Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 28

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    28-БөЛЄМ

    Башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун кийими жөнүндө

    28:1 Ысрайыл уулдарынын ичинен Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, бир тууганың Арунду жаныңа ал. Арунду жана анын уулдары: Надапты, Абыйутту, элазарды жана Итамарды ал.

    28:2 Бир тууганың Арунга ызат көрсөтүлүшү үчүн жана ага жарашыктуу болушу үчүн, ыйык кийим даярда.

    28:3 Мен акылмандык рухуна толтурган даанышман адамдардын бардыгына айт. Арун Мага ыйык кызмат кылганда кие турган кийимди алар даярдап беришсин.

    28:4 Алар даярдай турган кийимдер булар: төш чөнтөк, эфод, сырткы чапан, узун көйнөк, кидар жана бел курчоо. Алар бир тууганың Арунга жана анын уулдарына Мага ыйык кызмат кылганда кие турган ыйык кийим даярдап беришсин.

    28:5 Алар алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан алып,

    28:6 алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен эфод токушсун.

    28:7 Ийининде эфоддун эки учун бириктире турган чени болсун.

    28:8 үфоддун сыртынан байлана турган бел курчоо эфод токулгандай эле, алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан токулсун.

    28:9 Оникс ташынан экини алып, алардын бетине Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жаз.

    28:10 Алардын жашына жараша, алтоонун атын бир ташка, калган алтоонун атын экинчи ташка чегип жаз.

    28:11 Таш чеккичтер ташты чеккендей, мөөрдү чегип жасагандай, Ысрайыл уулдарынын аттарын эки ташка чегип жаз, аларды алтын оюктарга сал.

    28:12 Ошол эки ташты эфоддун чендерине сал, ал таштар Ысрайыл уулдарын Теңир эсине алышы үчүн салынсын. Алардын аттарын Теңир эсине алышы үчүн, аларды Арун эки ийининде алып жүрсүн.

    28:13 Алтындан оюк жаса.

    28:14 Таза алтындан эки чынжырча жаса, аларды өрүп жаса, өрүлгөн чынжырчаларды оюктарга бекит.

    Төш чөнтөк жөнүндө

    28:15 Кудайдын өкүмүн билдирип турган төш чөнтөктү чеберчилик менен току. эфодду токугандай эле, аны алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан току.

    28:16 Ал төрт бурчтуу, эки кат, узуну бир карыш, туурасы бир карыш болсун.

    28:17 Ага оюкка жаткырылган асыл таштарды төрт катар кылып сал, алар катары менен жатсын. Биринчи катарында лаал, топаз, зымырыт,

    28:18 үкинчи катарында карбункул, сапфир, алмаз,

    28:19 үчүнчү катарында жакут, агат жана аметист,

    28:20 төртүнчү катарында хризолит, оникс, яспис жатсын. Алар алтын оюктарга салынсын.

    28:21 Ал таштардын саны Ысрайыл уулдарынын санына жараша, аттарына жараша он эки болсун. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылсын.

    28:22 Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жаса.

    28:23 Алтындан эки шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн эки учуна бекит.

    28:24 өрүлгөн алтын чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөз.

    28:25 Ал эми эки чынжырчанын экинчи учтарын эки оюкка, эфоддун ченинин сырткы бетине байла.

    28:26 Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн башка эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекит.

    28:27 Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекит.

    28:28 Төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байла, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнө байла.

    28:29 Ысрайыл уулдарынын аттарын Теңир дайыма эсине алышы үчүн, Арун ыйык жайга киргенде, Ысрайыл уулдарынын аттары жазылган төш чөнтөктү өз жүрөгүнүн тушунда алып жүрсүн.

    28:30 Кудайдын өкүмүн билдирип турган төш чөнтөккө урим менен тумимди салып кой. Арун Теңирдин алдына барганда, алар анын жүрөк тушунда болот. Ысрайыл уулдарына чыгарылган өкүмдү Арун ар дайым өз жүрөгүнүн тушунда Теңирдин алдында алып жүрөт.

    Ыйык кызмат кылууда кийилүүчү кийим жөнүндө

    28:31 үфоддун ичинен кие турган сырткы чапан ачык көк жүндөн токулсун.

    28:32 Чапанга туюк жака чыгарылсын, ал айрылбашы үчүн, сооттуку сыяктуу кездеме менен кыюулансын.

    28:33 Ачык көк, жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жиптерден анын этегине тегерете чок жасап, чоктордун араларына алтын жылаажындарды тагып кой.

    28:34 Алтын жылаажындар менен чоктор чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагылсын.

    28:35 Арун ал чапанды Теңирге ийбадат кылып жатканда кийсин. Ал Теңирдин алдына, ыйык жайга кирип-чыкканда өлүп калбаш үчүн, жылаажындардын шыңгыраганы угулуп турсун.

    28:36 Таза алтынды жылмалап, тактайча жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине “Теңирге арналган” деп чегип жаз.

    28:37 Аны ачык көк жип менен кидарга байла, ал кидардын алды жагында болсун.

    28:38 Ал Арундун чекесинде дайыма байланып турсун. Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап алып келген курмандыктарынын жана тартууларынын кемчиликтерин ал өз мойнуна көтөрөт. Теңир алардын курмандыктарын кабыл алышы үчүн, ал ар дайым анын чекесинде болсун.

    28:39 Зыгыр буласынан узун көйнөк току, ошондой эле зыгыр буласынан кидар жана саймалуу бел курчоо жаса.

    28:40 Ызат көрсөтүлүшү үчүн жана аларга жарашыктуу болушу үчүн, Арундун уулдарына да узун көйнөк, бел курчоо, ыйык баш кийим даярда.

    28:41 Аларды бир тууганың Арунга жана анын уулдарына кийгизип, аларды майлап, аларга укук берип, ыйык кызмат кылуучулукка арна, ошондо алар Мага ыйык кызмат кылышат.

    28:42 Аларга зыгыр буласынан белинен тизесине чейин жеткен, жылаңач этин жаба турган ич кийим току.

    28:43 Ал кийимдерди Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирерде же ыйык жайда ийбадат кылуу үчүн, курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, күнөөлүү болуп өлүп калбаш үчүн кийип жүрүшсүн. Бул мыйзам ага жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск