Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Пабыл Македония дубанында жана Грецияда

    20:1 Козголоң басылгандан кийин, Пабыл шакирттерди чакырып, аларга насаат айтты. Анан алар менен коштошуп, Македонияга жол тартты.

    20:2 Македонияны кыдырып, Ыйсага ишенгендерге көп насаат айткандан кийин, Грецияга келди.

    20:3 Пабыл ал жерде үч ай болгондон кийин, Сирияга Македония аркылуу кайтып келүүнү чечти. Анткени кеме менен Сирияга жол тартар алдында жүйүттөр ага каршы козголоң чыгарышты.

    20:4 Бероялык Пурдун уулу Сосипатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секундос, дербелик Гай, Тиметей жана асиялык Тихик менен Трофим аны Асияга чейин узатып барышты.

    20:5 Алар бизден мурун жолго чыгып, бизди Троаста күтүп турушту.

    Троас шаарында

    20:6 Биз болсо Ачыткысыз нан майрамынан кийин, Филипиден кеме менен чыгып, беш күндөн кийин аларга, Троаска келип, ал жерде жети күн болдук.

    20:7 Жуманын биринчи күнү Пабыл нан сындыруу үчүн чогулган шакирттер менен сүйлөштү. Ал эртеси күнү жолго чыга турган болгондуктан, алар менен түн ортосуна чейин сүйлөшүп отурду.

    20:8 Биз чогулган эйдүн жогорку бөлмөсүндө көп шам чырак күйүп турган.

    20:9 Терезеде эйтих деген бир жаш улан отурган. Пабылдын сөзү узакка созулгандыктан, ал катуу уктап кетип, үчүнчү кабаттан жерге кулап түштү. Карашса, ал өлүп калыптыр.

    20:10 Пабыл төмөн түшүп, өлүктүн үстүнө жатты да, аны кучактап: «Коркпогула, анын жаны өзүндө», – деди.

    20:11 Анан ал кайра жогору чыгып, нан сындырып, андан жеди. Түнү бою аңгемелешип отуруп, таңга маал жолго чыкты.

    20:12 Бул арада жаш уланды эйгө тирүү алып келип, бардыгы кубанычка батышты.

    Троастан Милетке жол тартуу

    20:13 Биз Пабылдан мурун кемеге отуруп, Ас шаарын көздөй жол тарттык. Биз аны ошол жерден алып кетмекпиз. Ал өзү жөө баргысы келгендиктен, бизге ушундай кылууну буйруган.

    20:14 Аны менен биз Аста жолуктук да, Мителене шаарына чогуу келдик.

    20:15 Ал жерден кеме менен сүзүп чыгып, эртеси күнү Хиос аралынан алыс эмес жерге келип токтодук. Анын эртеси Самос аралынын жанындагы Трогилий шаарында болуп, бир күндөн кийин Милет шаарына келдик.

    20:16 Анткени Пабыл Асияда убакытты кетирбеш үчүн, эфестин жанынан өтүп кетүүнү чечти. Анткени ал мүмкүн болсо, элүэнчү күн майрамында Иерусалимде болуу үчүн шашып бара жаткан эле.

    үфес Жыйынынын башчылары менен коштошуу

    20:17 Ал Милеттен эфеске киши жиберип, Жыйын башчыларын чакыртты.

    20:18 Алар келишкенде, Пабыл аларга мындай деди: «өзүңөр билесиңер, мен Асияга келген күндөн тартып, бардык убакта жаныңарда болдум.

    20:19 Жүйүттөрдүн кара ниеттигинин айынан башыма келген сыноолор учурунда, Теңирге момундук менен, көз жаш менен кызмат кылдым.

    20:20 Силерге пайдалуу боло турган нерселердин бардыгын айттым, силерди бүт эл алдында да, эймө-үй кыдырып да окуттум.

    20:21 Жүйүттөргө да, эллиндерге да тобо кылуу жөнүндө жана Теңирибиз Ыйса Машайакка ишенүү жөнүндө жарыяладым.

    20:22 Азыр болсо Рухтун жетеги менен Иерусалимге бара жатам, ал жерде мени эмне күтүп тургандыгын билбейм.

    20:23 Бирок мени кишендер жана азап-кайгылар күтүп тургандыгын Ыйык Рух мага ар бир шаарда эскертип жатат.

    20:24 Бирок мен үч нерсеге карабаймын жана өз өмүрүмдү үч аябаймын, алдымда турган жарышты жана Теңир Ыйса тапшырган кызматты – Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратуу ишин кубаныч менен аягына чыгарсам эле болду.

    20:25 Азыркы учурда мен муну билем: мен жарыялаган Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө уккандарыңардын ичинен үч бириңер мындан кийин мени көрбөйсүңөр.

    20:26 Ошондуктан бүгүн силерге айтып коёюн: мен үч кимиңердин каныңар үчүн жооп бербейм.

    20:27 Анткени мен силерге Кудайдын эркин толугу менен айткам.

    20:28 Ошондуктан өзүңөргө жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бүтүндөй үйүргө сак болгула. Теңирдин жана Кудайдын өз канын төгүп сатып алган Жыйынын кайтаргыла.

    20:29 Анткени мен кеткенден кийин, араңарга үйүрдү аябаган жырткыч карышкырлар кирерин билем.

    20:30 Шакирттерди эүрчитип кетүү үчүн, өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат.

    20:31 Ошондуктан сергек болгула, көз жашымды төгүп, ар бириңерди үч жыл бою күн-түн дебей, тынымсыз окутканымды эсиңерден чыгарбагыла.

    20:32 үми силерди, бир туугандар, Кудайга жана Анын ырайымы жөнүндөгү сөзүнө тапшырамын. Ал сөз силерди калыптандырып, ыйыкталгандар менен бирге мураска эү кыла алат.

    20:33 үч кимден күмүш да, алтын да, кийим да алууну каалаган жокмун.

    20:34 Силер өзүңөр билесиңер, өзүмдүн да, жанымдагылардын да муктаждыгы үчүн өз колум менен эмгектендим.

    20:35 Ушинтип эмгектенип, алсыздарга жардам берүү керек экендигин, Ыйса Теңирдин “Алганга караганда берген жакшы” деген сөзүн унутпоо керек экендигин бардык жагынан көрсөттүм».

    20:36 Бул сөздөрдү айткандан кийин, ал тизе бүгүп, бардыгы менен чогуу сыйынды.

    20:37 Бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап өпкүлөштү.

    20:38 Аларды Пабылдын «Мени мындан кийин көрбөйсүңөр» деген сөзү өзгөчө кайгыртты. Андан кийин алар аны кемеге чейин узатып барышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск