Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Иерусалимдеги жийиркеничтүү иштер жөнүндө

    16:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    16:2 «Адам уулу! Иерусалимге өзүнүн жийиркеничтүү иштерин айт,

    16:3 ага мындай де: Кудай-Теңир Иерусалимге мындай дейт: “Сенин тамырың жана ата мекениң Канаан жеринде, атаң – аморлук, энең – хеттик.

    16:4 Сенин төрөлүшүң мындай: сен төрөлгөн күнү киндигиңди кесишкен эмес, сени тазалаш үчүн суу менен жуушкан эмес, туздалган эмессиң, жалаякка оролгон эмессиң.

    16:5 Сага боорукердик кылып, ушулардын ичинен, жок дегенде, бирин кылыш үчүн, үч кимдин көзү сени аяган жок. Сен төрөлгөн күнү талаага ташталгансың, анткени жек көрүндү болгонсуң.

    16:6 Ошондо Мен сенин жаныңдан өтүп бара жатып, сенин тепсендиге ташталып, канга чулганып жатканыңды көрүп, сага мындай дедим: «Канга чулганып жатканыңа карабастан, жаша!» Ооба, Мен сага: «Канга чулганып жатканыңа карабастан, жаша!» – дедим.

    16:7 Сени талаа өсүмдүктөрүндөй кылып көбөйттүм. Сен өстүң, чоңойдуң, эң сонун сулуулукка жеттиң: көкүрөгүң чыкты, чачың өстү, бирок сен жабуусуз, жылаңач элең.

    16:8 Ошондо Мен сенин жаныңдан өтүп бара жатып, сени көрдүм: мына, ошол убак сенин убагың эле, сени сүйө турган убак эле. Мен сенин үстүңө кийимимдин этегин жайып, сенин жылаңачтыгыңды жаптым. Сага убада берип, сени менен келишим түздүм, – дейт Кудай-Теңир, – ошентип, сен Меники болуп калдың.

    16:9 Мен сени суу менен жуудум, каныңды жууп салдым, анан сени зайтун майы менен майладым.

    16:10 Єстүңө саймалуу көйнөк, бутуңа сактыян бут кийим кийгиздим, белиңди ак мата менен курчадым, сага жибек жабуу жаптым.

    16:11 Сени жасалгалар менен жасалгаладым, колдоруңа билерик салдым, мойнуңа мончок тактым.

    16:12 Мурдуңа шакек салдым, кулагыңа сөйкө тактым, башыңа эң сонун таажы кийгиздим.

    16:13 Ошентип, сен алтын-күмүш менен жасалгаландың, кийимиң ак матадан, жибектен жана саймалуу кездемеден болду. Сен эң жакшы буудай унунан жасалган нан менен, бал жана зайтун майы менен азыктанчу элең, ашкан сулуу элең жана падышачылык даңкка жеттиң эле.

    16:14 Сулуулугуң менен элдердин арасында атагың чыкты, анткени Мен сага кийгизген эң сонун кийим сулуулугуңду арттырып, кемчиликсиз кылган эле, – дейт Кудай-Теңир.

    16:15 Бирок сен сулуулугуңа таяндың, атак-даңкыңдан пайдаланып, бузуктук кыла баштадың, жаныңдан өткөн ар ким менен бузуктук кылдың.

    16:16 Анан өзүңдүн кийимдериңден алып, түркүн түстүү бутканаларды жасадың, ошол жерлерде бузуктук кылдың, буга чейин мындай болгон эмес, мындан кийин да болбойт.

    16:17 Мен берген алтындан жана күмүштөн жасалган өзүңдүн кооз буюмдарыңдан алып, өзүңө эркек сөлөкөттөрүн жасап, алар менен бузуктук кылдың.

    16:18 өзүңдүн гүлдүү көйнөгүңдү алып, аларга кийгизип, алардын алдына Менин зайтун майымды, Менин жыпар жыттуу затымды койдуң.

    16:19 Мен берген нанды, сени азыктандырган буудай унун, зайтун майын жана балды алардын алдына жыпар жыттуу зат кылып койдуң. Ушундай да болгон, – дейт Кудай-Теңир.

    16:20 Мага төрөп берген уулдарыңды, кыздарыңды жем кылып курмандыкка чалдың. Сага өзүңдүн бузуктук кылганың аздык кылдыбы?

    16:21 Бирок сен Менин уулдарымды да мууздап, аларга берип, курмандыкка өрттөдүң.

    16:22 Сен өзүңдүн бардык жийиркеничтүү иштериңди, бузуктугуңду кылып жатканда, жаш кезиңде жылаңач, жабуусуз болуп, тепсендиге ыргытылып, канга чулганып жатканыңды үстеген жоксуң.

    Иерусалимдин бузуктук кылуусу жөнүндө

    16:23 Бардык кыянат иштериңден кийин, сага кайгы, кайгы! – дейт Кудай-Теңир.

    16:24 Сен өзүңө бузуктук бутканаларын курдуң, ар кайсы аянтка бутканаларды жасадың.

    16:25 Ар кайсы жолдун башына өзүңө бутканаларды куруп, сулуулугуңду маскаралап, жаныңдан өткөн ар кимге буттарыңды ачтың, ошентип, бузуктугуңду арттырдың.

    16:26 Узун бойлуу кошунаң – Мисир уулдары менен бузуктук кылдың, Мени каардантып, бузуктугуңду арттырдың.

    16:27 Ошондуктан Мен өз колумду сага каршы сундум жана сага деп белгиленгенди азайттым. Сени жек көргөн, сенин бузулган жүрүм-турумуңдан уялган Пелишти кыздарынын сага зомбулук кылуусуна жол бердим.

    16:28 Сен Ашур уулдары менен бузуктук кылдың, бирок ага да тойгон жоксуң, алар менен бузуктук кылдың, бирок ага да канааттанган жоксуң.

    16:29 Бузуктугуңду Канаан жеринен Каздимге чейин арттырдың, бирок ага да канааттанган жоксуң.

    16:30 үгерде сен ушунун баарын тыюу салынбаган бузулган аялдай болуп жасаган болсоң, анда алсырап бүтсөң керек! – дейт Кудай-Теңир.

    16:31 Сен ар кайсы жолдун башына бузуктук бутканаларын куруп жатканда, ар кайсы аянтка бутканаларды жасап жатканда, сен бузулган аялдай эмес элең, анткени сен белектерди четке какчусуң.

    16:32 Бирок сен өзүнүн күйөөсүнүн ордуна башка эркектерди кабыл алып ойноштук кылган аялдай болчусуң.

    16:33 Бузулган аялдардын баарына белек беришет, сен болсо өзүңдүн бүт ойношторуңа белектерди өзүң берчүсүң, сен аларды ар тараптан келип, өзүң менен ойноштук кылыш үчүн сатып алчусуң.

    16:34 Сенин бузуктук кылганың аялдардыкынан башкача: алар сенин аркаңдан чуркашчу эмес, белектерди сен берчүсүң, сага болсо белек беришчү эмес. Ошондуктан сен башкалардан айырмаланып, тетирисинче кылчусуң.

    Бузуктук үчүн жазалоо

    16:35 Ошондуктан, бузулган аял, Теңирдин сөзүн ук!

    16:36 Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен өз акчаңды ушинтип чачканың үчүн, бузуктук кылып, ойношторуңдун алдында, өзүңдүн жийиркеничтүү жасалма кудайларыңдын алдында жылаңачтыгың ачылганы үчүн жана аларга берген өз уулдарыңдын каны үчүн,

    16:37 мына ошон үчүн Мен сен ыракаттанган, өзүң сүйгөн ойношторуңдун баарын, сен өзүң жек көргөндөрдүн баарын чогултам. Мен аларды сага каршы ар тараптан чогултуп келип, алардын алдында жылаңачтыгыңды ачам, ошондо алар сенин бүт маскаралыгыңды көрүшөт.

    16:38 Мен сени ойноштук кылгандарды жана кан төккөндөрдү жазалагандай жазалайм, сени каарым менен, кызганчаактыгым менен өлүм жазасына тартам.

    16:39 Сени алардын колуна салып берем, ошондо алар сенин бузуктук бутканаларыңды кыйратышат, сенин бутканаларыңды уратышат, үстүңдөгү кийимиңди сыйрып алышат, жасалгаларыңды жулуп алышат, өзүңдү жылаңач, жабуусуз калтырышат.

    16:40 Сага топ элди каршы көтөрүшөт, сени таш бараңга алышат, кылычтары менен бөлө чабышат.

    16:41 Сенин үйлөрүңдү өрттөшөт, сени көптөгөн аялдардын көз алдында жазалашат. Ошентип, сенин бузуктугуңду токтотом, ошондон кийин белек бербей каласың.

    16:42 Ошентип, өзүмдүн сага болгон каарымды кандырам, Менин кызганчаактыгым сенден четтейт, ошондо тынчтанам, ошондон кийин ачууланбайм.

    16:43 Сен өзүңдүн жаш күндөрүңдү үстебегениң үчүн, Мени ушулардын бардыгы менен кыжырлантканың үчүн, Мен да сени өзүңдүн жолдоруңа жараша жазалайм, – дейт Кудай-Теңир. – Сен ушундай жийиркеничтүү иштерди кылгандан кийин, андан ары да бузуктукка берилбешиң үчүн ошентем.

    үнеси кандай болсо, кызы да ошондой

    16:44 Мисал менен сүйлөгөн ар ким сен жөнүндө: «үнеси кандай болсо, кызы да ошондой», – деп айта алат.

    16:45 Сен өз күйөөсүн жана балдарын таштап кеткен энеңе окшошсуң, сен өз күйөөлөрүн жана балдарын таштап кеткен эжелериңе окшошсуң. Силердин энеңер – хеттик, атаңар – аморлук.

    16:46 Сенин улуу эжең – сенин сол тарабыңда кыздары менен жашаган Самария, сиңдиң болсо – сенин оң тарабыңда кыздары менен жашаган Содом.

    16:47 Бирок сен алардын жолдору менен да жүргөн жоксуң, алардын жийиркеничтүү иштерин да кылган жоксуң, ал сага аздык кылды: сен өзүңдүн бүт жолдоруңда алардан өтүп бузуктук кылдың.

    16:48 Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир. – Сенин сиңдиң Содом өзү да, анын кыздары да сен кылганды жана сенин кыздарың кылганды кылышкан жок.

    16:49 Сиңдиң Содомдун жана анын кыздарынын мыйзамсыздыгы бул: текебердик, ашыра тоюу жана бекерчилик. Алар кедейлерге жана жакырларга жардам беришкен эмес.

    16:50 Алар текеберденишти, Менин алдымда жийиркеничтүү иштерди кылышты. Муну көрүп, Мен аларды четке кактым.

    16:51 Самария сен кылган күнөөлөрдүн жарымын да кылган жок. Сен өзүңдүн жийиркеничтүү иштериң менен алардан ашып түштүң, ушундай жийиркеничтүү иштерди кылган сага караганда эжең менен сиңдиң адилирүүк болуп чыкты.

    16:52 үми сен да өзүңдүн маскаралыгыңды көтөр, сен өзүңдүн эжең менен сиңдиңди айыптачу элең. Сен өзүңдү күнөөлөрүң менен алардан да артык маскара кылдың, алар сага караганда адилирүүк. Уяттан сен да кызар, эжең менен сиңдиңди актап, өз маскаралыгыңды көтөр.

    16:53 Бирок Мен алардын туткундалып кеткен элин, Содомдун туткундалып кеткен элин жана анын кыздарын, Самариянын туткундалып кеткен элин жана анын кыздарын, алардын арасындагы сенин туткундалып кеткен элиңди кайра алып келем.

    16:54 Ошондо сен өз маскаралыгыңды көтөрөсүң, алардын көңүлүн көтөрүп кылган бардык иштериң үчүн уяласың.

    16:55 Сиңдиң Содом да, анын кыздары да өздөрүнүн мурунку абалына келишет. эжең Самария да, анын кыздары да өздөрүнүн мурунку абалына келишет. Сен да, кыздарың да өзүңөрдүн мурунку абалыңарга келесиңер.

    16:56 Текеберденип жүргөн күндөрүңдө өзүңдүн сиңдиң Содом жөнүндө оозуңа да алган эмессиң.

    16:57 Ошол убакта сенин бузуктугуң Сирия кыздарынан жана аны курчап тургандардан, сени туш тараптан жек көрүү менен карап турган Пелишти кыздарынан маскара болгон убактагыдай ачылган эмес.

    16:58 Сен өзүңдүн бузуктугуң үчүн, жийиркеничтүү нерселериң үчүн азап тартып жатасың”», – дейт Теңир.

    16:59 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Сен кандай кылсаң, Мен сага ошондой кылам. Сен келишимди буздуң, убаданы жек көрдүң.

    Келечектеги бата жөнүндө убада

    16:60 Бирок Мен сенин жаш чагыңда сени менен түзгөн өз келишимимди үстеп, сени менен түзгөн түбөлүк келишимимди калыбына келтирем.

    16:61 үжең менен сиңдиңди кабыл алганда, өзүңдүн жолдоруң жөнүндө үстеп уяласың. Аларды Мен сага кыз кылып берем, бирок сени менен түзгөн келишим боюнча эмес.

    16:62-63 Мен сенин кылгандарыңдын баарын кечиргенимде, үстеп уялышың үчүн, уялганыңдан оозуңду ачпашың үчүн, өзүмдүн сени менен түзгөн келишимимди калыбына келтирем, ошондо сен Менин Теңир экенимди билесиң», – дейт Кудай-Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск