Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Иерусалим менен Гибондун тургундары жөнүндө

    9:1 Бүт ысрайылдыктар өз уруулары боюнча эсептелген. Алар Ысрайыл падышаларынын китебине жазылган. Жүйүттөр болсо мыйзамсыз иштери үчүн Бабылга туткундалып кетишкен.

    9:2 өздөрү эүлеп алган жерлерде, Ысрайыл шаарларында жашаган алгачкы тургундар ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана нетиндер болгон.

    9:3 Иерусалимде Жүйүттүн күү бир уулдары, Бенжеминдин уулдарынан, эпрайым менен Менашенин уулдарынан жашап турушкан:

    9:4 Жүйүттүн уулу Перестин уулдарынан Утай, Утай – Амийуттун уулу, Амийут – Омринин уулу, Омри – Имринин уулу, Имри – Банинин уулу.

    9:5 Шилондун уулдарынан тун уулу Асая жана анын уулдары.

    9:6 Зерактын уулдарынан Жейуел жана анын алты жүз токсон бир тууганы.

    9:7 Бенжемин уулдарынан Салу, ал – Мешуламдын уулу, Мешулам – Одабиянын уулу, Одабия – Асенуйдун уулу,

    9:8 Жерохамдын уулу – Жибнея, Узинин уулу – эйла, Узи – Михринин уулу, Шепатиянын уулу – Мешулам, ал – Ребуелдин уулу, Ребуел – Жибнеянын уулу.

    9:9 Єй-бүлөлөрү боюнча алардын бир туугандары – тогуз жүз элүү алты киши, булардын бардыгы өз урууларында эй-бүлө башчылары болгон.

    Ыйык кызмат кылуучулар жөнүндө

    9:10 Ал эми ыйык кызмат кылуучулар булар: Жедая, Жойарип, Жахин жана

    9:11 Азария. Азария – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Кудайдын үйүндө башкаруучу болгон Акитуптун уулу.

    9:12 Ошондой эле Адая. Адая – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пашкурдун уулу, Пашкур – Малкиянын уулу. Ошондой эле Масай. Масай – Адиелдин уулу, Адиел – Жахзердин уулу, Жахзер – Мешуламдын уулу, Мешулам – Мешилеймиттин уулу, Мешилеймит – Имердин уулу.

    9:13 Ошондой эле алардын бир туугандары, өз эй-бүлөлөрүнүн башчылары – бир миң жети жүз алтымыш адам. Алар Кудайдын үйүндө ак ниет кызмат кылган эң жакшы адамдар болгон.

    Лебилер жөнүндө

    9:14 Ал эми лебилерден: Шемая. Ал – Хашубанын уулу, Хашуба – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия Мераринин тукуму болгон.

    9:15 Ошондой эле Бакбакар, Хереш, Галал жана Матания. Матания – Миханын уулу, Миха – Зихринин уулу, Зихри – Асаптын уулу.

    9:16 Ошондой эле Обадия. Ал – Шемаянын уулу, Шемая – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу, Жедутун – Берекиянын уулу, Берекия – Асанын уулу, Аса – нетопалыктардын айыл-кыштактарында жашаган элкананын уулу.

    9:17 Ал эми дарбазачылар: Шалум, Акуп, Талмон, Акиман жана алардын бир туугандары. Алардын башчысы – Шалум.

    9:18 Леби уулдарынын бул дарбазачылары чыгыш жактагы падыша дарбазасын бүгүнкү күнгө чейин кайтарышат.

    9:19 Шалум – Корейдин уулу, Корей – эбийасаптын уулу, эбийасап – Корактын уулу. Шалум жана анын уруусундагы бир туугандары, корактыктар, кызмат абалы боюнча жыйын чатырынын босогосунда күзөтчүлөр болушкан. Алардын аталары болсо Теңирдин станынын кире беришин кайтарышкан.

    9:20 Алардын үстүнөн мурда элазар уулу Пинехас башчы болгон. Теңир аны колдоп турган.

    9:21 Мешелемия уулу Захария жыйын чатырынын эшигин кайтарган.

    9:22 Дарбазачы болуу үчүн тандалгандардын саны эки жүз он эки болгон. Алар өз кыштактары боюнча тизмеге кирген. Аларды Дөөт менен көрөгөч Шемуел ишенимдүү адамдар болгону үчүн койгон.

    9:23 Алар да, алардын уулдары да жыйын чатырынын, Теңир үйүнүн дарбазасын кайтарып турушкан.

    9:24 Дарбазачылар төрт тарапта: чыгышта, батышта, түндүктө, түштүктө турган.

    9:25 Кыштактарда жашаган бир туугандары аларга мезгил-мезгили менен жети күнгө келип турушкан.

    өзгөчө кызматка дайындалган лебилер

    9:26 Күзөтчүлөрдүн төрт башчысы, лебилер, ишенимдүү адамдар болгон. Аларга Кудай үйүнүн турак-жайлары менен казынасын кайтаруу дайындалган.

    9:27 Кудай үйүнүн айланасында алар түн күзөтүшкөн, анткени аларга кайтаруу иши тапшырылган. Алар ар күнү эртең менен эшиктерди ачып туруулары керек эле.

    9:28 Алардын күү бирөөлөрү кызмат кылууда колдонулуучу идиштерге жооптуу болуп дайындалышкан, алар идиштерди эсептеп кабыл алып, эсептеп берип турушкан.

    9:29 Башкаларына башка буюмдар менен керектүү ыйык нерселер: эң жакшы деп эсептелген ун, шарап, зайтун майы, жыпар жыттуу заттар тапшырылган.

    9:30 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынын күү бири жыпар жыттуу заттардан жыпар жыттуу аралашма жасап турушкан.

    9:31 Корактык Шалумдун тун уулуна – лебилерден чыккан Мататияга көмөч казанга нан бышыруу тапшырылган.

    9:32 Ишемби сайын нан курмандыктарын коюп туруу үчүн, алардын Каат уулдарынан тараган бир туугандарынын күү бирлерине нан курмандыктарын бышыруу тапшырылган.

    9:33 Ырчылар – Леби урууларындагы уруу башчылар ийбадатканадагы бардык кызматтардан бошотулган, анткени алар күнү-түнү өз кызматын кылууга милдеттүү болчу.

    9:34 Булар – леби урууларынын уруу башчылары, өз урууларынын башчылары. Алар Иерусалимде турушкан.

    9:35 Гибондуктардын атасы Жейел Гибондо жашаган, анын аялынын аты – Мааха,

    9:36 анын тун уулу – Абдон, андан кийин Сур, Киш, Баал, Нейир, Надап,

    9:37 Гедор, Ахио, Захария жана Миклот.

    9:38 Миклоттон Шимам төрөлдү. Алар өздөрүнүн бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге жашап турушкан.

    9:39 Нейирден Киш төрөлдү, Киштен Шабул төрөлдү, Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана эшпаал төрөлдү.

    9:40 Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.

    9:41 Миханын уулдары: Питон, Мелех, Тахрей жана Ахаз.

    9:42 Ахаздан Жара төрөлдү. Жарадан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.

    9:43 Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая, Репаянын уулу – элас, эластын уулу – Атсел.

    9:44 Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булар – Атселдин уулдары.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск