Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ыйык Рухтун түшүүсү

    2:1 үлүэнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту.

    2:2 Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган эйдүн ичин толтурду.

    2:3 Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү.

    2:4 Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты.

    2:5 Ошол убакта Иерусалимде бүт дүйнө жүзүнөн келген динчил жүйүттөр бар эле.

    2:6 Бул добушту уккан адамдар чогулуп, дүрбөлөңгө түшүштү. Анткени шакирттер ошол адамдардын ар биринин тилинде сүйлөп жатышкан эле.

    2:7 Бардыгы айран-таң калып, өз ара мындай деп сүйлөшүп жатышты: «Сүйлөп жаткан бул адамдардын бардыгы галилеялыктар эмеспи?

    2:8 Булар кандайча ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?

    2:9 Биз, парфтыктар, мадайлыктар, эйламдыктар жана Месопотамия, Жүйүт, Кападокия, Понт жана Асия тургундары,

    2:10 Фригия, Памфилия, Мисир жана Киренея тараптагы Ливия аймагынын тургундары, Римден келгендер, жүйүттөр жана прозелиттер,

    2:11 криттиктер жана аравиялыктар, өз тилибизде алардын Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жаткандарын угуп жатабыз».

    2:12 Бардыгы аң-таң болуп, эмне дешерин билбей, бири-биринен: «Бул эмнеси?» – деп сурап жатышты.

    2:13 Ал эми күү бирөөлөрү: «Алар таттуу шарап ичип, мас болуп алышса керек», – деп шылдыңдап жатышты.

    Петирдин сөзү

    2:14 Ошондо он бир элчинин жанында турган Петир үнүн көтөрүңкү чыгарып, аларга мындай деди: «Жүйүт эркектери жана Иерусалим тургундары! Бул жөнүндө силерге айтып берейин, сөзүмө кулак салгыла.

    2:15 Алар, силер ойлоп турганыңардай, мас эмес, себеби азыр күндүзгү үчүнчү саат эле болду.

    2:16 Бул жөнүндө Жоел пайгамбар алдын ала мындай деп айткан:

    2:17 “Акыркы күндөрдө мындай болот, – дейт Кудай, – Мен ар бир адамдын үстүнө өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, жаш балдарыңар көрүнүш, карыяларыңар түш көрүшөт.

    2:18 Ошол күндөрдө Мен кулдарымдын үстүнө да, күңдөрүмдүн үстүнө да өзүмдүн Рухумду төгөм, ошондо алар пайгамбарчылык кылышат.

    2:19 Асманда кереметтерди, жер үстүндө жышаандарды көрсөтөм, алар: кан, от жана түтүн.

    2:20 Теңирдин улуу жана коркунучтуу күнү келердин алдында күн караңгылайт, ай кандын өңэндөй болуп кызарат.

    2:21 Ошондо мындай болот: Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат”.

    2:22 Ысрайыл эркектери! Сөзүмө кулак салгыла: силер назареттик Ыйсаны мыйзамсыздардын колу менен айкаш жыгачка кадап өлтүрдүңөр. Бирок Ал силердин колуңарга Кудайдын чечими жана алдын ала көрө билүүсү боюнча салынып берилген.

    2:23 өзүңөр билесиңер, Кудай Ошол Адам аркылуу силердин араңарда кудуреттүү иштерди, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп, силерге Ал жөнүндө күбөлөндүргөн эле.

    2:24 Бирок Кудай Аны өлүм кишенинен бошотуп, тирилтти, анткени өлүм Аны кармап тура алган жок.

    2:25 Дөөт Ал жөнүндө мындай деп айткан: “Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, анткени Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.

    2:26 Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, шаттанып сүйлөйм, атүгүл, денем да эмүт менен тынчтанат,

    2:27 анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, өзүңдүн ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.

    2:28 Сен мага өмүр жолун таанытып билдирдиң. Сен мени өзүңдүн алдыңда кубанычка бөлөйсүң”.

    2:29 Агайын-туугандар! Силерге түпкү атабыз Дөөт тууралуу тайманбастык менен айтууга уруксат бергиле. Ал өлдү, көргө коюлду, анын мүрзөсү азыр да бар.

    2:30 Ал пайгамбар болгондуктан жана Кудайдын “Сенин тукумуңдан Машайак чыгат, Аны сенин тагыңа отургузам” деген убадасын билгендиктен,

    2:31 Машайактын кайра тирилери жөнүндө: “Анын жаны өлгөндөр жаткан жайда калтырылган жок, Анын денеси чириген жок”, – деп, алдын ала айткан.

    2:32 Ошол Ыйсаны Кудай тирилтти, ага биз баарыбыз күбөбүз.

    2:33 Ал Кудайдын оң колу менен асманга көтөрүлүп, Атасы убада кылган Ыйык Рухту алды да, үстүбүзгө төктү. Азыр силер ошону угуп-көрүп турасыңар.

    2:34 Дөөт асманга көтөрүлгөн эмес, бирок ал мындай дейт: “Теңир менин Теңириме:

    2:35 "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур", – деди”.

    2:36 Ошондуктан, бүт Ысрайыл эли, так билип алгын: силер айкаш жыгачка кадаган ошол Ыйсаны Кудай өзү Теңир жана Машайак кылды».

    Биринчи Жыйын

    2:37 Муну угушканда, алардын жүрөгүнө канжар сайылгандай болду. Ошондо алар Петирден жана башка элчилерден: «Агайын-туугандар! эми биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

    2:38 Петир аларга: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат.

    2:39 Анткени Кудайдын убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана алыстагылардын бардыгына, Кудай-Теңирибиз чакырган ар бир адамга тиешелүү», – деп жооп берди.

    2:40 Ал мындан башка дагы көп сөздөр менен күбөлөндүрдү да: «Бул бузулган муундан сактангыла», – деп насаат айтты.

    2:41 Ошондо анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлдүрүлүштү. Ошол күнү аларга үч миңге жакын киши кошулду.

    2:42 Алар элчилердин насааттарын угушчу, бири-бири менен баарлашышчу, нан сындырышчу жана сыйынышчу.

    2:43 Ар бир адамда коркунуч бар эле, Иерусалимде элчилер көптөгөн кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жатышты.

    2:44 Ыйсага ишенгендердин баары чогуу болушчу, бардык нерселерин ортого коюшчу.

    2:45 Бардык мүлктөрү менен жеке менчиктерин сатышып, (акчасын) бардыгына, ар биринин муктаждыгына жараша бөлүп беришчү.

    2:46 Күн сайын ийбадатканада чогуу болушчу, үйлөрдө нан сындырып, кубаныч менен, таза жүрөк менен тамактанышчу,

    2:47 Кудайды даңкташчу. Бүт эл аларга жакшы мамиле кылчу. Теңир болсо Жыйынга куткарылгандарды күн сайын кошуп жатты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск