү калтырсам, Кудай Дөөттүн душмандарына эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын».

    25:23 Абигейил Дөөттү көргөндө, эшектен шашып түштү да, Дөөттүн алдына жүзтөмөндөп жыгылып таазим этти.

    25:24 Анан бутуна жыгылып, мындай деди: «Күнөө менде болсун, мырзам. Күңэңдүн сүйлөөсүнө уруксат эт, сөзүнө кулак сал.

    25:25 Мырзам бул каардуу кишиге, Hабалга, көңүл бурбасын, анткени анын ысымы кандай болсо, өзү да ошондой. Анын аты – Hабал («акылсыз»), атына жараша өзү да акылсыз. Мен, сенин күңэң, сен жиберген кулдарды көргөн эмесмин.

    25:26 Ушул күндө, мырзам, Теңир тирүү, сенин жаның тирүү. Теңир сенин кан төгүэңө, өз колуң менен өч алууңа жол бербейт. Душмандарың жана мырзама жамандык ойлогондордун бардыгы Набалга окшоп калсын.

    25:27 Мына бул тартууну мырзама кызмат кылган жаш уландарга берүү үчүн, күңэң мырзама алып келди.

    25:28 Күңэңдүн күнөөсүн кечир. Теңир менин мырзамдын тукумун сөзсүз бекемдейт, анткени менин мырзам Теңирдин согуштарын жүргүзөт, өмүрүң өткөнчө сенден жамандык табылбасын.

    25:29 үгер кимдир бирөө сенин артыңдан түшүп, сени өлтүргүсү келсе, анда мырзамдын жаны Кудай-Теңиринин колунда, ал эми душмандарыңдын жанын Ал салмоордогу таш сыяктуу ыргытат.

    25:30 Теңир мырзама айткан жакшылыкты кылганда, сени Ысрайылга жол башчы койгондо,

    25:31 курулай кан төкпөгөндүгүң үчүн, өзүңдү өч алуудан сактаганың үчүн, мырзамдын абийири айыптабайт, тынчсызданбайт. Теңир мырзама жакшылык кылат, ошондо күңэңдү үстейсиң».

    25:32 Дөөт Абигейилге мындай деди: «Ушул күнү сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк!

    25:33 Азыр менин кан төгүүмө жана өзүм үчүн өч алуума жол бербегениң үчүн, Кудай акылыңа береке берсин, сага батасын берсин.

    25:34 Мени сага жамандык жасоодон сактап калган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү, сен шашылыш келип мага жолукпаганыңда, таңга чейин Hабалдын бир да эркегин тирүү калтырмак эмесмин».

    25:35 Дөөт анын алып келгенин колунан алып: «Yйүңө тынчтык менен кете бер. Мен сени сыйлап, айтканыңды уктум», – деди.

    25:36 Абигейил Hабалга келсе, анын үйүндө падышаныкындай той болуп жатыптыр, Hабалдын көңүлү шат экен, ал абдан мас эле. Аялы ага таңга чейин үч нерсе айткан жок.

    25:37 үртең менен Hабалдын масы тараганда, аялы ага болгон окуяны айтып берди. Ошондо анын жүрөк оорусу кармап, таштай катып калды.

    25:38 Он күндөн кийин Теңир Hабалды өлтүрдү. Ал өлдү.

    25:39 Дөөт Hабалдын өлгөнүн угуп, мындай деди: «Теңирге даңк, мени шылдың кылганы үчүн, Ал Hабалдын жазасын берди, өз кулун жамандыктан сактады. Теңир Hабалдын жамандыгын өз башына салды». Дөөт Абигейилди аялдыкка аларын айттырганы киши жиберди.

    25:40 Дөөттүн кулдары Кармелге келип, Абигейилге: «Дөөт сени өзүнө аялдыкка алуу үчүн, бизди сага жиберди», – деп айтышты.

    25:41 Ал ордунан турду да, жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзамдын кулдарынын бутун жууп, кызматчы болууга күңэң даяр», – деди.

    25:42 Анан Абигейил шашылыш түрдө даярданып, эшекке минди. Беш кызматчы кыз аны узатып барды. Ал Дөөттүн элчилеринин артынан кетти. Ал Дөөттүн аялы болду.

    Дөөттүн Акинаамды да аялдыкка алышы

    25:43 Дөөт изрейелдик Акинаамды да алды, экөө анын аялы болушту.

    25:44 Шабул болсо кызы Михалды, Дөөттүн аялын, галимдик Лаиштин уулу Палтиелге берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск