Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Канаандыктарды жеңип алуу

    21:1 Түштүк тарапта жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл элинин Атаримге барчу жол менен келатканын угуп, аларга каршы согуш ачып, алардын бир нече кишисин туткунга алды.

    21:2 Ошондо Ысрайыл эли Теңирге мындай деп убада берди: «үгерде бул элди менин колума салып берсең, анда булардын шаарларын талкалайм».

    21:3 Теңир Ысрайыл элинин үнүн угуп, канаандыктарды анын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды шаарлары менен кошо талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма деп аташты.

    Жез жылан

    21:4 үдом жерин айланып өтүш үчүн, алар Ор тоосунан Кызыл деңизге карай кеткен жол менен жөнөштү. Жолдо элдин чыдамы кете баштады.

    21:5 Алар Кудайга каршы, Мусага каршы мындай деп наалышты: «Бизди Мисир жеринен чөлдө өлсүн деп алып чыктыңар беле? Анткени бул жерде нан да, суу да жок, бул жарыбаган тамак көңүлүбүзгө тийди».

    21:6 Ошондо Теңир элге уулуу жыландарды жиберди. Алар Ысрайыл уулдарын чагышты, ошондо алардын бир тобу өлдү.

    21:7 Анан эл Мусага келип, мындай деди: «Биз Теңирге жана сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык. Теңирге сыйынчы, Ал жыландарды жоготсун». Ошондо Муса эл үчүн сыйынды.

    21:8 Теңир Мусага мындай деди: «Жезден жылан жасап, шыргыйга кадап кой, жылан чаккан киши аны бир караса эле, тирүү калат».

    21:9 Муса жезден жылан жасап, шыргыйга кадап койду. Жылан чаккан киши жез жыланды карап, тирүү калып жатты.

    Чөл кезүү

    21:10 Ысрайыл уулдары жолго чыгып, Оботко келип токтошту.

    21:11 Оботтон чыгып, Жей-Абаримге келип токтошту, ал күн чыгышта, Мааптын каршысындагы чөлдө жайгашкан.

    21:12 Ал жерден чыгып, Зерет өрөөнүнө келип токтошту.

    21:13 Ал жерден чыгып, Арнон суусунун аморлуктардын чек арасына кирбеген жагындагы чөлгө келип токтошту, анткени Арнон суусу Маап менен аморлуктардын ортосунда жаткан Мааптын чек арасы болчу.

    21:14 Ошондуктан Теңирдин согуштары китебинде мындай деп айтылган:

    21:15 «Кызыл деңиздеги Байеп жана Арнон суулары, алардын Шебет-Арга түшкөн жогорку башаттары Маап менен чектешип турат».

    21:16 Ал жерден Бейирге бет алышты. Теңир Мусага «үлиңди чогулт, Мен аларга суу берем» деп айткан кудук ушул.

    21:17 Ошондо Ысрайыл мындай деп ырдады: «Тол, тол кудук! Ал жөнүндө ырдагыла!

    21:18 Бул – төрөлөр жана эл башчылар өздөрүнүн мыйзам таяктары менен казган кудук». Бул чөлдөн чыгып, Матанга бет алышты.

    21:19 Матандан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко жөнөштү.

    21:20 Бамоттон чыгып, Маап жериндеги Пизги тоосунун чокусундагы чөлдү караган Айга жөнөштү.

    Сихон менен Огду жеңип алуу

    21:21 Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго мындай деп айттырганы элчилерин жиберди:

    21:22 «Мага сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт. эгин талааларың менен жүзүмзарларыңды аралап өтпөйбүз, кудуктарыңдан да суу ичпейбиз. Жериңден падышанын жолу менен гана өтүп кетебиз».

    21:23 Бирок Сихон Ысрайыл уулдарына өз жери аркылуу өтүүгө уруксат бербей койду. Ал өзүнүн элин чогултуп, чөлдө Ысрайыл элине каршы чыгып, Жааска чейин келип, Ысрайыл эли менен салгылашты.

    21:24 Ысрайыл аны кылычы менен кыйратып, Арнондон Жабокко чейинки, анын амондуктардын чек арасына чейинки жерлерин басып алды, анткени амондуктардын чек арасы бекем болчу.

    21:25 Ошентип, Ысрайыл ушул шаарлардын баарын эүлеп алды. Ысрайыл аморлуктардын бардык шаарларында, Кешпондо жана ага караштуу бардык шаарларда жашап турду.

    21:26 Анткени Кешпон аморлуктардын падышасы Сихондун шаары эле. Ал мааптыктардын мурунку падышасы менен согушуп, анын Арнонго чейинки жеринин баарын тартып алган.

    21:27 Ошондуктан ырчылар мындай деп ырдашат: «Кешпонго келгиле, Сихондун шаарын кайрадан кургула, тегерете бекемдегиле.

    21:28 Анткени Кешпондон чыккан от, Сихондун шаарынан чыккан жалын Ар-Маапты жана Арнондун бийиктиктерин эүлеп жаткандарды жалмады.

    21:29 Маап, сага кайгы! Кемош эли, кыйрадың! Уулдарың качып жөнөштү, кыздарың болсо Амор падышасы Сихондун туткуну болуп калышты.

    21:30 Биз аларды жебе менен кыйраттык. Кешпон Дибонго чейин кыйрады, биз аларды Мейдебанын жанындагы Нопахка чейин кыйраттык».

    21:31 Ошентип, Ысрайыл аморлуктардын жеринде жашап турду.

    21:32 Муса Жазерди көрүп келүүгө киши жиберди. Анан алар ага караштуу айыл-кыштактарды басып алышты, ал жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.

    21:33 Анан артка кайрылып, Башанды көздөй жөнөштү. Ошондо Башан падышасы Ог бүт эли менен аларга каршы чыгып, эдрейдин жанында салгылашты.

    21:34 Ошондо Теңир Мусага: «Сен андан коркпо, анткени Мен анын өзүн, бүт элин, бүт жерин сенин колуңа салып берем. Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, муну да так ошондой кыласың», – деди.

    21:35 Ошентип, ысрайылдыктар анын өзүн, уулдарын, бүт элин бирин калтырбай кыйратышты, анын жерлерин эүлеп алышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск