Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 51

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    51-БөЛЄМ

    Бабылдын талкаланышы

    51:1 Теңир мындай дейт: «Мына, Мен Бабылга жана анын арасында жашагандарга каршы өзүмдүн душмандарымды көтөрөм.

    51:2 Бабылга сапыруучуларды жиберем, алар аны учуруп жиберишет, анын жерин кыйратышат, анткени алаамат күнү ага бардык тараптан кол салышат.

    51:3 Аткыч жаа тартканга жана өзүнүн калканы менен мактанганга каршы жаа тартсын. Анын уландарын аябагыла, анын бүт аскерин жок кылгыла.

    51:4 өлтүрүлгөндөр Каздим жеринде кулашсын, сайылгандар анын жолдоруна кулашсын».

    51:5 Ысрайылдын Ыйыгынын алдында жери күнөөгө толсо да, Ысрайыл менен Жүйүт өздөрүнүн Себайот Кудай-Теңиринен ажырап жесир калган эмес.

    51:6 Бабыл чөйрөсүнөн качкыла жана анын мыйзамсыздыгынан өлүп калбаш үчүн, ар бириңер өз жаныңарды сактагыла, анткени бул – Теңирдин өч ала турган мезгили, Ал анын ишине жараша жазасын берип жатат.

    51:7 Бабыл Теңирдин колундагы бүт жерди мас кылган алтын чөйчөк болгон. элдер андан шарап ичип, акылсыздык кылышкан.

    51:8 Бабыл капыстан кулап, талкаланды. Ал үчүн боздоп ыйлагыла, анын жарааты үчүн бальзам алгыла, балким, ал айыгып кетер.

    51:9 Бабылды биз дарыладык, бирок ал айыккан жок. Аны таштагыла, ар кимибиз өз жерибизге кетели, анткени ага чыгарылган өкүм асманга жетти, булутка чейин көтөрүлдү.

    51:10 Теңир биздин акыйкаттыгыбызды жарыкка чыгарды. Жүргүлө, Сиондо Кудай-Теңирибиздин ишин жар салалы.

    51:11 Жебелерди учтагыла, саадактарды жебеге толтургула. Теңир Мадай падышаларынын рухун козгоду, анткени Анын Бабылды жок кылам деген ою бар. Анткени бул – Теңирдин өчү, Теңирдин ийбадатканасы үчүн өч алуу.

    51:12 Бабыл дубалдарына каршы туу көтөргүлө, күзөтүүнү күчөткүлө, күзөтчүлөрдү орду-ордуна койгула, буктурмаларды даярдагыла, анткени Теңир Бабылдын тургундары жөнүндө эмнени ойлосо, эмнени айтса, ошону аткарат.

    51:13 Оо, сен, улуу дарыялардын жүүгинде жашаган, көп байлыктардын эүси! Сенин күнүң бүттү, сараңдыгың чегине жетти!

    51:14 Себайот Теңир өзү менен ант берди: «Чынында эле, Мен сени чегирткедей сансыз элге толтурам, алар сага каршы согуш ураанын көтөрүшөт».

    Кудайды даңктоо ыры

    51:15 Ал жерди өзүнүн кудурети менен жараткан, ааламды өзүнүн даанышмандыгы менен орноткон, асманды өзүнүн акылы менен жайган.

    51:16 Анын үнүнөн асмандагы суулар күрүлдөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды чыгарат, жамгыр жаап жатканда, чагылган жаратат, өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.

    51:17 Ар бир адам өзүнүн билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өзү жасаган бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени анын бурканы – жалган, анын ичинде рух жок.

    51:18 Ал – үч нерсеге арзыбаган нерсе, адашкандын иши. Алар өздөрүнүн жазалана турган мезгили келгенде жок болушат.

    51:19 Жакыптын элүшү алардыкындай эмес, анткени анын Кудайы – баарын жараткан Кудай, Ысрайыл болсо Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.

    Теңирдин балкасы

    51:20 «Сен Менин балкамсың, согуштук куралымсың. Мен сени менен элдерди кыйраткам, сени менен падышачылыктарды жок кылгам.

    51:21 Мен сени менен анын аттарын жана атчан аскерлерин кыйраткам, сени менен анын майдан арабаларын жана араба айдоочуларын кыйраткам.

    51:22 Сени менен эркегин да, аялын да өлтүргөм. Сени менен карысын да, жашын да өлтүргөм, сени менен уланын да, кызын да өлтүргөм.

    51:23 Сени менен койчуну да, анын койлорун да кыйраткам, сени менен дыйканды да, анын жумушчу малын да кыйраткам, сени менен дубан башчыларын да, шаар башчыларын да өлтүргөм.

    Бабылдын жазаланышы

    51:24 Мен силердин көз алдыңарда Бабылды жана бүт Каздим тургундарын, алардын Сиондо кылган бардык кыянат иштери үчүн жазалайм, – дейт Теңир.

    51:25 Мен сага каршымын, бүт жерди ойрон кылуучу тоо, – дейт Теңир, – ойрон кылуучу, Мен сага каршы колумду сунам, сени аскадан кулатам, сени өрттөлгөн тоого айлантам.

    51:26 Ошондо сенден бурч үчүн да таш алышпайт, пайдубал үчүн да таш алышпайт, түбөлүккө эүн каласың», – дейт Теңир.

    51:27 Жерде туу көтөргүлө, элдер арасында сурнай тарткыла, элдерди ага каршы куралдандыргыла, Арарат падышачылыгын, Мини падышачылыгын, Ашкыназ падышачылыгын ага каршы чакыргыла, ага каршы аскер башчы койгула, аттарды кылдуу чегирткедей каптаткыла.

    51:28 үлдерди, Мадай падышаларын, анын дубан башчыларын, анын бүт шаар башчыларын, ага караштуу бардык жерди ага каршы куралдандыргыла.

    51:29 Жер солкулдап, титиреп жатат, анткени Теңирдин Бабыл жерин эл жашабаган чөлгө айландырам деген ниети орундалып жатат.

    51:30 Бабылдын күчтүү жоокерлери согушканын токтотушту, өз чептеринде отурушат. Алардын күчү кетти, аялдардай болуп калышты, алардын үйлөрү өрттөлүп, кулпулары талкаланды.

    51:31 Бабыл падышасына анын шаары бардык тарабынан алынганын кабарлаш үчүн, чабармандын артынан чабарман, кабарчынын артынан кабарчы чуркап бара жатат.

    51:32 Кечүүлөр басылып алынды, тосмолор өрттөлдү, жоокерлер коркунуч менен жеңилишти.

    51:33 Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Бабыл кызы дан бастырылып жаткан кырманга окшош, бир аз убакыттан кийин анын оруу-жыюу мезгили келет».

    51:34 «Мени Бабыл падышасы Небухаданасар жеди, мүлжүдү, бош идишке айлантты, мени ажыдаардай жутту, өзүнүн курсагын менин эң жакшы нерселериме толтурду, мени бүркүп ыргытты.

    51:35 Менин таарынычым да, менин денем да Бабылдын мойнунда, – дейт Сиондун тургуну. Менин каным Каздим тургундарынын мойнунда», – дейт Иерусалим.

    Теңирдин Ысрайылга жардам бериши

    51:36 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сенин ишиң үчүн болушам, сен үчүн өч алам. Анын деңизин какшытам, анын булактарын соолутам.

    51:37 Ошондо Бабыл үйүлгөн урандыга, чөөлөрдүн түнөгүнө айланат, эрөй учурган, шылдыңга калган жана эл жашабаган жер болот.

    51:38 Алардын бардыгы арстандай айкырышат, арстандын күчүктөрүндөй ырылдашат.

    51:39 Алар кызыган кезде, Мен аларга той өткөрүп, мас болгуча ичирем. Алар көңүл ачып, түбөлүк уйку менен уктап, ойгонбошу үчүн ушундай кылам, – дейт Теңир.

    51:40 Аларды союлуучу козулардай, кочкор менен текелердей айдап түшүрөм.

    Бабылдын тагдыры

    51:41 Шейшак кандай алынды, жер жүзүнүн сыймыгы кандай жеңилди! элдер арасында Бабыл кандай эрөй учурарлык болду!

    51:42 Бабылга каршы деңиз көтөрүлдү, ал анын сансыз толкундарынын астында калды.

    51:43 Анын шаарлары чөлгө, какшыган жерге, эүн талаага, үч ким жашабаган жерге, адам баласы өтпөгөн жерге айланды.

    51:44 Бабылдагы Белди жазалайм, анын жутканын оозунан чыгартам, ошондон кийин ага элдер агылып келбей калат, атүгүл, Бабылдын дубалдары да кулайт.

    51:45 Менин элим, анын чөйрөсүнөн чык, ар бириңер өз жаныңарды Теңирдин жалындаган каарынан сактагыла.

    51:46 Жүрөгүңөр алсырабасын, жер үстүндө угула турган кабардан коркпогула. Кабар бир жылы келет, кийинки жылы дагы бир кабар келет, жер үстүндө зордук-зомбулук болот, өкүмдар өкүмдарга каршы көтөрүлөт.

    51:47 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Бабылдын буркандарын жазалайм, анын бүткүл жери маскара болот, ал жерге анын өлтүрүлгөндөрүнүн баары кулайт.

    51:48 Ошондо Бабылдын кулаганына асман менен жер жана аларда болгондун бардыгы сүйүнөт, анткени ага түндүк тараптан кыйратуучулар келет, – дейт Теңир.

    51:49 Бабыл жеңилген ысрайылдыктарды кандай кулатса, бүт өлкөдөгү жеңилгендер да Бабылда ошондой кулайт».

    Бабылда жашап жаткандар жөнүндөгү пайгамбарчылык

    51:50 Кылычтан аман калгандар, кеткиле, токтобогула, Теңир жөнүндө алыстан үстегиле, Иерусалим силердин жүрөгүңөргө кирсин.

    51:51 Жаман сөздөрдү укканда, биз уят болгонбуз. Бөтөн жерликтер Теңир үйүнүн ыйык жайына киришкенде, бетибизге маскаралык жабылган.

    51:52 «Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен анын буркандарын жазалайм, анын бүт жеринде жарадар болгон адамдар онтошот.

    51:53 Бабыл асманга чейин көтөрүлсө да, өз сепилин бийиктикке орнотсо да, Менден ага каршы кыйратуучулар келет», – дейт Теңир.

    Бабылдын андан кийинки кыйратылуусу

    51:54 Бабылдан өкүрүк угулуп жатат, Каздим жеринен чоң бүлгүн-чапкын угулуп жатат.

    51:55 Анткени Теңир Бабылды эүн калтырып, анын ичиндеги текебер эндү токтотот. Алардын толкундары чоң суулардай күрпүлдөйт, алардын шуулдаган үнү жаңырат.

    51:56 Анткени ага – Бабылга каршы, кыйратуучу келет, анын каарман жоокерлери колго түшөт, алардын жаалары кыйрайт, анткени Кудай – тиешесин берүүчү Теңир, Ал сөзсүз тиешесин берет.

    51:57 «Анын төрөлөрүн, анын даанышмандарын, анын дубан башчыларын, анын шаар башчыларын, анын жоокерлерин мас болгончо ичирем, ошондо алар түбөлүккө уктап калышат, ойгонушпайт», – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша.

    51:58 Себайот Теңир мындай дейт: «Бабылдын калың дубалдары пайдубалдарына чейин урайт, анын бийик дарбазалары өрттөлөт. элдер бекер эмгектеништи, уруулар өздөрүн от үчүн кыйнашты».

    Жеремиянын пайгамбарчылыгынын Бабылга жөнөтүлүшү

    51:59 Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын төртүнчү жылында Махсея уулу, Нейрия уулу Серая Ситкия менен Бабылга жөнөп бара жатканда, ага Жеремия пайгамбар тапшырган сөз. Серая падышанын башкы орун даярдоочусу болгон.

    51:60 Бабыл жөнүндө, аны кандай алаамат каптары жөнүндө жазылган бул сөздөрдүн бардыгын Жеремия бир китепке жазып койду.

    51:61 Ошондо Жеремия Сераяга мындай деди: «Сен Бабылга барганда, бул сөздөрдүн баарын сөзсүз окуп бер.

    51:62 Анан мындай де: “Теңир! Сен бул жерди толугу менен кыйратарыңды: ал жерде адам да, мал да калтырбай, аны түбөлүк чөлгө айлантарыңды айткансың”.

    51:63 Анан бул китепти окуп бүткөндөн кийин, ага таш байлап туруп, эфрат дарыясынын ортосуна ыргытып жибер,

    51:64 анан мындай де: “Бабыл ушинтип чөгөт, ал Мен ага каршы каптаткан алааматтан кайра турбайт, ал таптакыр алсырап калат”». Буга чейин Жеремиянын сөзү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск